DataLife Engine > Жалал-Абад жаңылыктары > Элет көйгөйү: Аксыда арыктагы сууну малдан талашып ичкен капчыгайлыктардын арманы

Элет көйгөйү: Аксыда арыктагы сууну малдан талашып ичкен капчыгайлыктардын арманы

Аксы районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагынын Капчыгай айылында бир да жолу суу түтүктөр тартылган эмес. Тээ айыл пайда болгон жылдан бери эле мал-жандыгы да, эл өздөрү да айылдагы жалгыз арыктан суу ичишет. Аймактык кабарчы элеттиктердин үнүн угуп келди.

Тээ тоо түбүндө жайгашкан Капчыгай айылы район борборунан өтө деле алыс эмес. 40-50 мүнөткө жетпей, район борборуна барып калышат.

Айылда калктын саны 1,5 миңден ашты. Жыл сайын элдин, мал-жандыктардын саны да артып бараткандыктан айылдагы жалгыз арыктын суусу да ойлонто баштады.

Аталган айылдын тургуну Абибила Момунов айылдагы арыктын үйүнө жакын бөлүгүн күн сайын эки ирет тазалап турат. Бул жумуш ал үчүн адатка айланып калган.

«Айылда мал-жан көбөйгөн. Эртең менен, кечинде мал айдаганга чейин колумдагы күрөк менен суу жээктерин тазалай кетем. Жок дегенде көз көргөн жерлер таза турсунчу дейсиң да. Ушул кичинекей арыктын суусунан мал да, биз да ичебиз. Мурда калк саны, мал-жандыктар да аз болгондуктан, суу көп деле булганчу эмес. Азыр мал-жандык өткөн мезгилде суу булганып калат.

Башка айылдарда өнүгүү бар. Таза суу көйгөйлөрү чечилип калды. Биз да малдар менен кошо бир арыктын суусун талашып ичпей, эл катары таза суу ичсек дейбиз. Ансыз деле айыл жашоочуларынын көпчүлүгү сарык оорусу менен ооруп чыгышкан. Муну биз арыктын кир суусун ичкенибизден болсо керек деп эле айтабыз», - дейт ал.

Айыл жашоочулары да таза суу көйгөйү орчундуу экенин белгилешет. Айылдагы жалгыз арыкка келген суунун башы тээ тоо түбүндөгү жер алдынан чыккан булактарга такалат. Тактап айтканда, 4-5 булактан чыккан суу айылга келет. Элеттиктердин айтымында, 1936-жылы булак суусун жөнгө салып туруу үчүн ашар ыкмасы менен суу топтоочу жай курулган. Деген менен андагы жай кароосуз калгандыктан сазга толуп, чөп өсүп кеткен. Айланасы да тосулбагандыктан мал-жандык ошол жерден суу ичет. Айылга тараган дал ошол жайдагы суу да булганат. Ошентсе да андагы сууну эл ичүүгө мажбур. Жайдын күндөрү түнкүсүн суу топтоочу жайда суу токтотулуп, эртең мененки саат 06:00дө кое берилет.


 

«Шаарларда суу топтоочу жайда хлор себилип, тазаланат экен. Биз өмүрү хлор дегенди көрбөдүк. Бийликтен жок дегенде айыл башынан суу сүтүк менен тартып бергиле деп деле суранып келе жатабыз, пайда жок», - дешет тургундар.

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен алынган маалыматка караганда, айылга суу топтолуучу жайды тазалоо үчүн 130 миң сом каражат бөлүнгөн. Быйыл эл айтып жаткан суу топтоочу жайы тазаланып, айланасы тосмолонот. Бул үчүн тендер жарыяланган. Ал эми калкты таза суу менен камсыздоо багытында долбоор жазылып жатат.

Жерге-Тал айыл өкмөтүндө 5500дөй адам жашайт.


https://jalal-abad.turmush.kg/news:445524
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад