DataLife Engine > Жалал-Абад жаңылыктары > Кыргыз-өзбек чек арасында ок тийген кыргызстандык жарандын үй-бүлөсү камкордукка алынууда

Кыргыз-өзбек чек арасында ок тийген кыргызстандык жарандын үй-бүлөсү камкордукка алынууда

Кыргыз-өзбек чек арасында ок тийген кыргызстандык жарандын үй-бүлөсү камкордукка алынуудаКыргыз-өзбек чек арасында ок тийген кыргызстандык жарандын үй-бүлөсү Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтү тарабынан камкордукка алынууда. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Камчыбек Исраилов билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандагы ооруканада жаткан жаран азырынча чыгарыла элек.

«Өзбекстанда ооруканада жаткан Кыргызстандын жараны азырынча кайтарыла элек. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан сырткары, ал койчунун үй-бүлөсү айыл өкмөт жетекчилиги тарабынан камкордукка алынып, күн сайын кабар алынууда. Койчунун 4 уулу бар», - деди ал.
Буга чейин маалымдалгандай, 27-январда Ала-Бука районунун Көк-Серек айылынын 1979-жылы туулган А.У., кой кайтарып жүрүп, кыргыз-өзбек чек арасында октон жараат алып, Наманган облусундагы ооруканага жаткырылган.

«Ала-Бука районунун Көк-Серек айылынын 39 жаштагы тургуну кой кайтарып жүрүп, чек арадан өтүп кеткен. Ал жаран чек арачылардын токто дегенине карабай, качкандыгы үчүн ок чыгарышкан деп айтып жатат. Учурда ок тийген жараныбыз Өзбекстандын Чуст районунда ооруканада жатат. Ал жаранды чыгаруу аракети көрүлүүдө», - деп билдирген районунун акими Сонунбек Акбаралиев.

http://jalal-abad.turmush.kg/news:339422/?from=kg_turmush&place=newstoplast

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад