Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:15
Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
02:14
Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону аталып, 2 «Нива» уткан: Жылына 4 млн сом тапкан өзгөндүк фермер
12:23
Бишкекте бет маңдай кагышкан Lexus менен Toyota. Видео
15:26
«Мага жайды чогуу казгыла»: Келинчегин, андан кийин өзүн өлтүргөн адамдын акыркы көз ирмемдери.
10:37
Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин машина 20 метрге ыргыта сүзүп, ал каза болду
13:48
Бишкек: жолдун боюн каптаган кызыл жалын менен кара түтүн. Өрттүн видеосу
12:45
Бишкектин Свердлов районунда жаңы эки көпүрө курулат
12:04
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү
15:58
Айып каттар качан кыргыз тилинде жазыла баштайт? Саркуловдун жообу
15:56
Бишкектин чок ортосунда мушташып кеткен айдоочулардын ким экендиги анык болду
15:55
Дүйнө чемпиону Баха Москвада жүк ташып иштейт... Кыргыз мушкеринин жашоосу
15:53
Каныбек Иманалиев: 8-мартта мыйзам эмес, нарк бузулду
10:59
Бишкектеги маршруткалардын теңине камера коюлду
14:31
Бишкектин түндүк тарабында үй өрттөнүп жатат
12:37
ӨКМ: Бишкектеги турак үйдө чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү
11:26
Бишкектеги имамдар ишембиликке чыкмай болду
11:25
Куралды көп саткан мамлекеттер аталды. Тизме
11:24
Финансы министрлигинде бош орун бар. Иштейм дегендерге талаптар
12:56
Ок чыгарып, 315 миң долларын алып кеткен. Унаа милиционерден уурдалган
12:48
Эреже бузуу кодекси боюнча биринчи өкүм чыгып, пенсионерди соттошту
12:15
Сулайманов: мамлекеттик резиденцияда чөөлөр улуп жүрөт
15:34
Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала никесиз төрөлөт
15:31
Кыргызстандын Япония, Афганистан жана Бельгиядагы элчилери дайындалды
15:21
Бишкекте жеңил автоунааны артынан кууган инспекторлордун видеосу
22:00
ОГПИде “QUIZ” оюну болуп өттү
21:58
Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү
15:39
Бишкекте жол тилкесин бөлүп турган кош сызык экиден түшүп калган. Түшүндүрмө
14:44
Абылгазиев: кооз сүйлөгөндү жактырбайм, иштейли
15:10
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу
14:58
Нарында малга кол салган карышкырды кууп жүрүп атып салышты. Видео
14:46
Чыныгы шөкүлө кандай болорун билчү белеңиз? Уздар жасап чыгышты
14:36
Кара-Кулжадагы үрөй учурган жол кырсык видеого түшүп калган
14:15
Кыргызстандын кайсы облусунда калориялуу тамактар көп желери айтылды
14:05
Кыргызстанда калпак жумалыгы башталды
18:17
Өзгөндөгү соода жайлардын тротуарга чыгып кеткендери алынды
18:12
Оштогу балдар ооруканасына жабдыктар келет
10:57
Режеп Тайып Эрдоган 65 жашка чыкты
10:25
Бишкекте кырсыктаган стилист Мамбеткалиева 9 күн комада жатып каза тапты
10:21
Бишкектеги көчөнүн жээктери иретке келтирилип, жазга даярдык жүрүүдө
11:09
Милицияга кара куурай саткан киши кармалды. Сүрөт
11:53
Бишкекте жеңил унаа жөө адамды учура сүзгөн видео
11:41
Бишкекте туризм тармагына арналган жаштар форуму өтөт
13:41
Назарбаевдин сынына кабылган казак өкмөтү отставкага кетти
13:39
Баасы төмөндөбөгөн жолтандабастардын тизмеси жарыяланды
13:38
Тайванда төшүн чоңойтуудан баш тарткан келинди күйөөсү өлтүрүп салды
Бардык кабарлар

ЖАН ДҮЙНӨ МЕНЕН СЫРДАШУУ...

Поэзия
564
0

Поэзия-жан дүйнөнүн жарчысы. Сезимдериңе бүлүк салынып, кайгырып, кубанып, жашоого ырахаттанып жаткан чакта сенин абалыңды поэзия түшүнүп, жардамга келет. Ыр жазган адам айланага суктануу менен карап, ар бир нерсеге терең маани бере алат. Анан да ыр жазууга үндөгөн аруу нерселердин алгачкысы бул махабат. Махабат поэзиянын башкы каарманы десек да болот. Төмөндө болсо жаштардын жан дүйнөсүнөн суурулуп чыккан бурганактуу ырларын поэзия сүйүүчүлөрүнө тартуулайбыз! 

ЖАН ДҮЙНӨ МЕНЕН СЫРДАШУУ...

 

 

               "ИЗДЕЙМ"

 

Үч уктасам түшүмө кирбегениң,

Издейм бирок, эмне ал издегеним.

Ойсуз калган дүйнөмдү ойлондурган,

Он бешимде мындайды билбегенмин.

 

 

Көрбөйм бирок ах жыттуу атыр сунат,

Карап таппайм бул кандай акыл сынат.

Бар турпатты багынтып алуучудай,

Кандай нерсе ал өзү баатырсынат.

 

 

Издейм кечке чеги жок карап жолду,

Издеп көрдүм ырлардан барак толду.

Эртеден кеч көөдөндү былчылдатып,

Эзүү берип тугөнбөс азап болду.

   *****************************

"ЫРЛАРЫМДЫН КААРМАНЫ"

 

Ыр дүйнөдөн жөнөткөн энчим менин,

Ыр дүйнөдө түгөнбөс кенчим менин.

Ыргалткан да музамды жыргаткан да,

Ырларымдын каарманы сенсиң менин.

 

Сүрөттөөгө өзүңдү чамам жетпей,

Чумкубастан калкыймда бопбош пөктөй.

Сап сап кылып күлкүңдү жазганымда,

Токтоп, токтоп калчуудай калем жетпей.

 

 

 

 

Каштарыңда чийилген осмо сыяк,

Балбылдаган көздөрүң жаңган чырак.

Ого бетер оолукма сезимдерди,

Күчүрөтүп кубаттап жандандырат.

 

 

Аска зоосуң асмансың түздүк сенсиң,

Ырларымды түптөгөн түндүк сенсиң.

Жакшы ырга жол берип тоңдурмадай,

Чиймелеген муузамды күздүк сенсиң.

 

 

Суранамын кечтирбе арман отун,

Ашыктырып сүйүүнүн кармат отун.

Жаша дагы жашай бер жаңыланып,

Ырларымдын каарманы жаңган отум.

 

Мыктыбек РЫСМАМАТОВ, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти:

 

Даярдаган; Роза Матмусаева,"Взгляд"

 

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно