Газета «Взгляд» принимает блочные, строчные объявления о покупке и продаже движимого и недвижимого имущества, и о покупке и продаже автомобилей. Объявления о вакантных должностях, о поиске работы, квартиры и др. Наш адрес: г. Жалалабат, ул. Шопокова 4.(пересечение ул.Чехова) Тел.: (03722) 7-34-84

ЖАН ДҮЙНӨ МЕНЕН СЫРДАШУУ

 ЖАН ДҮЙНӨ МЕНЕН СЫРДАШУУ
 
Поэзия-жан дүйнөнүн жарчысы. Сезимдериңе бүлүк салынып, кайгырып, кубанып, жашоого ырахаттанып жаткан чакта сенин абалыңды поэзия түшүнүп, жардамга келет. Ыр жазган адам айланага суктануу менен карап, ар бир нерсеге терең маани бере алат. Анан да ыр жазууга үндөгөн аруу нерселердин алгачкысы бул махабат. Махабат поэзиянын башкы каарманы десек да болот. Төмөндө болсо жаштардын жан дүйнөсүнөн суурулуп чыккан бурганактуу ырларын поэзия сүйүүчүлөрүнө тартуулайбыз! Бүгүнкү каарманыбыз Уланбек Жээналиев

Уланбек Жээналиев 14.09.1978 жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Актерек айылында жарык дүйнөгө келген. Бактылуу жолдош жана бактылуу ата. Сүйүктүү жубайы менен бирге төрт баланы тарбиялап, эрезеге жеткиришүүдө. Учурда Казахстандын Алма-Ата шаарында эмгектенип жатат.


 ***     ***

Сенсиз муздак бул жашоодо жылуулук,
Сенсиз көрксүз бул дүйнөдө сулуулук.
Өзүң менен жашоом жарык, кумарлуу,
Сенсиз сезим жүрөт бүркөө.. буулугуп.

Сенсиз жашоом, араң күйгөн чырактай,
Сенсиз өмүр.. токтоп калган булактай.
Сен бар үчүн, күлүмсүрөйт ар бир күн..
Сенсиз жетпейм, жакындыка.. узактай.

Сенин демиң жан дүйнөмдү балкытат,
Сени сүйсөм.. эриниңден бал жыттап.
Сени менен өткөн жашоом сыйкырдуу
Сенсиз билсең өмүр мага суп-суп-сак.

Сенин колуң кармап менин колдорум,
Сен бар үчүн.. ачык менин жолдорум.
Сени менен.. билсең ысыйт кучагым,
Сенсиз сезем, дүйнөм үшүп, тоңгонун.

Сенсиз жазым жашыл туруп сапсары,
Сенсиз кыштын көркү эместей ак кары.
Сен бар үчүн мезгил көрктүү көрүнөт,
Сени менен гүлдөйт сезим шактары.

Сенсиз мүмкүн бүтпөй калаар тилектер,
Сен да мени, мендей сүйүп, тилеп көр!

 

 

***   ***

Түн уйкум качырат бир табышмактар
Акылым.. жүрөк менен калыпташпай
Түшүнбөйм.. издеп жүрөм себептерин
Оюмду таш жолдорго салып таштап!

Чечмелейм кем-ашыгын, өткөндөрүм
Негедир так жообун таап бөскөрбөдүм
Санаада күн кечирип, таңды атырам..
Сезбедим не муздадым.. өрттөнгөнүм!

Акмалап чар тарабым.. туман баскан
Кадамым максат менен улам таштап
Баратам агып.. ар түр жолдор менен..
Жалганды дыкат карап.. ынанбастан.

Кантсем да бир купуя ээлеп дүйнөм..
Сыбызгып кетпей жүрөт жүрөгүмдөн
Эмнеге менден мынча жашырындың?
Көрүнбөй көп сыр болуп түнөгүмдөн!

Бүгүнкүң кызык кылып кечээгиңден..
Жүрө тур, бир күн сага жетээрмин мен!

 

 

Уланбек Жээналиев, Өзгөн району.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
  • 0
Добавлено: 25-07-2017, 15:17
0
508

Похожие публикации


© Copyright 2016 – Рекламно-информационный вестник «ВЗГЛЯД». Все права защищены.
Наверх