Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:15
Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
02:14
Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону аталып, 2 «Нива» уткан: Жылына 4 млн сом тапкан өзгөндүк фермер
12:23
Бишкекте бет маңдай кагышкан Lexus менен Toyota. Видео
15:26
«Мага жайды чогуу казгыла»: Келинчегин, андан кийин өзүн өлтүргөн адамдын акыркы көз ирмемдери.
10:37
Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин машина 20 метрге ыргыта сүзүп, ал каза болду
13:48
Бишкек: жолдун боюн каптаган кызыл жалын менен кара түтүн. Өрттүн видеосу
12:45
Бишкектин Свердлов районунда жаңы эки көпүрө курулат
12:04
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү
15:58
Айып каттар качан кыргыз тилинде жазыла баштайт? Саркуловдун жообу
15:56
Бишкектин чок ортосунда мушташып кеткен айдоочулардын ким экендиги анык болду
15:55
Дүйнө чемпиону Баха Москвада жүк ташып иштейт... Кыргыз мушкеринин жашоосу
15:53
Каныбек Иманалиев: 8-мартта мыйзам эмес, нарк бузулду
10:59
Бишкектеги маршруткалардын теңине камера коюлду
14:31
Бишкектин түндүк тарабында үй өрттөнүп жатат
12:37
ӨКМ: Бишкектеги турак үйдө чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү
11:26
Бишкектеги имамдар ишембиликке чыкмай болду
11:25
Куралды көп саткан мамлекеттер аталды. Тизме
11:24
Финансы министрлигинде бош орун бар. Иштейм дегендерге талаптар
12:56
Ок чыгарып, 315 миң долларын алып кеткен. Унаа милиционерден уурдалган
12:48
Эреже бузуу кодекси боюнча биринчи өкүм чыгып, пенсионерди соттошту
12:15
Сулайманов: мамлекеттик резиденцияда чөөлөр улуп жүрөт
15:34
Кыргызстанда ар бир төртүнчү бала никесиз төрөлөт
15:31
Кыргызстандын Япония, Афганистан жана Бельгиядагы элчилери дайындалды
15:21
Бишкекте жеңил автоунааны артынан кууган инспекторлордун видеосу
22:00
ОГПИде “QUIZ” оюну болуп өттү
21:58
Ошто 40 жаштан жогорку аялдар ортосунда волейбол мелдеши болуп өттү
15:39
Бишкекте жол тилкесин бөлүп турган кош сызык экиден түшүп калган. Түшүндүрмө
14:44
Абылгазиев: кооз сүйлөгөндү жактырбайм, иштейли
15:10
Атам бөйрөгүн берди, баары жакшы. Бишкекте органын алмаштырган жигиттин видеосу
14:58
Нарында малга кол салган карышкырды кууп жүрүп атып салышты. Видео
14:46
Чыныгы шөкүлө кандай болорун билчү белеңиз? Уздар жасап чыгышты
14:36
Кара-Кулжадагы үрөй учурган жол кырсык видеого түшүп калган
14:15
Кыргызстандын кайсы облусунда калориялуу тамактар көп желери айтылды
14:05
Кыргызстанда калпак жумалыгы башталды
18:17
Өзгөндөгү соода жайлардын тротуарга чыгып кеткендери алынды
18:12
Оштогу балдар ооруканасына жабдыктар келет
10:57
Режеп Тайып Эрдоган 65 жашка чыкты
10:25
Бишкекте кырсыктаган стилист Мамбеткалиева 9 күн комада жатып каза тапты
10:21
Бишкектеги көчөнүн жээктери иретке келтирилип, жазга даярдык жүрүүдө
11:09
Милицияга кара куурай саткан киши кармалды. Сүрөт
11:53
Бишкекте жеңил унаа жөө адамды учура сүзгөн видео
11:41
Бишкекте туризм тармагына арналган жаштар форуму өтөт
13:41
Назарбаевдин сынына кабылган казак өкмөтү отставкага кетти
13:39
Баасы төмөндөбөгөн жолтандабастардын тизмеси жарыяланды
13:38
Тайванда төшүн чоңойтуудан баш тарткан келинди күйөөсү өлтүрүп салды
Бардык кабарлар

МАГА АЗЫР МЕНДЕН КҮЧТҮҮ БИР СӨЗ КЕРЕК

Поэзия
1 145
0

МАГА АЗЫР  МЕНДЕН КҮЧТҮҮ  БИР СӨЗ КЕРЕК* * *
Мен айтпаган сөздөрүмөн тумчуксам -
Күз - күздүгүн кылсын, сен да унчукпа,
Күлгөнүңдү билбейм, бирок жүз эсе -
Кайдыгерлик жарашаарын унутпа...

Аз күн калды, күз да келет - күз бүтөт,
Күзгү шамал, күзгү жамгыр түгөнөт,
Карды дагы эрите албай колдорум -
Сенден, кыштан - муздактыкты үйрөнөт...

* * *
 

Кетсем - келем, кайра кайтып оюман, 
Жакындардан - мен жакынмын - алыскы,
Билем күндө эстээриңди кокустан -
Аяп, сактап - көздөн, сөздөн атымды...

Өчпөй күйөм - жарыгымды тийгизбей,
Айтсам жетпей - кайып болгон сөздөр көп,
Менде баары жакшы экенин калп айтат -
Мен эле эмес - мен жылмайган сүрөттөр...

 

* * *
Аягансыйм биринчи ирээт өзүмдү -
Жамгырлуу күн - бүгүнкүсү үчүнчү,
Жамгыр төксө, мен төгүлбөй буулугам,
Күздөн кабар эрте келген үчүндүр?...

Кайра-кайра өзүмдү - өзүм жашырам,
Кайра дагы жылмаюума жашынам,
Күчтүү деле болгум келбейт, анчалык,
Каалайсыңбы, айланайын тамчыга?...

* * *
Аны сүйүү - күнгө канат куйкалоо;
Сүйбөй коюу - чөлдө суудан баш тартуу,
Көрбөй дагы, укпай дагы башканы -
Аны сүйүү - табуу, кайра адашуу...

Алдабайт да, аябайт да - кайдыгер,
Сүйүп бүткөн үчүн - өзүн түгөтүп,
Аны сүйүү - кыл көпүрө, оттуу жол;
Аны сүйүү - так калтыруу - жүрөккө...

Аны сүйүү - акылсыздык же эрдик;
Ал эркин куш, колго үйрөнүп көнбөгөн,
Сүйүү бар деп ишендире айтат да -
Сүйүү жок деп - жашаганга үйрөтөт...

* * *
...Чектөөдөн - көрүнбөгөн дубал куруп,
Кынаптап өзүм тизип ташын койгом,
Сыртында калыпсың сен - ичинде мен,
Бул дубал азыр мага - түрмө бойдон...

Мага азыр - аптап ачуу, аба жетпейт,
Кандай сөз айтсам дагы - ал мен эмес!
Эсиме келтире алган жайкы жаандай,
Мага азыр - менден күчтүү - бир сөз керек...

Автор: Гүлзира АМАТЖАНОВА (Боз Торгой)
скачать dle 11.0фильмы бесплатно