Буга чейин да китепканаларда, ЖОЖ, мектептерде акындын 100 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өтүп келген
Акын-сатирик, драматург жана котормочу Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгы улуттук филармонияда салтанаттуу белгилене турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Ага ылайык, иш-чара бүгүн, 6-декабрь күнү, филармониянын чоң залында саат 14.00дө өтмөкчү.
"Салтанатка Жогорку Кеңеш депутаттары, президенттик аппараттын өкүлдөрү, акын-жазуучулар, чыгармачыл интеллигенция, акындын тууган-туушкандары, студенттер жана поэзия күйөрмандары келет", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Мидин Алыбаев 1917-жылы Нарындын Жумгал районуна караштуу Чаек айылында туулган. 1937-жылы анын "Бактылуу жаштык" деп аталган биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн.
Алыбаевдин "Маяковскийге поэзиялык отчет" публицистикалык поэмасы, "Курорттогу окуя", "Жантектин керээзи" аттуу пьесалары белгилүү болгон. Сатирик катары ал "Ак чүч" "Балтек жөнүндө баян", "Кызматтан түшкөн короз", "Карга менен сагызган", "Бак жана жылан", "Түлкү менен кашкулак" сыяктуу бир топ тамсилдерди жаратып, өтө көйгөйлүү темаларды сатиралык маанайда терең ачып берген.
Буга чейин да китепканаларда, ЖОЖ, мектептерде акындын 100 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өтүп келген.
Дагы: https://sputnik.kg/culture/20171206/1036682893/midin-alybaevdin-100-zhyldygy-belgilenet.html