DataLife Engine > Поэзия > Алыкул Осмоновдун ырлары

Алыкул Осмоновдун ырлары

Алыкул Осмоновдун ырларыМЕН АЙЫЛГА КЕЛГЕНДЕ

Айылда күндөр узак, күндөр узак,
Негедир зериктирет мезгил өтпөй,
Себеби, дем алуу кез... бекерчилик,
Бирок да турмуш кызык көңүл чөкпөй.

Аткан таң, баткан күнү билинбеген
Кандайча Фрунзеде күндөр күлүк?!
Ойлосом: он саатча сезбептирмин,
Окууда он жыл окуп, он жыл жүрүп.
10/XI. 1946, Чолпон-Ата.

 

 

 

КЕЧИРЕГӨР

Окуу - намыс, окуу - көркү адамдын,
Окуу баркы окумуштуу замандын.
Он жылдыкты эң жакшыга, бүтүрүп,
Олжосуна «Алтын медаль» алгандын, -
Оюн коюп, кече жасап урматтап,
Бий бийлеген жыйынына барбадым,
Колун кысуу милдет эле кантейин,
Кечирегөр, кечирегөр каралдым.
10/XI 1946, Чолпон-Ата.

 

 

 

АЙЧҮРӨКТҮН АКШУМКАР

Арпанын кара тоосунда
Акшумкар жаткан уя бар,
Бар экени чын экен
Барып көрдүм бир сапар.

Семетей кушун качырып,
Айчүрөк кармап алган дейт.
Ошол шумкар бул күнгө
Өлбөс болуп калган дейт.

Элдин сөзү чын экен,
Акшумкардай замана
Аппак канат самолёт
Айланып жүрөт асманда.

Аны айдаган ким десең
Айчүрөктүн балдары.
Самолёт биздин акшумкар,
Социализм заманы.
12/XI 1946, Чолпон-Ата.


 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад