Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:56
Жээнбеков быйыл балдарга эмне себептен өзгөчө көңүл буруларын түшүндүрдү
14:25
Сот паспорт чыры боюнча Мамкаттоонун кызматкерлерине өкүм чыгарды
14:23
Апрель революциясы тууралуу ролик тартууга сынак жарыяланды. Шарт-талабы
11:40
Өзбекстан жаратылыш газын экспорттобой калышы мүмкүн.
12:57
Бишкекте окуучулардын коопсуздугу үчүн мобилдик колдонмо иштелип чыкты
12:53
Бишкекте эки жол тандабас кагышып кеткен кырсыктын видеосу
12:49
Жээнбеков "Казакты" бошоткон судья Айнура Сулайманованы кызматтан кетирди
12:42
Өзгөндүн Прогресс айылына жеке ишкер бала бакча куруп берди.
10:10
Президент Жээнбековго бир жылда 15 миңден ашуун киши кайрылган
09:54
Кыргыз-казак чек арасында 140тан ашык жүк ташуучу унаа топтолду
09:29
Кош бойлуу аялын таштап кеткен. РФ акыйкатчысы эгиз кыздуу болгон энеге жардам берди
09:22
Юлдуз Усманованын ордуна ырдаган эркек. Чуулуу концерттеги
09:11
Жол чырак жасап баштайт. Мэрия быйыл Бишкекте болчу өзгөрүүлөр тууралуу айтты
12:59
Жээнбеков: мыйзамсыз берилип кеткен парктын жерлери мамлекетке кайтарылат
12:22
Абылгазиев чек араны кайтарууну күчөтүүнү тапшырды
11:03
Көп кабаттуу үйдө дубалдын кыры менен чуркаган наристенин жүрөк титиреткен
10:47
Адвокат: Атамбаев жолун тосконуна карабай сот залынан чыгып кетти
16:57
Каракол: чогуу жашаган аялын өрттөөгө шектелген эркек кармалды
14:59
УКМК: Солтон-Сарыдан алтын уурдаган канал аныкталып, шектүүлөр колго түштү
14:18
Кыргызстандын кайсы жеринде жашагандар насыяны көп алат. Статистика
11:21
Жээнбеков православдарды Рождество майрамы менен куттуктады
11:14
Бишкекте үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон келин изделүүдө.
11:06
"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда.
10:49
Министрлик: жогорку окуу жайларга болгон талап катуулайт
10:46
Садыр Жапаров абактан азыр чыкпайт. ЖАМК себебин түшүндүрдү
10:43
"Ак-Жол" өткөрүү жайынын курулушу январдын аягында башталат
10:35
Абдыгулов Улуттук банк былтыр канча киреше тапканын айтты
15:14
Таластагы Үрмарал суусуна көпүрө курууга Япония 16,4 млн. доллар берет
15:08
Учагы кулаган Bek Air компаниясынын башчысы: пилотторго тийбей, мени камагыла!
12:42
Шавкат Мирзиёев абройлуу эл аралык сыйлыкка татыды
12:36
Эскертебиз! Австрияга виза Бишкектен да бериле баштады
11:51
Казакстанда машинага баллон байлап муз тепкен балдарды унаа тебелеп кетти
11:48
Өкмөт аппаратынын кызматкери Скобеев тергөө абагынан чыкты
11:37
Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов камактан чыкты.
16:36
"Электрондук нотариат" системасы тесттик негизде иштеп баштады
15:19
16 миң евро салынган рюкзакты ээсине кайтарып берген жолоочу. Германиядагы окуя
15:05
Талибдер Тажикстандын чек арасындагы аймакка кол салып, 17 киши каза тапты
15:04
Юристанбек Шыгаевден 20 миң доллар талап кылган УКМК кызматкерине өкүм чыкты
15:01
Элесиңер, эмгегиңер эсте! Шум ажал алып тынган атактуулар
15:11
Сүйлөшүлгөн иш. Текебаев "Ата Мекендин" айланасындагы чуу боюнча үн катты
14:43
Учак каргашасы: алматылыктарды кан берүүгө чакырык жасалды
13:44
Соңку үч жылда канча паспорт берилип, канчасы жоголгон? Каттоо кызматынын жообу
13:43
Жээнбеков: мага президенттик бир эле мөөнөт жетишет
10:42
Жээнбеков музейде жылаңачтанган аялдар туурасында айтты
10:10
Бишкекте Кытайдын 70 жылдыгына карата конференция өтөт
Бардык кабарлар

Өзүн, жубайын, кыз-күйөөсүн алып тынган кырсык. Иса Ахунбаев тууралуу 8 факты

Коопсуздук
16
0

Анын күтүүсүз жерден автокырсыкка кабылып, үй-бүлөсү менен каза тапканы көпчүлүктүн каңырыгын түтөттү.

Мындай каргашалуу окуя хирургду "улутчул" деп күнөөлөө күчүндө турган кезинде болгондуктан күмөндүү ойлорду жараткан. Журналист Гүлдана Талантбекова улуу инсан тууралуу кызыктуу сегиз фактыны сунуштайт.

Кытайга үркүп барган. Ахунбаев Иса Коноевич 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында жарык дүйнөгө келген. 1916-жылдагы Үркүндө ата-энеси менен Кытайга качып, башынан далай оор күндөрдү өткөргөн. Ысык-Көлгө 15 жашында кайтып келгенден кийин партага отурган. Мектепте окуу үчүн 20 чакырым алыстыкты жөө басып, Тору-Айгырдан Балыкчы шаарына келип турган. Ал эле эмес, 1925-жылы куржунун артынып алып Балыкчыдан Бишкекке жөө келет.

 

7 жылдан кийинки ректорлук. 1930-жылы Медициналык технукумду бүткөндөн кийин Ташкенттеги Орто Азия университетине тапшырган. 1936-жылы Фрунзе шаардык бейтапканасынын хирургия бөлүмүнө жумушка орношкон. 1941-жылы сентябрда Ахунбаев Кыргыз мамлекеттик медициналык институтта иштей баштаган. Алгач хирургия кафедрасында ассистент, андан соң доцент, кийин кафедранын жетекчилигине чейин көтөрүлгөн. Жети жылдан кийин Ахунбаев институттун ректору жана профессору болгон. 

Известный хирург Иса Ахунбаев с детьми и внуками
© ФОТО / ИЗ СЕМЕЙНОГО АРХИВА АХУНБАЕВЫХ
Гениалдуу хирург Иса Ахунбаев жубайы менен беш баланы тарбиялашкан

Жүрөккө биринчи жолу операция жасаган! 1959-жылы Ахунбаев Орто Азияда алгачкы жолу жүрөккө операция жасап, тарыхта аты калган. Муну менен кыргыз кардиологдору азыркыга чейин сыймыктанып келет. Ал Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө жана жергиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоң роль ойногон. Илимий изилдөөлөрү негизинен балдардын сокур ичегисине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок жана жүрөк ооруларына арналган. Анын демилгеси менен Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган.

Саясатчы хирург. СССР Жогорку Советинин 2-4 чакырылышынын жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5-6 чакырылышынын депутаты болгон. Дал ушул кызматта турганда алган каражаттын баарын Москвада окуган кыргызстандык студенттерге берчү экен.

 

Ахунбайка эмес Ахунбаев көчөсү. Бишкек шаарынын жана Тору-Айгыр айылынын борбордук көчөлөрүнө, Республикалык госпиталдын хирургия клиникасына атактуу хирургдун ысымы ыйгарылган. 2008-жылы экс-президент Курманбек Бакиевдин Жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына ысымы берилген. 2009-жылы Академиянын алдында эстелиги ачылган.

Өзүнө-өзү операция жасаган деген кеп бар. Иса Ахунбаев менен бирге жүргөндөрдүн айтымында, ал жайлоого эс алганы барып, сокур ичеги болуп калат. Жанында бир да доктур жок болот. Ошондо чабандарга бычактарды кайнаттырып, өзүнө-өзү операция жасаган деген кеп эл арасында айтылып келет. 

Здание Кыргызской государственной медицинской академии. Архивное фото
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
2008-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Иса Ахунбаев ысымы берилген

Доктурлардын династиясы. Жубайы да медицина кызматкери болгон. Беш баланы тарбиялашкан. Улуусу Мустафа Опера жана балет театрынын башкы режиссёру болуп эмгектенген, кызы Нэля менен Медер атасынын жолун уланткан. Неберелери Сталбек — онколог, Алмаз — хирург, Жибек — уролог.

Каргашалуу өлүм. 1975-жылы хирургду "улутчул" деп күнөөлөө күчүндө турган кезинде автокырсыкка кабылып, аны менен чогуу жубайы, кызы жана күйөө баласы көз жумган. Эл арасында бул кырсыкты улуу инсанды өлтүрүү үчүн атайын уюштурулган деп да айтып келишет.

 

Ал кыргыз медицинасы, дегеле медицинадагы киргизген жаңылыктары, ат көтөргүс эмгектери үчүн Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл достугу, "Ардак Белгиси" ордендери жана бир топ медалдар менен сыйланган.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200105/1046688056/khirurg-isa-akhunbaev-tuuraluu-8-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик