Бүгүн:

Акыркы кабарлар

15:59
Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды
15:51
УКМК: Евробиримдик берген грантты жеп койгон деп Жогорку соттун өкүлү камалды
14:29
Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым
14:27
Милиция БШК мүчөлөрүн эмнеге суракка чакырды? ИИМдин жообу
14:26
Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоору биринчи окуудан өттү. Эрежелери
14:25
Зулушевдин Башкы прокурорлукка талапкерлигин ЖК комитети колдоду
14:23
БШК: милиция биздин мүчөлөрдү суракка алып кеткени жатат
14:22
Вице-премьерлерге милдеттер бөлүштүрүлдү. Тизме
17:09
Вице-премьер колго түшкөн Райым Матраимовдун ишине комментарий берди
17:06
Вице-премьер Мамытканов: Кашкар Жунушалиев Кыргызстанда
17:05
Башкы прокуратура: Атамбаев, Шадиев сыяктуулар өлкөгө 13,6 млрд. сом зыян келтирген
17:04
Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди.
17:01
Пирназаров "Унаа" ишканасынын башчылыгынан кетип, ордун Түмөнбаев ээледи
17:00
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
16:58
ЖКга жаңы депутат келди, мурдагысы "Манас" аэропортуна жетекчи болуп кетти
16:18
Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты
14:53
Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды
14:50
Райым Матраимов кармалды
14:38
Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткара тургандыгы айтылды
14:33
Жогорку сот Жапаров, Ташиев жана Мамытовдун ишине чекит койду
14:32
Нариман Түлеев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды
13:59
Нариман Түлеев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды
16:09
Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышар-катышпасын айтты
16:07
Башкы прокуратура кызматка алчуларга сынак жарыялады.
16:07
УКМК: Райым Матраимовдун айланасындагы 40 киши аныкталды
16:05
Мэрия: Мурас-Ордо конушунун инфраструктурасы жакшыртылып жатат
17:36
Текебаев президент менен депутаттарды бир күндө шайлоону сунуштады
17:34
Сооронбай Жээнбеков президенттикти расмий тапшырып кетти
17:32
Тарых өз баасын берет. Сооронбай Жээнбековдун акыркы кайрылуусу
17:31
Канат Исаев эмнеге президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын түшүндүрдү
17:27
Жогорку Кеңештин жыйыны башталып, ага президент Жээнбеков келди
17:00
Президенттин милдети мага өттү! Садыр Жапаровдун эски аянттагы видеосу
16:54
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео
16:51
ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Россиянын элчисин кабыл алды. Эмне талкууланды
16:46
Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келди
16:45
Резиденцияга жакын жерде турган митингчилер Өкмөт үйүн көздөй бет алды.
16:44
Кремль Жээнбековдун кызматтан кетиши боюнча үн катты
16:39
Абакта жаткан Тилек Матраимов үй камагына чыкты
16:38
"Ысык-Көл" мейманканасын карай агылган эл. Асмандан тартылган видео
16:38
Жээнбековдун отставкасын ким кабыл алышы керек? Мыйзам
16:37
Жогорку Кеңеш эртең кезексиз жыйынга чогулмай болду
16:36
Жээнбековдун кеткенин уккан элдин реакциясы. Видео
16:29
Облусту, өкмөттү, өлкөнү башкарып... Жээнбеков акыркы үч жылда кандай өзгөрдү
16:17
Кан төккөн президент болгум келбейт. Жээнбеков кетип жатып эмне деди
16:16
Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти
Бардык кабарлар

Чыныбай Турсунбеков бүгүн 60 жашка толмок. Саясий ишмер тууралуу 10 факты

Коопсуздук / Видео
14
0

Маркум пневмония илдетине чалдыгып, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда көз жумган. Эскерүү иретинде Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Турсунбеков тууралуу 10 факты сунуштайт.

Тоо койнунда төрөлгөн. Чыныбай Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган. Атасы Акун Турсунбеков дыйкан, апасы Умсунай Такырова үй кожойкеси болгон. Ата-энеси 10 баланы тарбиялаган. Турсунбеков үйдүн алтынчы баласы.

Кесиби боюнча журналист. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук университеттин журналистика факультетине тапшырган. Эмгек жолун 1983-жылы "Кыргызстан" басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштөө менен баштаган. Кийинчерээк кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү аяктап, өзү аяктаган университетте окутуучу, ага окутуучу, факультеттин деканынын орун басары болуп эмгектенген.

Депутат Чыныбай Турсунбеков на заседании Жогорку Кенеша. 05 июня 2020 года
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ЖК
Чыныбай Турсунбеков түрк ишкерлеринин арасындагы өнөктөштөрдүн жардамы менен үч жылда ишин жөнгө салып, 1997-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайтып келген.

Ишкерлиги кантип башталган? 1991-жылы Союз тарагандан кийин Билим берүү министрлигинин өкүлү катары Түркияда иштеп калат. Ортодо министр алмашып, Турсунбековдун ордун башка адам ээлеп, бөтөн жердеги жумушунан кол жууйт. Өзүнүн айтымында, кыйын кырдаалга туш болгондо ишкерлик менен алектенүүнү чечет. Түрк ишкерлеринин арасындагы өнөктөштөрдүн жардамы менен үч жылда ишин жөнгө салып, 1997-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайтып келген.

Тилинен көп жаңылган "элита". Азыркы депутаттарды унуттурбай турган 10 факты

Ун бизнеси кантип негизделген? 1994-жылы түрк батондорун жасаган наабайкананы Бишкекте, Чолпон-Атада биринчи болуп ачкан. Кийинчерээк ун чыгаруучу бизнеске өткөн. Андан сырткары, Кыргызстанга ар кандай товарларды алып келип турган. Борбордо эки кафе ачкан. 1997-жылдан 2010-жылга чейин атасынын атынан коюлган "Акун" ЖАКтын башкы директору болгон, учурунда "Бишкек ун комбинаты" ААКнын башкы директору, "Кереге" ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы болгон.

Ыр жазат, чыгармачыл адам. 5-класстан баштап мугалими Шарапат Ибраеванын таасири менен ыр жаза баштаган. Себиби мугалими чыгармачыл инсан болгон. Биринчи ыры "Таңкы шаар" деген ат менен "Кыргызстан пионери" гезитинде жарык көргөн. Алгачкы ырлар жыйнагы 1985-жылы "Жүрөктөгү жаңырык" деген ат менен басылып чыккан. Ал 1989-жылы Абхазиянын Пицунда шаарында өткөн жаш акындардын Бүткүл союздук 14-фестивалынын лауреаты болуп, ошол эле жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.

Бир нече көлөмдүү чыгармаларды которгон. "Манас" эпосу боюнча кыргыз, түрк, англис тилдеринде жарык көргөн көркөм иллюстрациялуу альбомдун түзүүчүсү жана котормочуларынын бири. Орус тилинен Николай Рубцовдун, түрк тилинен Осман Түркайдын айрым ырларын, түрк жазуучусу Нихал Атсыздын "Көк жалдардын өлүмү" романын, ошондой эле "Түрк дүйнөсүнүн адабияты" деген аталыштагы эки томдукту кыргыз тилине которгон.

Саясатка кантип келген? 2007-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турган кезде өлкөдө нан тартыш болуп, өкмөт башчысы абалды билүү үчүн бардык ун чыгаруучуларды чогулткан. Ошондо экөө жакындан таанышкан. 2010-жылы Чыныбай Акунович Атамбаевдин сунушу менен өкмөткө чакырылган.

Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков на заседании
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ЖОГОРКУ КЕНЕША
Чыныбай Турсунбеков Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен саясатка кадам таштап, Жогорку Кеңештин эки чакырылышына депутат, фракция лидери, парламент төрагасы болгон.

Саясий ишмердүүлүгү. Чыныбай Турсунбеков 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2015-жылдын 4-октябрында кайрадан депутат, фракция лидери болгон. 2016-жылдын 27-апрелинде Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалган.

Матвиенко Чыныбай Турсунбековдун туугандарына жана ЖК төрагасына көңүл айтты

Жеке жашоосу. Жубайы Нуржан Тентимишова кесиби боюнча орус тилчи мугалим. Учурда ийгиликтүү ишкер. Жубайлар үч баланын ата-энеси. Улуу кызы Айдай "Акун" фирмасынын башкы директору. Экинчи кызы Бегимай "Акун Ысык-Көл" пансионатынын директору, "Капитал" банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү. Уулу Эржан студент. Үч баласы тең Борбордук Азиядагы Америка университетинен билим алышкан.

Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков с семьей
© ФОТО / ИЗ ЛИЧНОГО АРХИВА ЧЫНЫБАЯ ТУРСУНБЕКОВА
Чыныбай Турсунбеков жубайы Нуржан Тентимишова менен эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн.

Саясатчынын өмүрүн алган пандемия. Дүйнө элинин үшүн алган коронавирус инфекциясы саясатчы Чыныбай Турсунбековду да кыйгап өткөн жок. Ал быйыл 60 жашка караган курагында Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө пневмония дартынан улам каза болду. Чыныбай Акуновичтин үй-бүлөсү бир-эки күндө ал жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылып, палатага которуларын күтүп жаткан. Бирок 6-июлда саясатчынын абалы кескин начарлап, 7-июлда жарык дүйнө менен кош айтышкан. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20201015/1050080133/chynybaj-tursunbek-60-zhash.html
скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик