Үстүбүздөгү жылдын январь айында Өзбек чек арачыларынан бутуна ок жеген Кыргыз жаранынын окуясы боюнча факты иликтенип, бирок аныкталган кылмыш иши сотко өтө элек. Мындай билдирүүнү Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Момуналы Добулбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9-январында Аксы районунун Авлетим айыл аймагына караштуу Дерес айылынын тактала элек Жети-Загара участкасында мал жайып жүргөн Кыргыз жарандарына карата Өзбек чек арачылары ок атышкан. Натыйжада жараат алган бир жаранды Өзбекстанга алып кирип кетип, 1 күндөн соң кайтарып беришкен.
“Мындагы факты боюнча ошол эле замат иликтөө иштери башталып, жабырлануучу Максатбек Былжыевдин жана жанындагы жарандардын көрсөтмөсүнүн негизинде айыпкер катары Өзбек чек арачылары аныкталган. Иликтөөлөрдүн арты менен коңшу өлкөгө аталган окуяга тийиштүү чек ара кызматкерлерин сурак кылуу жөнүндө эл аралык суроо-талап жибергенбиз. Бирок ал тапшырманын жообу келбегендигине байланыштуу кылмыш ишинин тергөө мөөнөтү аяктап иш өндүрүштөн токтотулуп, көзөмөл иретинде текшерүү үчүн Аксы райондук прокуратурасына жиберилген ”,- деди Аксы райондук милициясынын жетекчиси.
М. Добулбековдун кошумча билдирүүсүнө караганда, Өзбек тарап Аксы РИИБү жиберген эл аралык тапшырмага мөөнөтүнөн кеч жооп берип, Кыргыз жарандарына ок мыйзамдуу түрдө чыгарылгандыгын жана өз чек арачыларын сурак үчүн Кыргызстанга чыгарбай тургандыгын билдиришкен. Ошондон улам жогорудагы факты боюнча кылмыш иши ушул күнгө чейин сотко жиберилбей келет.
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Взгляд” Аксы району