DataLife Engine > Коопсуздук > Көчмө клиника Жумгалдын элин текшерип жүрөт. Сүрөттөр

Көчмө клиника Жумгалдын элин текшерип жүрөт. Сүрөттөр

Чүй облусунун көчмө клиникасы Жумгал районунун Туюк-Суу, Өрнөк, Миң-Куш айылдарында медициналык акысыз текшерүүлөрдү жүргүзүп баштады.

Работа мобильной клиники в Жумгальском районе 

Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

22-июнь күнү эле ак халатчандарга 100гө чукул киши кайрылган.

Работа мобильной клиники в Жумгальском районе

Ал эми бүгүн Миң-Куш айылына саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев барып, мобилдик клиниканын жашоочуларды текшерип жатканын көрдү.

Жергиликтүү эл дары-дармек менен жеңилдиктер аркылуу камсыздоо, меджайлардын имараттарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маселелерин айтышты.
Работа мобильной клиники в Жумгальском районе

 

Жашоочулары офтальмолог, отоларинголог, эндокринолог, кардиолог, педиатр, гинеколог, невропатолог, маммолог, уролог өңдүү атайын багыттагы адистердин консультацияларын алып, УЗИ жана СПИДге экспресс-тестирлөө тапшыра алат.

Министрлик бардык каалоочуларды текшерүүдөн өтүүгө чакырат. Көчмө мобилдүү клиникалардын жер-жерлерге чыгуу графигин үй-бүлөлүк медицина борборунан тактап алууга болот.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20190623/1044799419/kochmo-klinika-naryn-oblusunda.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад