DataLife Engine > Коопсуздук > Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир Аль Ислами» диний уюмунун эки лидери колго түштү

Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир Аль Ислами» диний уюмунун эки лидери колго түштү

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан жүргүзүлгөн «Нелегал-2021» профилактикалык иш-чарасы учурунда облус аймагында «Хизб ут-Тахрир Аль Ислами» диний партиясынын эки лидери кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалгандардын арасында Солдат каймана аты менен таанымал болгон «Хизб ут-Тахрир Аль Ислами» диний партиясынын Арстанбап аймагындагы лидеринин ишенимдүү адамы, Базар-Коргон районунун 1978-жылы туулган тургуну Д.А. болгон.

Мындан сырткары «Нелегал-2021» операциясынын алкагында Сузак району боюнча «Хизб ут-Тахрир Аль Ислами» диний партиясынын лидерлеринин бири, буга чейин 3 жолу соттолгон 1954-жылы туулган И.И. кармалды. Кармалган атуулдар өздөрү жашаган аймактарда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир Аль Ислами» диний партиясынын идеологиясын жайылтуу максатында диний окууларды уюштургандыгы белгилүү болгон. Алар социалдык тармактарда фейк аккаунттарды ачышып, ал аккаунттар аркылуу экстремисттик уюмдун атрибутикаларын, аудио жана видео материалдарын таратып жүрүшкөндүгү аныкталган.

Бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери соттун кароосуна жиберилди.

 

https://jalal-abad.turmush.kg/news:455503

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад