Бүгүн:

Акыркы кабарлар

20:55
Өкмөттүн Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Индия элчиси менен кезикти
13:05
Бишкектеги сойкуларды калкалады делген милиционер органдарда иштеп жатат
12:59
Икрамовдун "Билим берүүнүн мыктысы" сыйлыгын кайтарып алуу талап кылынды
12:17
Өзбекстан медицина боюнча немис тажрыйбасын өздөштүрмөй болду
11:37
Ысык-Көлгө эс алууга келген бельгиялык аял кар көчкү алдында калып каза болду
11:22
Секелек кызды зордуктаган кишинин жазасы эмнеге жеңилдетилди? Соттун жообу
11:21
КТРКга башчы болом деген 22 кишинин аты-жөнү белгилүү болду. Тизме
10:53
Кыргыз жигит америкалык кишини бир чаап сулаттыбы? Көчө мушташынын видеосу
19:37
Кыргызстандын диний лидерлери эрте никелешүүнү алдын алуу боюнча маалыматтык жараяндын сонуна чыгышты
10:34
Чарчайт, кубарат, көп тумоолойт. Баладагы рак илдетинин белгилери
10:33
Ата-энеси өлгөндөн кийин келип кийимин талашат... Карылар үйүнүн башчысы менен маек
10:28
Шолоховсуз... мал доктур болмок. Айтматов жана орус жазуучулары тууралуу 13 факты
12:37
Илим Карыпбеков КТРКнын директорлугу үчүн ат салышмай болду
16:08
Экс-төрага ТЭЦти оңдоо боюнча келишим эмнеге бир күндө кабыл алынганын айтты
15:57
Облустук сот 12 жашар кызды зордуктаган кишинин жазасын жеңилдетти
15:53
Мындан ары автоунааны сатып алган киши кайрадан салык төлөбөйт
14:49
Айыл чарба министрлиги фермердин айыптоолоруна жооп берди
14:45
Министрлик: фермерлер киреше алып келчү гана эгиндерди экпеши керек
15:36
Сирияга үй-бүлөсүн алып кетип согушка катышкан кыргызстандык кармалды
15:27
Эреже бузганына ынанбаган айдоочу кимге кайрыла алат
15:15
Кыргызстан дагы 10 өлкөгө визасыз режим киргизүүнү демилгелеп жатат
16:16
23 миң сом! Жол эрежесин бузгандарга салынчу айыптардын көлөмү
15:24
Өңүмбү же түшүмбү? Бусиктер экинчи тилкеден бурулбай калышты. Видео
20:13
"Коопсуз шаар" системасы боюнча айып салынган-салынбаганын кантип билсе болот
19:56
Шампунь менен чай жасаган компания «крышаларына» чалып башташты, - депутат
19:55
Чаткалдык мергенчи тирүү карышкыр багып, аны менен аңчылык кылууда
19:02
Жамиля Жапашева: “Кыздар деле күйөө издеши керек, тандашы керек шариатта тандоо укугу аял-эркеке тең берилген”
16:24
Акжол Махмудов олуттуу жаракат алды. Операциясына ири суммадагы акча керек
16:18
Жол улаш адамды ала кет! Бишкектик активист казакстандыктарга үлгү болду
15:22
Бишкектин чок ортосуна 140 орундуу бала бакча курулат
13:39
Сагынбаев: кол тийбестиги алынгандан кийин Атамбаевге иш козголушу мүмкүн
13:38
150 миң доллар алып тергөөнү токтотууга жардам берген. Илмияновдун иши
13:27
Бишкекте күркө күйүп, эки киши каза болду
13:25
Депутат Жолдошбаев карышкырларды эми танк менен атууну сунуштады
12:02
Мэрия кызматкерлеринин чыры: Бишкекте дагы 4 миң бак кыйылабы?
11:02
Бишкектин дагы эки жерине "бомба коюлду" деген маалымат тарады
11:00
УКМК: Бишкектен бомба табылган жок. Стратегиялык жайлар текшерилип жатат
10:22
Бишкекте үйлөр арзандайбы? Саресеп жана рыноктогу абал
15:13
ЖКдагы депутаттардын арасында кылмышкерлер барбы? Министрдин жообу
15:09
Бишкекте үйлөр арзандайбы? Саресеп жана рыноктогу абал
10:59
Артынан сөз ээрчиткен эмес... Корчубек Акназаров жерге берилди
10:34
Кыргызстанды космостон көрдүңүз беле? Канадалык астронавт сүрөт жарыялады
10:13
Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңеш катчысынын орун басары болду
11:34
Ошто Бүткүл дүйнөлүк Жоолук күнү белгиленди
11:27
Россияда поезддин алдында калган кыргызстандык өспүрүм көз жумду
Бардык кабарлар

Батирден куулуп, көчөдө калган... Бишкектик ишкер айымдын окуясы

Коом жана проблемалар
409
0

33 жашында үч баланын апасы болууга, алты тилди өздөштүрүүгө, бир нече тил курстарын жана сулуулук салонун ачууга жетишкен Амина Мамытбекова менен маек.

— Бизнеске канча жашыңызда аралаштыныз эле?

 


 Мен 7-класстан баштап соода-сатык менен алектенип баштагам. Ал учурда бүткүл Кыргызстанды кризис каптап, ата-энелерибиз жумушсуз калган. Мына ошол кезде мен акча табууну үйрөндүм. Эгер мен барчылыкта чоңойсом азыркыдай ийгиликтерди багынтпайт элем. Менин ата-энем "Сенин колуңдан келбейт" деген сөздү бир дагы жолу айткан жок. Эмне жумуш баштабайын "Айгөлөк (ред.ата-энеси ушинтип эркелетчү), эмне жасагың келип жатса жаса" деп айтышчу. Алар 7-класс экениме карабай чоң бир үй-бүлөнүн ага кошум ири дүкөндүн жалпы каражатын мага карматып коер эле. Ошентип, бир үй-бүлөнүн акчасы менин колумда болчу. Мага кичинемден баштап ишеним көрсөткөнү үчүн ата-энеме ыраазымын жана бул нерсе мага дем берген.

 

— Ошол кезде эле чет тилдерин үйрөнүү каалооңуз күчүндө болсо керек?

 Баарыбыз эле айылдан келебиз. Ал жакта мыкты мугалимдер аз болгондуктан, жетиштүү билим ала албайсың. Мен мугалимдер берген билимди алдым, сабактарды окудум, жыйынтыгында мектепти ийгиликтүү аяктадым. Чет тилдеги китептерди түшүнүп, түшүнбөй эле окуй берчүмүн. Китепканага атайын барып, жаңы нерселерди үйрөнүүгө шашылаар элем. Азыркыдай заматта котормосун таап алчудай телефон менде жок эле. Учурда айрым жаштарга таң калам. Бир сүйлөмдү окуп, ошол нерсени интернеттен карагандан ээринет. Бул нерсе бир гана адамды артка тартат. Мектепти аяктагандан соң студенттик күндөрүм башталды. Акча жок, же сага жардам берчү адам жок. Ата-энемден каражат сурагандан уялам. Батирдин акчасын убагында төлөбөй куулуп, көчөдө ач калган учурларым да болду. Бирок, мен ошол күндөр үчүн Кудайга рахмат айтам. 

Предпринимательница Амина Мамытбекова во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Амина Мамытбекова: мен байлыгым менен эмес, билимим менен мактанам

 

— Демек, сиздин жашооңузга ошол убакыт бурулуш жасаган турбайбы…

 Ал кезде мен өзүмдүн артыкчылыгымды издеп көрсөм мен тил билет экем. Ошентип, башкаларга тил үйрөтүүнү максат кылдым. Окутуу борборуна барып, жумушка орноштум. Бирок, ал жердегилер "Бул эмне болгон кыз" дешип, мени олуттуу кабыл албай коюшту. Качан гана 2-3 ай өткөндөн кийин "Сенин билимиң бар турбайбы" деп, мени менен эсептеше башташты. Мына ошентип тажрыйба топтоого жетиштим.

— Тил үйрөтүү жаатында 14 жылдык тажрыйбаңыз бар экен. Негизи эле тил курстарын ачуу идеясы кантип жаралды?

 Тил курсун ачуу идеясы 14 жыл мурда пайда болгон. Бир күнү мен Америкадан келген агайыма барып, "Мен элге кыска мөөнөттүн ичинде тил үйрөткүм келип жатат" деп айттым. Ал мага "Сен жиндисиңби, башкалар 4-5 жылда окуган тилди сен кантип эки жылда үйрөтө алмак элең. Андан көрө бул оюңду жыйыштырып эле, оокатыңды кыла бер" деди. Мен үйгө келип ызаландым. Бирок, ката кетирсем мен ката кетирем, "банкрот" болсом өзүм банкрот болом деп чечим кабыл алып, иш баштадым. Өзүм алты тилде сүйлөй алам жана башкаларды да дайыма тил билүүгө үйрөтүп келем. Анткени, адам кара жумуш жасай берсе бат эле картайып калат, эгер акыл менен иштесе кыргыз эли көп нерсеге жетишет. Баарыбыз кыргыз тилинде сүйлөшүбүз керек, бирок башка чет тилдерди билген сайын ошончолук мүмкүнчүлүктөр да көп болот.

— Билишимче, Казакстанда да тил курстарын ачкансыз?..

 Ооба, ал жакка да тил курстарын ачып, азыр убактылуу токтотуп турууну чечтим. Анткени, Казакстандан келе жатып сумкамдагы акчаны карап, ушул нерсе балдарымдан алыс болууга, аларды сагынууга татыйбы деп ойлодум. Башым болсо кайсы жерде болбосун ошол сумманы таап алса болорун түшүндүм. 

Предпринимательница Амина Мамытбекова во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Амина Мамытбекова: жолдошум менден бир гана жаш улуу болсо да "сиз" деп кайрылам

 

— Ишкерликте каражатты туура сарптоо маанилүү эмеспи. Кантип акчаны туура пайдалануу керек?

 Ушул суроо үчүн сизге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Анткени, көпчүлүгүбүз акчаны керексиз эле нерсеге жумшай беребиз. Мисалы мен мага керек болгон, пайда алып келе турган гана нерселерге жумшайм. Акчага да өзүнчө мамиле кылуу шарт. Капчыгымда акчалар дайыма иреттүү болуп, тыйындарды үйдүн ар кайсы жерине кое бербейм. Каражатты мен сыйлап, кылдаттык менен мамиле жасайм.

— Тил курсунан сырткары сулуулук салонун да иштетет экенсиз…

 


 Ооба, сулуулук салон ачканыма эки жыл болду. Менин жаным тынбайт. Мага окшогон энергиясы ашып-ташып тургандар бир нерсе жасагысы келип эле турат. Ошондо мен ойлодум аялдарга эмне керек — аялдарга сулуу каш керек дедим. Адамдын бетине көрк кошкон нерселердин бири – бул каш. Адамдын кашы жакшынакай болуп турса сулуулугуна дагы көрк кошулат. Ошентип каш тартканды үйрөнүү үчүн алгач Бишкектен кийин Москвадан билим алдым. Азыр Бишкектеги кыйын мастерлердин бири мен болом деп айта алам. "Сен мактана бересиң" деп айтышат. Мен акча, унаа менен мактанбайм, мен билимим менен мактана алам.

 

— Жакында эле "Нөлдөн башталган миллион" китебиңиздин бет ачаары болду. Суроо-талап кандай болууда?

 Бул китепти жазуу идеясы эки күндө келди. Буга чейин ойлонуп жүрчүмүн, бирок эки күн ичинде чечим кабыл алдым. Инстаграм баракчама "Амина эже, үй бүлөнү да, бизнести да кантип чогуу алып кетсе болот" деген каттар абдан көп келе баштады. Ошондо китеп жазып чыгышым керек экен деп ойлодум да, ар кимден кеңеш сурадым. Айрым акылмандар айтышты "Сен китеп жазбай эле кой, азыр эч ким китеп окубайт, анын үстүнө кыргызчаны такыр эле окубайт" дешти. Мен элди угам, бирок өзүм чечим кабыл алам да. Болсо болду, болбой ката кетирген болсом тажрыйба алам деп, китептин аталышынын варианттарын жазып чыктым. Ошентип апам (кайын энем) тандап берген аталыш менен китеп жарык көрдү. Ал киши "Нөлдөн башталган миллион деп атап кой, баары түшүнүктүү болот" деп айтты. Мен аталышы туура тандалганына кубанам. Китеп сатыкта калбай калды.

 

 

— Китептин маузмунуна кыскача токтоло кетсеңиз?

 Китептин аты башка, мазмуну башка. Айрымдар сиз миллионерсизби, ушул китепти окуп койсом эле миллионер болуп каламбы деп сурап жатат. Миллионго чейин сүйүү, достук ишеним, чыккынчылык, атаандаштык орун алышы керектиги китепте айтылган.

— Көпчүлүк айымдар ишкерлик менен алектенгиси келет. Эң алгач эмнени эске алуу керек?

 Кандай гана иш баштабасын аны чын көңүлдөн сүйүп, ошол жаатта эң мыкты адис болушу зарыл. Жумуш баштап алып, калганын Кудай колдойт деген туура эмес.

— Карьерага да, үй-бүлөгө да жетишип келет экенсиз. Маегибиздин соңунда балдарыңыз, жолдошуңуз тууралуу да айта кетсеңиз?

 


 Аял үчүн эң маанилүүсү – бул үй бүлө. Жан дүйнөнүн чөнтөгү жок. Канчалык капчыгың калың болуп турбасын баары бир аялга сүйүү керек. Сүйүү бизге дем берип, жогорку деңгээлге жеткирет. 22 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз эки жарым жылдай бири-бирибизди байкап жүргөнбүз. Ал мени адамгерчилик сапаты менен өзүнө арбап алды. Менден бир жаш гана улуу болсо да сиз деп кайрылам. Айрымдар "сен эмнеге сиз дейсиң, жолдошуңдан коркосуңбу" дешет, сиз деген коркконду эмес, сыйлаганды, урматтаганды, жакшы көргөндү билдирет. Сиз деп атып уруша да албай калабыз. "Жаман бала төрдөгү ата-энесин босогого алып келет" дегендей жаман аял төрдөгү күйөөсүн босогого алып келип коет, ал эми жакшы аял анча деле кыйын эмес жодошун элдин астына чыгарып, аны ийгиликтүү мырзага айландыра алат. Ошондуктан, мен биринчи планга үй-бүлөмдү коем, учурда үч баланын апасымын.


Дагы: https://sputnik.kg/society/20180708/1040081266/amina-mamytbekova-menen-maek.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно