Бүгүн, жума күнү, саат 8.00дөн 22.00гө чейин Бишкек — Торугарт жолунун 115-117-чакырымдары жабыла турганын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жерде капчыгайдагы жолдун коопсуздугун арттыруу үчүн бургулоо-жардыруу иштери жүмөкчү. Трассаны Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору тосот, ал эми Нарын менен Ысык-Көл тарапка бет алгандарга айланма жол менен кетүү сунушталат.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20180914/1041095133/boom-zhol-zhabylat.html