Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Илмияновго 150 миң доллар берди деген компания тууралуу эмне белгилүү

Коом жана проблемалар
697
0

КСДП дүйшөмбү күнү УКМК менен болгон кат алышуусун жарыялаган.

Тергөөчүнүн партияга жолдогон катында 2017-жылы 8-августта шайлоо штабынын жетекчисинин орун басары Илмиянов "Дизель комплект" ЖЧКсынын өкүлүнөн 150 миң доллар "демөөрчүлүк жардам" катары алганы боюнча маалыматтар алынганы жазылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги катта аты аталган компания эмне деген ишкана экенин билип көрүүгө аракет кылды. Юстиция министрлигинин маалыматтар базасында "Дизель комплект" ЖЧК аттуу бир гана компания катталган.

 

1. Ал "Бишкек" эркин экономикалык аймагында катталган.

2. Адистешпеген дүң соода кылуу менен алектенет.

3. Юстиция министрлигинин сайтында ишкананын жетекчиси деп Николай Викторович Грамович (муну БелАЗ — Белоруссия авто заводунун сайтындагы маалымат дагы тастыктайт) белгиленген. Ал эми учредители Грант Рафаэлович Оганянц. Россиядагы компаниялар тууралуу маалыматтар камтылган "За честный бизнес" сайтындагы маалымат боюнча Грант Рафаэлович Оганянц "Спецтехника" ЖЧКсынын жетекчиси. Андан сырткары, ал "Холдэкс" ЖЧКсынын жетекчиси жана негиздөөчүлөрүнүн бири, бирок бул компания учурда жоюлуу стадиясында турат.

4. "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын сайтындагы маалымат боюнча, "Дизель комплект" ЖЧКсы БелАЗ (Белоруссия авто заводу) самосвалдарынын тетиктерин сатып иштейт.

5. Ал эми компаниянын өзүнүн сайтындагы маалымат боюнча алар "БелАЗ", "МАЗ", "Силовые агрегаты — Группа ГАЗ" жана башка компаниялардын расмий дилери болуп саналат. Ал эми БелАЗдын сайтында бул компания алардын Өзбекстан, Замьия, Түштүк Африка республикасы менен Намибия мамлекеттериндеги расмий дилери деп жазылган.

Белгилей кетсек, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча сыртынан өкүм чыгарылган. Ал эми 20-октябрда ал Россиядан кармалып, Бишкекке алып келингени маалым болгон.  Ошол эле күнү райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, 28-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камакта калтырган. Жактоочусу Сергей Слесаревдин билдиришинче ал Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси "Алдамчылык" боюнча айыпталууда.

 

Икрамжан Илмиянов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүргөндө айдоочусу, кийин ал президент болгондо 2012-жылдан 2015-жылга чейин президент аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгын аркалаган. Андан соң президенттин кеңешчиси болгон.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20181030/1041780067/ilmiyanov-150-min-dollar-kompaniya.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно