Бүгүн:

Акыркы кабарлар

14:42
Жаңы конушта жашагандар эмне үчүн балага жөлөк пул албайт? Министрдин жообу
14:34
Электрондук кезек менен бакчага кирген бөбөктөр. Кезекке туруунун жолу
14:17
Бишкектин көчөлөрү быйылкы кышта реагенттер менен тазаланабы? Мэриянын жообу
14:09
Бишкектеги үйлөрдүн сырткы көрүнүшү өзгөрөт. Сынакка түшкөн эскиздер
10:27
Бишкекте "Тазалык" таңкы төрттөн тарта иштеп жатат
10:03
"Бишкек жашыл чарба" жол жээктерине 103 бак отургузду
09:59
Бишкектен иш издеп жатасызбы? Мэрия 600 жумуш орун сунуштоодо
09:57
Көңүлдөш болуудан тажадым! Үй-бүлөлүү эркектин очогун бузгусу келген аял
09:50
Бишкектеги Ала-Арча дарыясынын жээги кышка карата бекемделүүдө.
09:33
Мэр Суракматов "Нарын" рестораны канчага сатылганын айтып берди
13:22
Аялдамада түкүрүнүп, тамеки тарткан милиционерди жетекчилик издөөдө. Видео
12:20
Бишкекте Кыргызстан жаштарынын күнү белгиленет
09:13
Бишкекте Тез жардам кызматы эки унаа менен кагышты. Кырсыктан кийинки видео
09:10
Топоз минип шаар аралап... Бишкектин жанынан тартылган видео
11:39
Бишкекте мода жумалыгы менен форум өтөт
10:46
Кыздарым көзүмөн учат, бирок бара албайм. Мигрант келиндин каты
10:32
Бишкектин чок ортосунда эл ташыган автобустан өрт чыкты. Видео
10:26
Бишкекте кафе өрттөнүп жатат. Видео
09:47
Бишкекте азиздерге жардам берүү үчүн сүрөт көргөзмө өтөт
09:29
Аскарбек Шадиев мандатынан ажыратылды
09:28
КСДП: Иса Өмүркуловду лидерликтен алуу фракциянын колунда
09:26
Суукта көйнөкчөн марш баскан окуучулар. Канттан тартылган сүрөт
09:45
Бишкектеги башкы туу жерге түшүп калды. Сүрөт
09:42
Сот “Коопсуз шаар” боюнча көз карандысыз комиссиянын чечимин жокко чыгарды
09:41
Турак жай сатып алуунун дагы бир жолу сунушталды. Механизм кандайча иштейт
09:39
Борбор калаада журналисттердин көйгөйүн талкуулаган жыйын өтөт
09:34
Бишкекте айдоочулук күбөлүктү мыйзам бузуу менен бергендерге чара көрүлдү
09:30
Бишкекте үч автоунааны жөөлөп кеткен жол тандабастын айдоочусу изделүүдө
09:29
Борбор шаардын чок ортосундагы инсталляция талкаланып калды. Сүрөт
09:13
Sputnik Кыргызстан журналисттерди шахмат боюнча турнирге чакырат
09:12
ӨКМ ашууларга жааган кар боюнча маалымат таратты
09:25
Шаардык сот Илмияновдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок
09:19
Мурдагы "Нарын" ресторанынын орду дагы деле бош турат. Себеби айтылды
09:13
Кызын карай албай мас болуп жаткан аялдын ким экени такталды
09:06
Сириядагы террорчуларга 100 миң доллар жөнөткөн. УКМК шектүүнү кармады
09:05
Депутат: Кыргызстанда аялдын бир төрөтү 15 миң сом турат
09:02
Бишкекте видеосу интернетке тараган аракеч энени милиция издеп жатат
10:04
Мас апасын тургуза албай мукураган бөбөк. Бишкекте тартылган видео
09:45
Мэрия Бишкекте быйыл канча көчө оңдолгонун айтты
10:15
Нарындагы памирлик кыргыздар Алайга көчүрүлөбү? Миграция кызматынын жообу
10:11
Пакистан президенти уулун ала албай жаткан кыргыз келиндин ишин карамай болду
09:55
Мэрия темир жолго такалган үч көчөнү Лев Толстойго алып чыгат
09:51
Бишкек мэриясы арыздарды эми мобилдик тиркеме аркылуу кабыл алат
09:12
Панфиловду таң калтырган кыз. Даркүл Күйүкова тууралуу 6 факты
11:44
Айтматовдун урматына коллекциялык тыйын чыкты. Сүрөтү окшошот бекен?
Бардык кабарлар

Министр Кудайбердиева китептеги каталар, ЖОЖдогу окуу акысы, жеке турмушу тууралуу

Коом жана проблемалар
35
0

Билим берүү сапаты, мугалимдердин айлыгы

— 2016-жылдан бери министрликти жетектеп келе жатыптырсыз, бул жылдар аралыгында системада кандай реформалар жасалды?

— Билим берүү тармагында тез эле реформа жасай калуу мүмкүн эмес. Мектепке чейинки билим берүүдөн кесиптик билим берүүгө чейин системалуу түрдө караш керек. Натыйжасы бир-эки күндүн ичинде эле чыгып калбайт.

Министрлик учурда билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана аны бардык балдарга бирдей шартта жеткирүү багыттарына басым жасап жатат. Башкы орунга балдарга түзүлгөн шарт, мугалимдердин квалификациясы, окуу программасынын мазмуну коюлган. Окуу китептери жетишсиз болгондуктан электрондук форматтагы окуу китептерин иштеп чыгып жатабыз. Мисалга алсак, жакында эле башталгыч класстын окуучулары үчүн "Ай билим" аттуу электрондук колдонмолор мектептерге жеткирилди. Окуу китептери жетпей, айрым мугалимдердин билим деңгээли дагы жакшы эмес болуп жаткан кезде мындай электрондук ресурстар балдарга да, мугалимдерге да жардам берет деп ойлойм.

 

Жаңы окуу китептерин дагы чыгарып жатабыз. Быйылкы окуу жылында 5-6-класстарды китеп менен толук камсыз кылсак, 7-8-9-класстардын окуу куралын чыгарууга сынак жарыяладык. Бизде окуу китептерин жазган жакшы авторлор жетишсиз экен. Ошондой эле басмаканалардын сапаты да көңүл жылытарлык эмес.

Жаңы окуу китептериндеги ката үчүн коомчулукта бир топ сөздөр айтылып жатат. Бирок бул окуу куралдарынын чыгып жатышы — Кыргызстандагы масштабдуу, маанилүү, ири долбоор. Убагы келгенде баа берилет деп ишенем.

Ошондой эле былтыр Кыргызстан боюнча аймактарда 120 кыска мөөнөттүү бала бакча ачтык. Ал Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында уюштурулду. Бюджет тартыш болгондуктан Кыргызстанга кыска мөөнөттүү бала бакча ылайыктуу экен. Мындан сырткары, акырындык менен билим берүү системасын PISA — эл аралык баалоо программасына өткөрүп жатабыз. 

Министр образования КР Гульмира Кудайбердиева
© SPUTNIK / ЖООМАРТ УРАИМОВ
Гүлмира Кудайбердиева: окуу куралдарынын чыгып жатышы — Кыргызстандагы масштабдуу, маанилүү, ири долбоор. Убагы келгенде баа берилет деп ишенем

 

— Эмне болгон программа, артыкчылыктары тууралуу айтып берсеңиз?

— Баалоо программасы (PISA) мыйзамга киргизилген өзгөртүүнүн негизинде былтыртан баштап иштеп баштады. Баалоо системасында мурдагыдай комиссия түзүлүп, алар мектептерди түрө кыдырып текшербейт.

Санкт-Петербургдан алган тажрыйба боюнча баалоо системасы үч этаптан турат. Биринчи — ар бир мектептин статистикалык маалыматын (окуучу, мугалимдердин саны, мугалимдердин квалификациясы, материалдык-техникалык базасы) чогултабыз. Аны мектеп администрациясы бизге онлайн түрүндө жөнөтөт.

Экинчи этапта биз мектептеги билим берүү сапатын баалайбыз. Анда жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы, олимпиадаларга катышып андан кандай орундарды жеңгени жана суицид сыяктуу маселелер дагы эске алынат.

Үчүнчү этапта ыктыярчылар аймактарга барып тест жүргүзүп, аны улуттук тестирлөө борборуна алып келип жыйынтык чыгарат. Мындай аккредитациядан бир жылдын ичинде 2000 мектепти өткөрдүк. Анын ичинен 480и убактылуу гана өтүштү. Башкача айтканда, жое турган айрым бир көйгөйлөр бар. Мисалы, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу керек же окуу китептерин жеткирип берүү зарыл болот. Бул көйгөйлөрдөн арылгандан кийин ал мектеп кайра аккредитациядан өтөт. Эгер жыйынтык такыр эле начар болсо, анда мектеп жетекчисинин ишмердүүлүгү каралат.

 

— Сиз министр эмес, ата-эне катары Кыргызстандын билим берүү сапатына канааттанасызбы?

— Бул суроого так кесе жооп бере албайм. Көйгөйлөр, кемчиликтер бар, бирок ийгиликтер да жок эмес. Муну комплекстүү караш керек. 

Министр образования и науки Гульмира Кудайбердиева, посол России Андрей Крутько, страновой директор ВПП ООН Андреа Баньоли и представитель ИОП Юлия Калиниченко во время посещения Новопокровской школы №1.
© ФОТО / ELIZABETH ZALKIND
Гүлмира Кудайбердиева: мындан 10 жыл мурун билимге болгон талап таптакыр башкача болчу. Мурда баланын билими эле каралса, азыр анын ой жүгүртүүсүнө, логикасына да басым жасалат

 

— 2000-жылдардын ортосунда мурдагы тышкы иштер министри Эднан Карабаев ошол кездеги мыкты окуган окуучуну 80-жылдардын "үчкө" окуган баласына салыштырыптыр. Азыркы бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлине сиз кандай баа берет элеңиз?

— Бул суроого дагы бир багытта жооп бере албайм. Анткени мындан 10 жыл мурун билимге болгон талап таптакыр башкача болчу. Мурда баланын билими эле каралса, азыр анын ой жүгүртүүсүнө, логикасына да басым жасалат.

— Жогоруда жаңы чыккан окуу китептер тууралуу да айтып кеттиңиз. Андагы каталар коомдо бир топ талаш-тартыш жаратып жатат. Ага ким жооптуу?

— Китептеги каталар үчүн окуу куралдарын басып чыгарган басмакана жооптуу. Анткени алар менен түзүлгөн келишимде редактор, корректор сыяктуу ката текшерген адистерди басмакана алышы керек болчу. Министрликте андай штат каралган эмес. Мен ар бир китепти карандаш менен текшерип отура албайм да. Билим берүү академиясы болсо китептин мазмуну билим берүү стандарттарына туура келеби, жокпу, ошону гана текшерет. Бул каталар үчүн биз басмакананы сотко беребиз деп айттык.

— Катасы менен чыгып кеткен китептерди эмне кыласыңар?

— Азыр эки китеп боюнча ушундай маселе бар. Каталарды басмакана оңдогондон кийин китептер колдонууга берилет. 

Министр образования КР Гульмира Кудайбердиева
© SPUTNIK / ЖООМАРТ УРАИМОВ
Гүлмира Кудайбердиева: мугалимдердин айлык маянасы акырындык менен көбөйүп келе жатат

 

— Министрлик "Окуучулар үчүн мыкты 100 китеп" деген жакшы долбоор баштап жатыптыр. Бул боюнча да айта кетсеңиз…

— Долбоордун негизги максаты — балдарды китеп окууга үндөө. Анда мектеп окуучулары үчүн 100 мыкты адабий китептин тизмеси түзүлөт. Идеяны Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев сунуштаган. Тизмени дагы кылдаттык менен түзүш керек экен. Мындан улам атайын жумушчу топ түзүлдү. Алар баарын даяр кылгандан кийин адабий чыгармалардын тизмесин коомдук талкууга коебуз.

— Билим сапаты тууралуу сөз кылып калдык. Улуттук статистика комитетинин иликтөөсүндө, Кыргызстанда эң аз айлыктын ээси мугалимдер экен. Билим сапаты мугалимдердин айлык маянасына дагы байланыштуу болуп жүрбөсүн. Эмне себептен мугалимдердин эмгеги бааланбайт?

— Мугалимдердин айлык маянасы акырындык менен көбөйүп келе жатат. Алсак, 2011-жылы айлык 2-3 эсеге өскөн. Анда өкмөт тарабынан мугалимдин айлык акысынын жаңы шарттары иштелип чыккан. Мисалы, эмгек акы мугалимдин окуу жүктөмүнө (саат), иш тажрыйбасына, жашаган аймагына (алыскы, тоолуу) жана мектептердин наам, статусуна жараша баалана баштаган. Азыр, мисалы, айыл жеринде 5 жылдык педагогикалык тажрыйбасы, жумасына 18-20 саат окуу жүктөмү бар мугалим айына 10 миңдин тегерегинде айлык алат. Мугалимдин айлыгы ушуну менен токтоп калбайт, дагы да жогорулайт.

 

— Эмгек жолуңузду мугалим болуп иштөө менен баштаптырсыз. Сыр болбосо ал кезде канча айлык алчу элеңиз? Айлыгыңыз өзүңүзгө жетчү беле?

— Чынын айтсам, эсимде жок. Анын үстүнө рубль менен алчубуз да. Бирок стипендиям эсимде. Жакшы окуганым үчүн эң жогорку 60-80 рубль стипендия алчумун. Ал кезде бул акча көп эле болчу. 

Министр образования КР Гульмира Кудайбердиева
© SPUTNIK / ЖООМАРТ УРАИМОВ
Гүлмира Кудайбердиева: мыйзамдын негизинде ата-энелер фонду коомдук уюм түзүп, взнос уюштурса болот. Бирок мындай фонддор ата-энелердин гана каалоосу менен түзүлүшү шарт

 

Ата-энелер фонду, мектеп жетекчилер, ротация маселеси

— Мектепте ата-энелер взносу деген да бир көйгөйлүү маселе бар. Ата-энелер фондуна түшүп жаткан акчаны министрлик көзөмөлдөйбү? Ал канчалык негизде мыйзамдуу?

— Бизде коммерциялык эмес уюмдар боюнча мыйзам бар. Бул мыйзамдын негизинде ата-энелер фонду коомдук уюм түзүп, взнос уюштурса болот. Бирок мындай фонддор ата-энелердин гана каалоосу менен түзүлүшү шарт. Мектеп жетекчилиги же мугалимдердин буга тиешеси болбошу керек. Фонддун акчасы кайда кетип жатканын министрлик көзөмөлдөбөйт.

— Мындай фонддорду жоюп салса болобу?

— Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизиш керек.

— Ата-энелердин айтымында, взноско деп көбүнчө мектептин ремонтуна акча сурашат экен. Негизи мамлекеттик бюджеттен мектептин ремонтуна акча бөлүнөбү?

— Бюджеттен жыл сайын Кыргызстандын бардык мектептеринин ремонтуна 100 миллион сом каралат. Бирок бул каражат эч нерсеге жетпей калат. Ошондуктан ата-энелер фонду түзүлүп, мектептерге жардам берүүдө. 

Министр образования и науки Гульмира Кудайбердиева посетила профессиональный лицей №16 в городе Ош
© SPUTNIK / ЗУЛЬФИЯ ТУРГУНОВА
Гүлмира Кудайбердиева: беш-алты жыл мурун чындап эле юрист менен экономисттер көбөйүп кеткен. Азыр бул тенденция азайды. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү кийин жумушу жок каларына көзү жетип, керектүү адистиктерди тандай баштады

 

— Мектеп жетекчилери боюнча да нааразычылыктар көп. Кээ бир мектепти 20 жылдан бери башкарып, бутуна турган жетекчилер бар экен. Негизи мыйзам боюнча жетекчи мектепти канча жылга чейин башкара алат?

— Эмгек кодекси боюнча мектеп жетекчиси шашылыш жана шашылыш эмес деген эки келишимдин бири менен жумушка алынат. Эгер шашылыш эмес, мөөнөтү аныкталган келишим болсо, эмгек кодексинде каралгандай, 5 жыл болобу, 10 жыл болобу иштей берет.

 

Жакында эле биз Жогорку Кеңешке мектеп жана бала бакча жетекчилеринин жаш курагына чектөө (65 жашка чейин) коюу боюнча сунуш киргиздик. Анткени азыр технология өнүгүп жаткан мезгил, жетекчилик кызматка дагы жаш кадрларды тартыш керек.

— Мектеп жетекчилери ротация кылына баштады. Буга кандай карайсыз?

— Ротация боюнча жеке позициям бар. Билим берүү системасында ротация натыйжалуу болоруна мен көп деле ишенбейм. Анткени билим берүүдө жыйынтык тез убакыттын ичинде эле чыга калбайт. Жетекчинин ишмердүүлүгүн баалоо системасы менен караган жакшы. Мен жогоруда айтып кеткендей, эгер мектеп аккредитациядан өтө албай калса, анда мектеп жетекчисинин жакшы иштебей жатканынан кабар берет, ошондо ага чара көрүп кызматтан алса болот. Бирок жакшы иштеп жаткан жетекчини алып, анын ордуна начар иштеп жаткан жетекчини коюу туура эмес деп ойлойм. 

Министр образования КР Гульмира Кудайбердиева
© SPUTNIK / ЖООМАРТ УРАИМОВ
Гүлмира Кудайбердиева: ротация боюнча жеке позициям бар. Билим берүү системасында ротация натыйжалуу болоруна мен көп деле ишенбейм

 

— Өлкөдө, анын ичинде Бишкекте мектеп жетишсиз, бир класста 60тан бала окуп жатат. Бул маселе качан, кандай жол менен чечилет?

— Бул көйгөй бир эле Бишкекте эмес, Чүйдө дагы бар. Бишкек шаарында учурда 97 муниципалдык мектеп иштеп жатат. Акыркы беш жылда балдардын саны миграциядан улам 18 пайызга өстү. Билим берүү башкармалыгы менен анализ кылып көрсөк, учурда үч смен менен окуган 22 мектеп бар экен. 800 балага ылайыкташкан мектепте 3000дей окуучу билим алып жатат. Бул маселе боюнча мамлекет башчысына кайрылганбыз, анда ал "жергиликтүү бийлик менен көйгөйдү кантип чечсе болорун ойлонуп сунуш киргизгиле" деди. Менин оюмча, бала батпай жаткан мектептердин айланасында бош участок болсо, кошумча корпус салган эле оң. Бишкекте мектеп сала койгонго жер маселеси да оңой менен чечилбейт.

— Нормадан ашык окуучулар кандай негиз менен кабыл алынып жатат?

— Шаарда калктын, анын ичинде балдардын саны да өстү. Эгер мектептеги орундун санына карап кабыл алынса, көп бала окубай калат. Негизи өкмөттүн жобосуна ылайык, ар бир мектептин өзүнө тиешелүү микроучастогу болот, алгач ошол жакта жашагандарды алат. Ушундай башаламандык болбош үчүн бала бакчалар сыяктуу мектептерге дагы электрондук каттоо менен кире турган долбоор иштеп чыгып жатабыз. Буюрса, быйылкы окуу жылынын аягына чейин бүтүрүп, кийинки окуу жылы пилоттук долбоор катары байкап көрөбүз. Анда ар бир мектепке бала электрондук каттоонун негизинде алына баштайт. Долбоордун шарт-талабын кийинчерээк маалымдайбыз. 

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков принял министра образования и науки страны Гульмиру Кудайбердиеву. 11 сентября, 2018 года
© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ
Гүлмира Кудайбердиева: Бишкекте мектеп жетишсиздиги боюнча мамлекет башчысына кайрылганбызда, ал "жергиликтүү бийлик менен көйгөйдү кантип чечсе болорун ойлонуп сунуш киргизгиле" деди

 

ЖОЖдогу окуу акысы

— Жогорку окуу жайлардын саны да, андагы окуу акысы да көбөйүүдө. Билим акысын жогорку окуу жайлар өздөрү бекитеби?

— Мурда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен биргелешип коюшчу. Азыр окуу акысын ар бир окуу жай өзү эле бекитип калган.

— ЖОЖдордогу окуу акысынан (контракт) түшкөн каражат кайда жумшалат? Канча пайызы мамлекеттин эсебине түшөт?

— Мамлекеттин эсебине түшпөйт. Мыйзам боюнча окуу акысынан түшкөн каражат акы төлөп окуп жаткандарга жакшы шарт түзүп берүүгө багытталыш керек.

— Азыр таш ыргытсаң, юрист менен экономисттин башына тиет. Министрлик ЖОЖдогу экономика, юридикалык факультеттерди азайтып, техникалык кесиптерди көбөйтүү маселесин караштырып жатабы?

— Беш-алты жыл мурун чындап эле юрист менен экономисттер көбөйүп кеткен. Азыр бул тенденция азайды. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү кийин жумушу жок каларына көзү жетип, керектүү адистиктерди тандай баштады. Статистика боюнча учурда 78 пайыз адам алган кесиби боюнча иштейт экен. Бул жакшы көрсөткүч. 

Министр образования и науки Гульмира Кудайбердиева, посол России Андрей Крутько, страновой директор ВПП ООН Андреа Баньоли и представитель ИОП Юлия Калиниченко во время посещения Новопокровской школы №1.
© ФОТО / ELIZABETH ZALKIND
Гүлмира Кудайбердиева: учурда Кыргызстандын мектептеринин 55 пайызында гана ысык тамак уюштурулган. 45 пайызында булочка менен эле сүт берилет. Тунистеги форумда калган пайызына да ысык тамак уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.

 

Мектептеги ысык тамак

— Жакында мектептеги ысык тамак боюнча эл аралык форумга катышып келдиңиз. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын көрсөңүз керек?

— Бул форум Тунисте өттү. Ал жакка жөн эле барган жокпуз. Учурда Кыргызстандын мектептеринин 55 пайызында гана ысык тамак уюштурулган. 45 пайызында булочка менен эле сүт берилет. Тунисте калган 45 пайызына да ысык тамак уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик.

— Айрым ата-энелер мамлекеттик бакчалардагы тамак-аштын менюсу өтө жупуну, эти аз, жашылча-жемиш дээрлик жок деп айтып келишет. Бакчалардын дагы тамак рационун жакшыртуу тууралуу пландар барбы?

— Туура, аны биз дагы ойлонуп жатабыз. Мектептерге да, бакчаларга да улуттук тамак-аш программасын киргизүү тууралуу пландар бар. Кыргызстанда өндүрүлгөн жер-жемиштер витаминге бай, арзан дагы. Балдарды бакчадан баштап тамак-аш маданиятына үйрөтүш керек. Бул боюнча учурда улуттук тамак-аш программасы иштелип жатат.

— Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова расмий иш-чараларда, мисалы, мектептин ачылышында же чоңдор келгенде окуучуларды тизип койгон көрүнүштөргө тыюу салабыз деп айтты эле…

— Балдарды министр же дагы бирөө келет деп тизип койгонго мен дагы каршымын. Аймактарга көп барабыз да. Барган сайын "кичине балдарды тизип койбогула, класска эле кирип учурашып чыгам" деп айтам. Мурдагы билим берүү министринин дагы "балдар коомдук иш-чараларга тартылбасын" деген буйругу бар. Эгер мындай көрүнүш катталып калса, эскертүү беребиз.