Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында 7 жашар бала эки күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Жеткинчектин жоголгону тууралуу маалымат 27-май күнү саат 23.00дөр чамасында түшкөн. Туугандары бала Кайырма каналына түшүп кетиши мүмкүн экенин айтып, куткаруучулардан жардам сураган.
Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20190529/1044497289/7-zhashar-bala-ehki-kundon-beri-dajynsyz.html
Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары менен ИИМ кызматкерлери тартылып, бирок натыйжа болгон эмес.
Маалыматта бала бүгүн да изделери айтылды.