Бишкекте №48 мектепте окуган 9-класстын окуучусу каза тапканын Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман билдирди.
Анын айтымында, окуучу параллель класста окуган өзү теңдүү баланын колунан көз жумган.
Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20190529/1044498048/16-zhashtagy-okuuchu-kaza-boldu.html
Шаардык милициянын маалыматы боюнча, 28-май күнү саат 00.20да балдар клиникасына ур-токмокко алынган 16 жаштагы өспүрүм түшкөнү кабарланган. Териштирүү маалында бала 27-майда мектептин жанында болгон мушташтан жапа чеккени белгилүү болгон. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, эртең менен үзүлгөн.
Аталган факт 138-берененин («Денеге оор залака келтирүү») негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Милиция ушу тапта мушташка катышкандарды издеп, окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.