Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:59
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматынан алынды
19:58
Президент дагы үч министрди – маданият, билим берүү жана транспорт министрлерин кызматтан алды
23:25
Акылбек Жапаров: Баткендеги жабыркаган инфраструктуралар боюнча комиссияны мен жетектейм, менин көзөмөлүмдө
23:24
Өзгөн эли Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен кол койгон протокол тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышты
20:49
Депутаттар 19 тонна алтындын чыгарылышын иликтөө үчүн комиссия түздү
20:44
Жайында кыргызстандыктар 4.2 млрд сомдук керектөө насыяларын алышты
17:01
Ташиев: Ак-Сайдагы посттун ордуна милициянын пунктун ача турган болдук
16:56
ЕЭК Кеңеши 2023-жылдын апрелине чейин 370 товарга бажы алымдарын алып салды
21:29
УКМК: "Тамдык" кыргыз тараптын көзөмөлүндө, тажик жарандары заставадан чыгарылды
21:28
"Ар бир сантиметр жер үчүн кашык каныбыз калганча күрөшүүбүз керек". Садыр Жапаровдун кезектеги маеги
22:37
Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
22:36
Венгрия Баткен облусуна гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр
22:35
"Кыргызстан улуттук электр тармагына" жаңы директор дайындалды
21:08
Бюджеттен 500 млн сом бөлүндү – жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк менен камсыздоого багытталат
21:07
Бийлик элди тажиктерге салып берип жатат – Баткендин Аксай айылынын тургундары нааразы
21:05
Кашкар – Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти
17:44
Яндекс Go кызматы эми Жалал-Абадда иштей баштады
15:11
ИИМ: Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат
15:10
Мекен чегин коргоо – ыйык милдет. Президент Кыргызстандын элине кайрылуу жасады
03:40
Кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун саны өсүп, 59 адамга жетти
20:45
Сариев: Биз чоң оюндун айлампасына илиндик окшойт. Рахмондун артында олуттуу күчтөр турат
20:45
Сариев: Биз чоң оюндун айлампасына илиндик окшойт. Рахмондун артында олуттуу күчтөр турат
20:43
Тажикстандын агрессиясы. 15 жаштагы кыргызстандык набыт болду
20:42
Самаркандда Жапаров менен Рахмон чек арадагы кырдаалды талкуулашты
16:32
Садыр Жапаров менен Владимир Путин жолукту
19:57
Парламентте Акылбек Жапаровду отставкага кетирүү маселеси көтөрүлдү
19:54
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Кыргызстандын эки жай тургуну жабыркады
19:53
Азимбек Бекназаровдун акимдин орун басары болуп иштеген баласы кармалды
15:00
Маданият министрлиги кыргызстандыктарды ишембиликке катышууга чакырат
14:59
Москвада Кыргызстандын жарандарынын миграциялык көйгөйлөрү талкууланды
14:58
Президент УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты
14:54
Нарын: болжолдуу наркы 100 млн. еврону түзгөн Куланак ГЭСи курулуп жатат
00:17
Москвада жоголгон тажик блогери Дүйшөмбүдө камакта экени аныкталды
22:47
Инвестор: Кара-Балтадагы текстиль фабрикасынын курулушу жакында бүтөт – 400 миң доллар салынды
22:43
Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
22:42
Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
22:40
Президент: 1-октябрдан тарта пенсия 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүлөт
17:20
Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы аба каттамы жанданат
00:59
Зеленский менен Блинкен Киевде жолугушту
00:55
Балыкчыда акча уурдоого шектелип, 2 эркек киши кармалды
15:25
Бекешев: банктар ыплас жол менен 10 млрд. сом тапты, пайдасын экономикага салсын
15:22
Транспорт министрлиги Бишкек – Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алуу тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алды
15:20
Кыргызстан жыл башынан тартып мамлекеттик карызды төлөөгө 20,5 млрд сом багыттады
15:18
Садыр Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлерин кабыл алды
19:46
Министрлик: Форма кийип келбеген окуучуну эч ким билим алуу укугунан ажырата албайт
Бардык кабарлар

Батукаевдин иши: Нарын шаарынын кине коюлган соту үй камагына алынды

Коом жана проблемалар / Невероятно но факт
344
0

Азиз Батукаевди бошотуу ишине тиешеси бар деп күнөөлөнгөн Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов үй камагына алынды. Бул туурасында маалымат булак билдирди.

Эске салсак, 23-майда Башкы прокуратура Нарын шаарынын мурдагы судьясы Жапар Эрматов боюнча тергөө иштери башталган. Ал Батукаевдин "айыккыс оорусунан" улам абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунуштамасын тыкыр иликтеп чыкпастан, аны канааттандырып берген деп шектелген. Нарын шаарынын мурдагы сотуна Кылмыш жаза кодексинин 335-беренесинин 1-бөлүгү ("Билип туруп акыйкатсыз өкүм чыгаруу") жана 317-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Бирок камалган эмес.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын айткан. Көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган. Кийин Сагинбаева үй камагына чыгарылган.

 

Аламүдүн райондук соту Батукаевди 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгон. Ал эми 5-июнда камакка алынган экс-прокурор Аида Салянованы өткөн апта аягында Биринчи Май райондук соту 26-августка чейин камакта калтырды.

Андан кийин ошол кезде ЖАМКты жетектеп турган Зарылбек Рысалиев суракка чакырылып, имараттан чыккандан кийин ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Дарыгерлер анын сүйлөөсү начарлап, абалы оор экенин айтышкан.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20190623/1044801310/batukaev-ishi-naryn-shaarynyn-sotu-zhapar-ermatov-uy-kamagy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно