Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:15
Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф
16:05
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди
16:02
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
23:23
Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди
23:22
Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады
23:20
Акылбек Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөт
23:39
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:38
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:34
Кыргызстан эл аралык издөө тобуна кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурады
23:32
Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды
12:40
Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат
12:38
Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме
12:37
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
19:26
ЖК комитети президенттин жаңы өкмөт боюнча сунушун колдоду
19:25
Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды
19:19
Кыргызстан делимитация процесси бүтмөйүнчө Тажикстан менен чектешкен аймактарда бизнес жүргүзүүгө тыюу салды
19:18
Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн
19:17
Президент Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу жалпы республикалык кеңешме өткөрөт
19:15
Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду
19:12
Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме
19:10
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
19:10
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
19:09
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайындалды
22:39
АКЫН АЛЫМКАН ДЕГЕНБАЕВАНЫН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
22:34
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
22:33
Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду
13:28
Түндө Таластагы мейманканага эркек киши кол салып, конокторду кууп чыккан
13:27
Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү
13:26
Кышка чейин аба ырайы кандай болору айтылды
13:26
Кыргызстандын футболдук союзу президент Садыр Жапаровго кайрылды
14:39
Кыргызды даңазаладыңар! Президент Мээрим менен Айперини куттуктады
14:37
Улуттук банктын алтын-валюталык резерви рекорддук көлөмгө жетти
23:31
“Улуттук энергохолдинг” Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмө берди
23:25
"Кыргыз көмүр": Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт
23:25
Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын далысын жерге тийгизип утту
23:24
Министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзамдар кабыл алынды
23:23
"Коопсуз шаардын" көчмө радарлары коюлган жерлердин даректери
23:22
Энергетиктер: кыргызстандыктар электр кубатын чегинен аша колдонууда
18:57
Шайлоо-2021: "Ар-Намыс" менен "Улуттар биримдиги" бирикти
18:55
Кызыл зонада иштеген медиктердин компенсациясы эмнеге берилбей жатканы айтылды
18:54
УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсүн кармады
16:25
Кыргызстан 2024-2025-жылдары энергетикалык таңкыстыктан чыгат — президент
16:22
Нурдин Букуев Футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалында башкы калыс болот
16:21
Психолог: өң-келбеттүү адамдарга жетекчилер көбүрөөк айлык төлөшөт
16:20
Президент таза шайлоо өтөрүн убадалап, кымбатчылык боюнча оюн айтты
Бардык кабарлар

АКШ талап кылган биометрикалык паспорт Кыргызстанда качан бериле баштайт?

Коом жана проблемалар
199
0

Мунун айынан АКШга жашап, иштөөгө баргысы келген кыргызстандыктар виза алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап отурат.

 Кыргызстандыктарга чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк берген жалпы жарандык биометрикалык паспорттор 2021-жылдан баштап берилет. АКШ кыргыз жарандарына иммиграциялык визага чектөө коюшуна дал ушул документтин жоктугу себеп болуп жатканын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Адилет Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Эске салсак, 1-февралда Дональд Трамп алты өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө чектөө киргизүү чечимин кабыл алган. Чектөө Кыргызстан, Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзанияга тиешелүү. Ага чейин КРдин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШ бийлигинин мындай чечимине Кыргызстандын биометрикалык паспорт колдонбогону себепкер экенин айткан эле.

 

Кыргызстан эмне себептен буга чейин өз жарандарын биометрикалык паспорт менен камсыз кыла албаганын маалымат катчы түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, кеп буга чейин айрым жарандарга берилген көк түстөгү ID-кард эмес, биометрикалык жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуучу) тууралуу болуп жатат.

"План боюнча бул паспортторду 2020-жылы бермекпиз. Бирок бланктарды сатып алуу боюнча тендерге байланыштуу чуу 2018-жылдын аягында башталган ишке тоскоолдук кылып койгон. 2019-жыл толугу менен соттук териштирүүлөр менен өтүп, ага декабрь айында гана чекит коюлду. Жогорку сот тендер туура эмес жүргүзүлгөн деген чечимге келип, күнөөлүүлөр жазаланды. Эми жол ачылып, ишке кириштик. Жарандар 2021-жылдан тарта жалпы жарандык биометрикалык паспорт ала баштайт", — деди Бейшеналиев.

Маалымат катчы билдиргендей, мындай паспортту элдин баары эмес, документтин бул түрү талап кылынган өлкөлөргө баргандар эле алса болот.

"Элдин баары жалпы жарандык биометрикалык паспорт алсын деген талап жок. АКШ, Араб же Европанын айрым өлкөлөрү сыяктуу, биометрикалык маалыматтар керек болгон мамлекеттерге барчулар гана алса болот", — деди ал.

Жаңы паспорт азыркысындай эле бир нече барактан турган китепче түрүндө чыгат. Болгону бир барагына ээсинин сүрөтү жана манжаларынын издери түшүрүлгөн чип тагылат.

Малыматка караганда, 3-февраль күнү ведомство жетекчиси Алмаз Мамбетов АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу менен жолугушуп, жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, пикир алышты.

Паспорт чыры

2019-жылы биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуудагы тендердеги коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында ведомствонун жетекчилик кызматтарындагы жогоруда аты аталган өкүлдөрү камакка алынган

 

Жыйынтыгында Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесине ("Коррупция") ылайык күнөөлүү деп табылып, жумшартуу шарттарын эске алуу менен айып пулга жыгылды. Тагыраагы, төрага орун басары Руслан Сарыбаев — 270 миң сом, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаев — 270 миң сом, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку статс-секретары Данияр Бакчиев — 230 миң сом төлөп бермей болгон.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы Алина Шаикова коррупция боюнча айыпталып, азыркы учурда эл аралык издөөдө.

Дагы: https://sputnik.kg/society/20200204/1046970069/kyrgyzstan-biometrikalyk-zharandyk-pasport-2021-zhyl.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно