12 медиктин сегизи Бишкектен, бирөө Нарын облусунда, үч учуру Ош шаарынан катталды. Жалпысынан вирус менен 51 ак халатчан күрөшүп жатат.
Кыргызстанда бир суткада дагы 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганын брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, 12 медиктин сегизи Бишкектен, бирөө Нарын облусунда, үч учуру Ош шаарынан катталды. Жалпысынан вирус менен 51 ак халатчан күрөшүп жатат.
Бүгүн Кыргызстанда дагы 41 кишиден коронавирус аныкталды. Ушуну менен вирус аныкталган адамдардын жалпы саны 339 болду. Арасынан беш киши каза таап, 44 киши сакайды.
Кыргызстанда бир суткада 41 кишиден коронавирус чыгып, жалпы жонунан вирус аныкталган адамдардын саны 339 болду.
Кыргызстанда стационардык жайларда коронавирус жуктурган 290 киши жатат, алардын арасындагы тогуз кишинин абалы оор, бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Кыргызстанда бир суткада 41 кишиден коронавирус чыгып, жалпы жонунан вирус аныкталган адамдардын саны 339 болду. Арасынан беш киши каза таап, 44 киши сакайды. Тилекке каршы, 51 медицина кызматкери COVID-19 менен күрөшүп жатат.
Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.
Мындан тышкары, кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.