Чек арачылар автокөлүктөрдү тинтүү учурунда жашыруун жүктөрдү тапкан.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" бекетинен кычкылтек концентраторлору менен дары-дармектерди мыйзамсыз ташууга аракет кылган кыргызстандыктардын аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Ага ылайык, бүгүн, 15-июлда, үч башка автоунаага отурган үч киши Кыргызстандан Казакстанга жол тарткан.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГПС КР
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" бекетинен кычкылтек концентраторлору менен дары-дармектерди мыйзамсыз ташууга аракет кылган кыргызстандыктардын аракетине бөгөт коюлду
Боронов: эл издеп жаткан дарыларды катып жаткан эки кампа табылды
"Чек арачылар автоунааларды тинтүү учурунда жашыруу жүктөрдү табышкан. Алар төрт комплект кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметр жана дары-дармектерин (ингавирин, ксарелто) ташып кетүүгө аракет кылышкан. Булар өкмөттүн токтому менен экспорттоого убактылуу тыюу салынган", — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочулар кармалып, териштирүү үчүн жүктөрү менен органдарга өткөрүлүп берилген.
Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20200715/1049024959/kazakstanga-dary-kychkyltek-koncentrator-tashygandar.html