Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы да ырастады.
Маалымат кызматы билдиргендей, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 1978-жылы туулган А.Д. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 2020-жылдын декабрь айынан баштап 16 жаштагы кызын Базар-Коргон районунун 21 жаштагы тургуну «жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберем» деп коркутуп, үйүндөгү 300 000 сомдук алтын буюмдарын саттыртып, акчаларын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2021-жылдын 14-январында Ноокен РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Аталган фактынын бетин ачуу максатында Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 2000-жылы туулган тургуну К.Б. кармалып, тергөөгө камсыз кылынган. Ал жасаган ишин толугу менен мойнуна алып, тергөө тарабынан Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө К.Б.нын баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, үй камагына алуу бөгөт чарасы тандалып алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.