Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:58
Катар-2022: Аргентина 1/8 финалга чыкты
22:56
ЖК: Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды
07:28
Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борбору ачылышы мүмкүн
07:26
Сөздөн ишке карай... Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартууну өнүктүрүү
07:24
Акылбек Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады
04:53
Оштун жаңы мэри жамаатка тааныштырылды
04:33
Бишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады
04:26
"Тешилбеген жер калбады". Терек-Сайдын кейиштүү экологиясы
04:24
Бажы: киреше боюнча убада эмнеге орундалбай калды?
19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
Бардык кабарлар

Прокуратура кримтөбөл «Дөө Чыңгыздын» өлүмүн иликтей баштады

Коом жана проблемалар
215
0

Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура (Атайын прокуратура) «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө байланыштуу иликтөөнү баштады. Бул тууралу «Клооптун» кабарчысына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Ал кылмыш иши «Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү» беренеси менен козголгонун айтты. Шектүү азыркы тапта камакта.

«Бишкектин № 1 тергөө абагынын жетекчилиги боюнча иш атайын прокуратурага каттоого алынды. Азыр иликтөө башталды, бүткөндөн кийин жетекчиликке юридикалык баа берилет», — деп билдирди Камолидинов.

Дөө-Чыңгыздын киши колдуу болушу

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү 30-июлда ТИЗО-1де табылган. Ал киши колдуу болгону белгилүү болгон.

Жаза аткаруу кызматынан Жумагуловду камерада чогуу олтурган киши өлтүргөнүн мойнуна алды деп маалымдашкан. Мекеменин маалыматына караганда, буга «жекече пикир келишпестиктер» себеп болгон.

Ал арада Kaktus Media басылмасы жеке булактарына таянып, «Дөө Чыңгызды» өлтүрүүгө шектелген кишинин аты Доорон экенин жазды. Алдын ала маалыматтарга караганда, Доорон Камчы Көлбаевдин Адилет Касенов аттуу жакын кишисинин тобунда жүргөн жана УКТнын «капчыгы» деп саналчу.

Басылманын жеке булагы Чыңгыз Жумагулов «мыйзамдагы ууру» болууну көздөп жүргөн, өлтүрүүнүн себеби да ушул болушу мүмкүн деп билдирген.

Кийинчерээк ЖМКнын булагы кримтөбөлгө 18 жолу бычак сайылганын кошумчалаган. Бул тууралуу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында да маалым болгон. Бычак көбүнесе моюн тушуна жана денесинин үстүңкү бөлүгүнө урулганы белгиленген.

Ошол эле күнү ТИЗО-1дин жанында маркумдун жакындары чогулган. Алардын арасында Жумагуловдун аялы жана байкеси да болгону айтылды.

Депутат Дастан Бекешев жогорку кызматтагы адамдардын аралашуусусуз кримтөбөлдү өлтүрүү мүмкүн эмес болчу деп эсептейт. 1-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Чынгыз Джумагулов

Чыңгыз Жумагулов кримдүйнөсүндө «Дөө» деген каймана аты менен белгилүү жана ал 2019-жылы апрелде башка адамдар менен бирге эки адамды аёосуз сабоого шектелип кармалган. Кийин жабыркаган эки адам алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Жабыркагандар менен кармалгандар УКТ мүчөлөрү болгону кабарланган.

2020-жылдын 19-июнунда Биринчи Май райондук соту Жумагуловду «Ээнбаштык» беренеси менен күнөөлү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Ал эми «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» жана «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренелери боюнча актаган.

«Дөө Чыңгыз» буга чейин да «Адам өлтүрүү аракетин уюштуруу» беренеси менен 18-жылга кесилген.

Ошондой эле, Жумагуловду «Камчы Көлбаевдин УКТсынын жигердүү мүчөсү» деп айтып жүрүшөт. Бирок ал кылмыш дүйнөсү жана Көлбаев менен байланышы болгонун төгүндөгөн. Мындан сырткары, Жумагулов президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүү боюнча шектүүлөрдүн бири болгон.

https://ky.kloop.asia/2022/08/01/prokuratura-krimt-b-l-d-chy-gyzdyn-l-m-n-iliktej-bashtady/

скачать dle 11.0фильмы бесплатно