Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:56
КРге эмчек рагын аныктаган алдыңкы аппарат алып келинди. Ал облустарды кыдырат
16:35
Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар
16:26
Вице-мэр: Бишкек болжонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна даяр
16:06
Парламенттик шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду
15:49
Билим берүү министрлиги: бизге болгон элдин ишеними 7%га жогорулады
11:12
Казакстан Россиядагы кыргызстандыктарга "жашыл коридор" ачууга макул болду
16:08
Бишкек менен Ташкент мэриялары кайсы тармакта кызматташары айтылды
16:03
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды
15:32
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты
15:18
Россия Кыргызстан катышкан темир жол долбооруна кызыгып, диалог курууда
12:35
КР — РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды
12:32
22 миң рубль. Москва — Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды
12:30
Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.
15:28
Штаб: коомдук жайларда бет кап тагынбагандар эми жазаланышы мүмкүн
15:21
Оренбургга 3200дөй кыргызстандык чогулуп калды. Казакстан жооп бере элек
15:20
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
15:12
Кыргызстан Россиядан кызылчага каршы вакцина алат
15:09
Күз — айлыкты көтөртүүгө эң сонун учур. Адис себебин айтты
14:52
Жээнбеков Араванда үгүт учурунда чыккан мушташ боюнча оюн айтты
14:39
Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси
13:30
Паспорт, күбөлүк, транспорт боюнча кеңеш берген атайын номерлер ишке кирди
13:28
Кара-Кечеде көчкү түшкөн аймакка убактылуу жол салынды
13:25
Жээнбеков КР жарандыгы боюнча 4 жарлыкка кол койду
15:58
Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек
13:16
БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат
12:30
ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди.
12:17
Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат
12:12
"Варламов, рахмат!" Бишкек мэриясы флешмоб уюштурду.
11:51
Улуу талант Калыйбек Тагаевдин сөөгү жерге берилди
11:49
Кар жаап салган ашуулардагы жолдор тазаланды.
10:51
65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды
15:41
Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды текшерүүсүз өткөрүү макулдашылды
15:18
Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев көз жумду
15:17
Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат
15:07
Кара-Кечедеги трассаны тазалоо мүмкүн болбой калды. Айланма жол курулат
12:14
Бюджеттик негиздеги окууга канча этникалык кыргыз өткөнү айтылды
12:07
Бийлик уруксат берген. Чаткалда алтын казган компания арчаларды кыюуда
11:17
Шайлоо бюллетендерин кайсы ишкана басып чыгарары белгилүү болду
11:16
Мурдагы министр Чолпонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу эмне белгилүү
11:15
Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды
11:13
Адис: коронавирусту кайталап жуктургандар жокко эсе болуп чыкты
11:09
Экинчи толкунга даярдыкпы? Бийлик дарынын 65 түрүн камдай баштады
10:58
Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке бара башташы мүмкүн
10:12
Боронов жаңы ооруканалардын курулушунан шек санап, өзү көзөмөлдөмөй болду
10:10
Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцина алып келинди
Бардык кабарлар

КҮЗГҮ ОРУП-ЖЫЙНОО ИШТЕРИ АЯКТАП КАЛДЫ

Коом жана проблемалар
1 099
0

Бүгүнкү күнгө карата Республика боюнча 323 миң гектар айдоо аянттарында күзгү оруп жыйноо иштери аткарылды, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 38 миң гектарга көп экенин айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди.

 

КҮЗГҮ ОРУП-ЖЫЙНОО ИШТЕРИ АЯКТАП КАЛДЫ

 

Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү орточо эсеп менен гектарына 34 центнерди түзүүдө. Ал эми өлкөнүн ири райондорунун бири болгон Кара-Суу районунда учурда пахта кызуу жыйналууда.

Буркан Аллахуновдун Кара-суу районуна караштуу Тельман айылында 50 сотых үлүш жери бар, фермер үлүш жерине толугу менен пахта эккен. Быйыл эгин талааларына сугат суу дагы кенен берилип, аба ырайы да жакшы болгондуктан пахта мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп түшүм берди дейт дыйкан.

“Элүү сотых жерге пахта эгип жакшы түшүм алдым, 7 тоннадай алдым. Азырынча заводдорго өткөзүп койдук бирок быйыл баасы канчадан болот так жооп айтыша элек, 50 сомдон деп жатышат го алдын ала бирок акчасын ала элекпиз. Буйруганы да эми берекесин берсин деп отурабыз”.

Ал эми Буркан Аллахуновду коңшусу Нышан Исмаилов 60 сотых үлүш жеринин жарымына күздүк эгип, жарымына жүгөрү өстүрүп жыйнап алган. Дыйкандар түшүмдөрүн быйыл былтыркыга салыштырмалуу эрте жыйнап алышты. Анткени өткөн жылдарга караганда быйыл аба-ырайы бир топ ысык болгон. Бирок ошентсе да, күздүк орулгандан кийин дыйкандар экинчи ирет түшүм ала алышкан жок. Себеби жашылча жакшы болбой калган. Помидорлорго курт түшүп кеткен.

“Күздүктү оруп жыйнап алдык да эч нерсе эккен жокпуз, анткени бардык дыйкандар эле помидор, капусталарга курт түшүп кетти деп жатышат. Куру убара болбойлу дедик. Ал эми жүгөрүнү болсо көпчүлүк дыйкандар кол менен орушту, кээ бири комбайнга салды. Комбайнга салганда чыгынды көп чыгып калат экен. Ошентсе да алы жеткени кол менен акчасы барлары комбайнга салып ордурушту”- дейт Исмаилов.

Кара-Суу районунда 31 миң гектар сугат жер бар. Быйыл дээрлик анын баардыгы өздөштүрүлүп басымдуу бөлүгүнө дан өсүмдүктөрү менен жашылча эгилген. Ал эми Кара-Суу районунун 3 300 гектар сугат жерине пахта, 3,5 миң гектарына жашылча эгилген. 5 500 гектарына беде айдалып орточо эсеп менен түшүмдүүлүк гектарына 30,1 центнерди түзгөн.

Кубаныч Маметов, Ош областынын Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын айтымында сугат жерлерден тышкары тамчылатып өстүрүү ыкмасы менен Кара-Суу районунда быйыл 2000 миң гектар жер өздөштүрүлүп Жаңы-Арык айылына 180 түп алма отургузулган.

Учурда Кара-Суу жана Араван райондорунда пахта терилип ал эми тоолуу Алай менен Чоң-Алай райондорунда картошка казылууда. Күздүктөр август айында область боюнча 175 миң гектар аянтка себилип, учурда бир карыш болуп көгөрүп өсүп калды.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно