Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:29
Эки күндүк майрам! Ошто эл аралык жарманке өтөт
10:28
Салтанат Саматованын сөөгү кайда коюлары айтылды
10:27
Аарылар адамдарды жүзүнөн тааный алары аныкталды
10:26
Теле алып баруучу Салтанат Саматова каза болду
10:25
Ага-ини Муртазалиевдер Азия оюндарына барат. Жиу-житсучулардын тизмеси
10:24
Стресс аялдарга караганда эркектердин өмүрүн көп алат. Себеби
10:23
Чүй облустук театры "Тоолор кулаганда" романын сахнага алып чыгат
14:53
Сулайманов: бийликтегилер "жигит" бойдон кала алабы?
14:49
Алайда сел жүрүп тажик жарандары бара жаткан жол тандабас агып кетти. Видео
14:46
"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү
14:45
Жээнбеков Кыргызстан алакасын жакшырта турган өлкөлөрдү атады
14:44
Азаматтар! КР кикбоксчулары Борбор Азия чемпионатынан алтын кур тагынышты
14:43
ЖК төрагасы депутаттардын кол тийбестигин калтырууну өтүндү. Жээнбековдун жообу
14:42
Оңолбек Каныбек уулу туу көтөрөт. Азия оюндарында ат салышчу волейболчулар
14:41
Бостериде көлгө чөгүп каза болгон 25 жаштагы кыздын сөөгү табылды
14:41
WhatsApp атайын кызматка колдонуучулардын маалыматын берүүгө мажбур болду
14:40
Жээнбеков жаңы стратегиянын Атамбаевдикинен эмне артыкчылыгы бар экенин айтты
14:39
КРде браконьерчилик, зыяндуу курт-кумурска менен күрөшкөн 8 дрон пайда болот
14:38
Жүрөк "шуу" дейт экен! Мотоциклчен киши аз жерден калган видео
09:32
Кыргыз режиссерлорунун жакында тартуулай турган тасмалары.
14:26
Бишкекте унаа мамыны сүзүп, эки каттамдын троллейбустары ишин токтотту
14:22
Чүйдө ГЭС-5 суусуна чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды
14:10
Бишкекте күйгөн эт комбинатын кантип өчүрүп жатышат.
09:38
Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп жатат
09:13
Окумуштуулар: узак уктоо ден соолукка зыян
15:04
Амансызбы, бурадар? Өлкөдө: 10.15. "Балам, кымыз ичип кет". Билем анын кандай экенин
15:01
Балыкчыда топтошкон балдар милицияга карата ок атышты
15:00
Арманым аттын башындай! Прокуратуранын WhatsApp номерине үч миң киши арызданды
14:55
Юстиция министри кызматынан бошотулду
14:51
Чүй облусунда жоголгон таксисттин сөөгү талаадан табылды
14:49
Чемпион болуп келгиле! Жээнбеков Азия оюндарына жол тарткан спортчуларды узатты.
16:29
Кызыл-Кыяда туруктуу турак жайы жок үй-бүлөлөргө 25 батирлүү үй курулуп жатат
16:24
Жаштардын демилгеси: Кара-Кечүү айылында 600 орундуу мечит жана волейбол аянтчасы курулууда
14:24
Өзбекстан эми той-аштарга ылайыктуу ырлардын тизмесин түзмөй болду © Sputnik / Евгений Одиноков АЗИЯ
14:20
Ташкентте Кайгуул-күзөт кызматынын башчысын иш бөлмөсүнөн бычактап кетишти
14:17
Таластын Казактан менен чектешкен тоосунда кайрадан өрт тутанып кетти
14:15
Аламүдүн РИИБин жетектей турган Талантбек Асаналиев деген ким?
14:09
Ысык-Көлдө эс алып жаткан Казакстандын жараны жүрөгү кармап каза болду
14:04
Карегин агыза сайган күйөөсүн кечирген аял. Июлдагы 8 криминалдык окуя
14:02
Миграция кызматы: РФтеги мигранттарга 36 млн. рублден ашык акчасын өндүрүп бердик
11:15
Кадамжайдын Миң-Чынар айылында тигүү цехи ачылып, 8 адам жумуш менен камсыз болду
11:11
Баткенде эне сүтүн даңазалаган акция флешмоб жана жөө жүрүш менен коштолду
11:07
Баткен районунда жарым жылда сүйүнчү пул алууга 993 адам катталды, - ЖААК
11:00
Баткендин Бужум айылында заманбап спорт зал курулуп жатат
10:54
Баткендин Көк-Таш айылында курулуп жаткан насостук станция 70 гектар жерди суу менен камсыздайт
Бардык кабарлар

ЖООШ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ АШ-ТОЙЛОРГО ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

Коом жана проблемалар
259
0

Ош областынын Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы аш-тойлорго кеткен ыксыз чыгымдарга чектөө киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Токтомго ылайык каза болгон адамдын үчүлүгү, жетилиги кыркашы, өткөрүлбөй турган болду, бир гана маркумду акыркы сапарга узатуу салтанаты жана жылдыгы берилет. Андан тышкары үйлөнүү картежинин унааларынын саны үчтөн ашпай турган болду.

 

 

ЖООШ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ АШ-ТОЙЛОРГО ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

 

Айыл өкмөт чектөөлөрдү киргизүү, баш ийбегендерге айып салуу буйругун да чыгарган. Мындай чектөөлөрдү киргизүү сунушу айыл өкмөткө жаштар тарабынан түшкөн дейт Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы.

“Тойлордо абдан аша чаап кетишкен алтын цепочкаларды белекке беришип, укмуш болуп кеткен. Ушуну токтотуш керек болду. Айылда бир бала атасын көмүп деп карызга батып, кредит алып үйүн сатып жаман кыйналган экен. Ошол окуядан кийин жаштар өздөрү кайрылышкан. Чектөө коюп чара көрүңүз деп”.

Жоош айыл өкмөтүндө маркумду акыркы сапарга узатууга кеткен чыгымдарга чектөө киргизүү жакшы ишке ашууда дешет жергиликтүүлөр. Ал эми тойлордо бир аз кыйынчылыктар дагы деле бар экен.

“Баары баш ийип көнүп эле калышты. Чоңдор өздөрү да үлгү болуп жатышат. Мисалы Кара-Суу районунун акими Тилек Матаримов да биздин айылдан, апасы каза болгондо айылда кандай шартта тажия өткөрүлүп жатат деп сурап эл катары чоң мал сойгон жок. Эми айла жок эгер куда-сөөктөр алыстан келген болсо чай берилбесе айыл эли куран окуп эле кете беришет”,- дей Тиллабаев.

Андан тышкары Жоош айыл өкмөтүндөгүлөр кыздын калыңы, сепке кеткен чыгым, той картежинде 3 унаадан ашпаш керек жана дасторконго сарпталган каражатка чектөөлөрү коюлуп, конкреттүү суммаларды бекитишкен.

Жаныбек Бакыев, Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Мамажан айылынын башчысы:

“Женсовет”, айыл башчылар болуп тойлорго барып көзөмөлдөп, турушат. Кийит, жоолук, калпак деген нерселерди алып келбегиле деп, алып келип алышса кире бериштен алып коюшат да ошол конок чыгып бара жатканда кайтарып беришет. Комиссия түзүп көзөмөлдөп жатабыз, эл да баш ийип жакшы эле кабыл алууда. Жаштар болсо “ЗАГСка” чыкканда спринтерлер менен чыгып жатышат. Көнүп деле калышты, үнөмдөлгөн акчаны эки жашка белек кылып беришет, алар жакшы бир керегине жаратышат. Элдер айтып жатышат абдан жакшы үнөмдүү той боот экен деп”.

Жергиликтүү тургундар да ашыкча чыгым эл арасында эрегишүүгө алып келип, колунда жокторду карызга батырып там-ташынан ажыратканга чейин алып барууда дешет. Көпчүлүгү банкттардан насыя алып той берип, миграциянын көбөйүшүнө да себеп болуп жатат. Андыктан куру намыска алдырып кыйынчылыктар жаралбаш үчүн бийлик өкүлдөрүнүн демилгесин колдоп жатышыптыр.

Колдогондордун бири айыл тургуну Адылбек Бердишев: “Абдан сонун демилге болу. Элге деле жакшы болду, эмне кереги бар ашыкча чыгымдын. Тойдун мактаныш үчүн эмес элден бата алып бериш үчүн кылыш керек да. Биздин айылдан чыккан демилге баардык Кыргызстандыктарга үлгү болушун каалайт элек”.

Жоош айыл өкмөтүнүн ысырапкорчулукка чектөө киргизүү боюнча токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө азырынча айыл өкмөттөгүлөргө жүктөлгөн. Айыл өкмөтүнүн айтымында баш ийбегендерге аксакалдар соту чара көрөт. Ош областы боюнча жылына 15 000 ге чейин үйлөнүү үлпөтү өткөрүлүп турат. Мурдагы экономика министри Акылбек Жапаров Кыргызстан боюнча аш-тойлорго жылына 3 миллиард долларга чейин сарпталаарын маалымдаган.

Белгилей кетсек, бул сумма Кыргызстандын тышкы карызына чамалап калат.

 

Жанна АСКАРОВА,
Ош.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно