Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

АЛЫСТАН ӨКМӨТКӨ САЛАМ ДУБА...

Коом жана проблемалар
1 355
0

Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн Карагур айылынын мектебин  өткөн жылы май айында  сел алып кетип, авариялык абалда. Окуучулар ижарага алынган үйлөрдө окуп жатышат, бирок ал үйлөрдүн абалы да кооптуу.

АЛЫСТАН ӨКМӨТКӨ САЛАМ ДУБА...

 

75 түтүн жашаган кийинекей айылда бош имарат жок. Жаңы мектептин пайдубалы бир жыл мурда  куюлуп токтоп калган. Элеттиктер курулушту 2017- жылдын бюджетине киргизип, аягына чыгарып берүүсүн суранышууда. Айта кетсек Карагур айылы катаал шарттагы, тоолуу аймактардын категориясына кирет.

Кара-Суу районунун Карагур атындагы орто мектеби үч корпустан турат. Имараттар 1990-94 жылдар аралыгында салынган. Курулуш ашар жолу менен жүргүзүлгөндүктөн мамлекеттик стандарттарга жооп берген эмес. Анын үстүнө Карагур айылы катаал шарттагы тоолуу аймак . Сел көп жүрөт. Жаратылыш кырсыгы, былтыр жазында үч корпусту тең, жарактан чыгарган. Өзгөчө кырдаалдар боюнча адистер пайдаланууга тыюу салган.

Мээрим Бактыбек кызы, Кара-Суу районуна караштуу Карагур орто мектебинин 11- классынын окуучусу:

“Мектепке келгенибиз менен эптеп эле сабак окуйбуз, суук, полдору жок, кээде бутубуз полдордун жыртыктарына түшүп кетет. Свет жок,  караңгы. Мектептин бүтүрүүчүлөрү катары жакшы саамалыктарды майрамдык иш-чараларды деле өткөрө албай жатабыз. Айылда же кафе ресторан болбосо, күз майрамы, жаңы-жылдык бал сыяктуу эч нерсе өткөрлбөйт, анткени чоңураак зал эмес, класстарыбыз да тар”.


Мектептин тарых сабагынан берген мугалими  Айпери Нышанаалы кызы, окуу жайдын шарты жок болгону билим сапатына терс таасирин тийгизип жатат дейт. Анткени суук, гигиеналык талаптарга жооп бербеген имаратта балдар көп сыркоолоп жатышыптыр.

АЛЫСТАН ӨКМӨТКӨ САЛАМ ДУБА...

АЛЫСТАН ӨКМӨТКӨ САЛАМ ДУБА...

АЛЫСТАН ӨКМӨТКӨ САЛАМ ДУБА...


“Окуучулардан жакшы окугула, мектеп формасын сактагыла деп талап кыла деле албайт экенсиң. Анан чоңоюп калган өспүрүмдөргө  деле жалко, эч кандай майрамдык, маданий иш-чараларды өткөзө албай жатабыз. Мектеп курагы кайтып келбейт да. Көпчүлүгү ынак өскөн классташтарын таштап, башка мектептерге, Ош шаарына  кетип калып жатышат”,- дейт Нышаналы кызы.

Ата-энелер балдардын коопсуздугуна тынчсызданууда.

“Күн сайын балдарыбызга кыжаалатпыз. Мугалимдер деле айла жок окутуп жатышат, биз да айла жок жиберип жатабыз. Эми тоодо жашаганыбыз аз келгенсип балдарыбыз да сабатсыз болуп калбасын дейбиз да. Мектептин абалын Сооронбай Шарипович губернатор болуп турган мезгилде келип көрүп жаңыдан куруп беребиз деп убада берген. Ошон үчүн өкмөткө салам айтып, мектеп менен ФАПты куруп берүүлөрүн көптөн көп өтүнөбүз”,-дейт айыл тургуну Дилбар Шеримбекова.

Капар Бердибеков, Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Карагур айылынын тургуну:

“Илгери биз бала кезде Кожокелен айылындагы интернатта окуганбыз, жатып окучук эми азыр ал интернат жок. Ар бир айыл өзүнчө мектептүү болуп бөлүнүп кеткен... Балдар үчүн “нормальный” шарты бар имарат керек экен”.

Карагурга коңшу Кожокелең айылы жайгашкан, аралыгы 10 чакырымды түзөт. Кожокелеңдин мектебине каттап окуу өтө эле алыстык кылат. Кыштын күнү тоолуу аймак болгондуктан карышкыр да көп кездешет дешет айылдыктар. Ал эми мектептин пайдубалы  2015-жылы ноябрь айында куюлуп баштап, аягына чыкпастан токтоп калган.

“33 миллион сом болгон сметалык баасы. Курулуш башталган планга кирген. Былтыр окбярь айында фундаменти башталып, бүтпөстөн токтоп калды. Биз кайрылчу жактардын баарына кайрылганбыз, бирок алардан бир эле жооп алдык 2016-жылдын бюджетине кирбей калган акча бөлүнбөйт деген. Биз эми Жогорку Кеңештин депутаттарынан, 2017-жылдын бюджетин киргизип берүүсүн суранат элек”,-дейт мектептин директору Бакытбек Жалиев.

Карагур орто мектебинде учурда 151 окуучу билим алууда. 11-классты быйыл 17 бала аяктайт. Ал эми, айылда 75 түтүн эл жашайт. 

 

Жанна АСКАРОВА,

Ош

скачать dle 11.0фильмы бесплатно