Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:25
Жапаров: Ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу, улуттук, тарыхый каада-салттарды сактоо — негизги милдет
23:22
ЖМК: Орхан Инандынын соту башталды, ал Түркия жарандыгынан баш тартты
23:20
Афганистанга жардам, коопсуздук, кызматташуу. Жапаровдун Душанбедеги сөзү
23:19
УКМК "Кумтөрдү" иштетүүдө 200 млн. доллар чыгарып кеткендерге издөө жарыялады
23:18
Койгула, андай кылбагыла дейли... Окуусуз 15 күн
22:54
Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды
17:52
ЖККУ саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынып, бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду
17:49
БШК бул шайлоодо талапкерлерди кандай тобокелчилик күтөрүн айтты
17:45
Эмомали Рахмон Жапаровду "Улут сарайынан" тосуп алды
17:40
Нью-Йорк соту Centerra’нын кыргыз өкмөтүн айыпка жыгуу доосун четке какты
17:39
ИИМ САЯСАТЧЫЛАРДЫ СУРАККА АЛДЫ
17:38
Ысык-Көлдө туристтердин тоо текеге аңчылыгы мыйзамдуу болгону айтылды
18:37
Адвокат: Атамбаев, Асанов, Акаев бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө
18:35
Бишкекте дагы бир мамлекеттик лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандады
18:29
Жанар Акаев менен кошо Алтынбек Сулайманов да ИИМге сурак бергени кирип кетти
21:21
Парламенттик шайлоодо дээрлик 3,7 млн адам добушун бере алат
21:21
Марипов: Уюлдук идентификациялоо тутуму калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө онлайн режимде жеткиликтүүлүгүн жогорулатат
21:15
"Кумтөр": Centerra Кыргызстанды дүйнө коомчулугунун алдында каралап жатат
21:14
Ошто жаш мугалимдерге жер тилке менен үйдүн сертификаттары берилди
21:13
Бишкек — Ош жолунда кар көчкүдөн сактай турган тоннель салынууда
17:50
Бет кап тагыныш керекпи? Бийлик балдар кандай шартта окуурун айтты
17:49
36 депутат кантип шайланат? Бир округга бириктирилген айыл, райондордун тизмеси
17:46
Ысык-Көлдө пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуу башталды
17:45
Мал союп этин тараткан. Аксыда 7 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү
23:00
БШКнын кармалган мүчөсү Акылбек Эшимов тууралуу эмне белгилүү
22:57
550 миң доллар алган. УКМК коррупцияга шектүү деп БШК мүчөсүн кармады
22:55
БШК шайлоо округдарынын схемасы менен чек арасын жарыялады
16:16
КР ТИМ башчысы Сибирь жана Уралдагы мекендештер менен онлайн жолугушуу өткөрдү
16:15
Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту
16:04
Кургакчылыктан улам быйыл дан эгиндеринин түшүмү 46 пайызга азайды
16:03
Бийликти басып алууга чакырган. ИИМ Орозайым Нарматова эмнеге кармалганын айтты
16:02
Мамлекетке 8 млн. сом зыян келтирген. УКМК Бажыдагы эки кызматкерди кармады
03:29
Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту
03:24
Кыргызстандагы коронавирус. Күзгө карата абал кандай болот?
18:04
Токтогул суу сактагычынын запасы апрелде «өлүк көлөмгө» чейин төмөндөшү мүмкүн
17:58
Бишкек жана Чүйдө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
17:57
Садыр Жапаров кыргызстандык суучул Владислав Шулико менен жолугушту
17:51
Жаңы мектеп ачылары күтүлүүдө. Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт
17:51
Акаев: заман тез өзгөрөт, Суталинов менен Конгантиевдин сүрөтүн илип коюш керек
17:48
Өкмөт Россия менен пошлинасыз бензиндин көлөмүн көбөйтүүнү сүйлөшүүдө
17:47
Алтындан жасалган буюмдар. Даниялык киши кенч таап алды
18:29
Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо. Элчи Жунусов Андижан, Фергана, Наманган облустарында болду
18:29
Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери салыктарды 4,7%га ашык жыйнаган
18:25
ЖК шайлоосу: Кыргызстан 36 округга бөлүндү
18:23
Пакистандыктарга виза берүүнү токтотууга ЖК депутаты каршы чыкты
Бардык кабарлар

ИИМ: “АЯЛДАРДЫН КАТЫШУУСУНДАГЫ ДИНИЙ-ЭКСТРЕМИЗМ БОЮНЧА КЫЛМЫШТАР 24% ГА КӨБӨЙДҮ”

Коом жана проблемалар
2 570
0

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, акыркы 10 жыл аралыгында  аялдардын катышуусундагы экстремисттик кылмыштар 24% га көбөйгөн. Негизинен бул кылмыштарга 35 жашка чейинки аялдар тартылууда. Аялдар эркектердин катарында эле радикалдуу мүнөздөгү агымдарга жаңы мүчөлөрдү тартуу менен алардын принциптерин пропагандалап келишет.

 

ИИМ: “АЯЛДАРДЫН КАТЫШУУСУНДАГЫ ДИНИЙ-ЭКСТРЕМИЗМ БОЮНЧА КЫЛМЫШТАР 24% ГА КӨБӨЙДҮ”

 

Аялдардын экстремисттик уюмдарга кирип кетишинин себеби аялдарга дин таанытуучу расмий мамлекеттик уюмдардын жоктугу дешет  дин боюнча эксперттер. Чынында эле түштүк аймагында 10 чакты  аялдар медресеси болсо, анын баардыгы мамлекеттик эмес окуу борборлору. Демек, жеке окуу борборлор же чет элдик гранттардын каржысындагы мекемелер.

 Мамлекеттик дин комиссиясынын түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын башчысы, Исакбай Мурзабековдун айтымында, чынында эле жергиликтүү администрацияларда дин маселелери бонча иштеген адистер жетишсиз. 

 “Райондук, областтык администрацияларда дин иштери боюнча бир эле адам иштейт. Ал дагы “освобожденный” эмес, башка маселелерге жооптуу, анан бош убактысында гана дин маселесин кошумча кароону жүктөп коюшкан. А бирок бүгүнкү диний кырдаал ойлондура турган чекке жетти да. Андыктан жөн гана штат эмес, “целый” секторлорду ачуу керек. Бир нече адамдарды иштей турган кылып. Антпесе диний стабилдүүлүк жок болсо,  экономикалык стабилдуулук тууралуу сөз кылбай деле койсок болот. Биринчи кезекте тынчтык керек да, биз аны көрүп жатпайбызбы, башка өлкөлөрдөгү болуп жаткан диний себептерден келип чыгып жаткан конфликттер сабак болуусу керек бизге”,- дейт И. Мурзабеков.

 Ошондой эле Ош, Баткен,Жалал-Абад областтык казыяттарында аялдар бөлүмү ачылган. Бирок, анда бирден гана аял адис иш алып барса, алар да атайын кызматтык бирдик менен бекитилген эмес. Мынтип, расмий  органдарынын ишинин чабал жүрүүсүнөн,   радикалдуу уюмдар аялдарды өз катарларына тартууну активдештиришкени байкалууда дешет адистер.

Мурзабековдун айтымында, аялдарды диний экстремисттик уюмдарга, жамааттарга  тартуу, эркектердин тартылуусунан алда канча опурталдуу. Анткени  аялдар өзү менен кошо бүт үй-бүлөсүн,  туугандарын ээрчитип барат, анын үстүнө аялдар тез берилип кетет, сезимтал, жаратылышынан коркок болгон үчүн жаса деген буйруктарын аткара беришет.

 

ИИМ: “АЯЛДАРДЫН КАТЫШУУСУНДАГЫ ДИНИЙ-ЭКСТРЕМИЗМ БОЮНЧА КЫЛМЫШТАР 24% ГА КӨБӨЙДҮ”

 

Октябрь айынын соңунда Ош шаарында  Хизб-ут-Тахрир радикалдуу уюмунун аялдар канатынын лидери кармалган. 33 жаштагы Шаира аттуу аял “Ислам мамлекети” деп аталган диний экстремисттик уюмдун баракчаларын жана дисктерин таркатып жүргөн  жеринен Ош областтык ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан   колго түшүрүлгөн. Тартип сакчыларынын айтымында, былтыр эле бул шектүү делген жаран Сирияга кетип баратканы аныкталып,  Ош-Стамбул багытында учканы жатканда кармалган. Бирок, кийинчирээк далилдер жетишсиз деген негиз менен сот тарабынан  бошотулган.      Ош областтык ички иштер башкармалыгынын басма-сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаевдин айтымында ал кармалганда Шаиранын жанында тыю салынган уюмдарга мүчөлүгүн далидеген  материалдар болгон.

“Анын чөнтөк телефонун текшергенде ал воцапт аркылуу “Ислам мамлекетинин” “боевиктерине” жардам берүү керек деген мүнөздөгү  аудио- видео файлдарды таратып жүргөнү аныкталды. Бул аялга карата КРнын КЖК 299 – беренеси  менен иши козголду”,- дейт Аширбаев.

 Шектүү делген Шаира учурда Ош шаарындагы №25 абакта кармалууда. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

ИИМдин берген маалыматына ылайык, аялдардын катышуусунда диний-экстремисттик кылмыштар 24%га өскөн. Ал эми мамлекеттик дин комиссиясынын түштүк аймагы боюнча башкармалыгына 2015-жылы ички иштер башкармалыгынан теологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн 244 токтом түшкөн.  Ал материалдардын дээрлик баардыгы экстремисттик деп аныкталган. Демек бир жыл аралыгында үгүт жүргүзүү үстүндө кармалган экстремисттердин саны эле 244тү түзүп жатса,  анда кармалбай тымызын үгүт жүргүзгөндөрүнүн саны канча болду экен деген суроо ойлондурбай койбойт.

Жанна АСКАРОВА,

Ош.

скачать dle 11.0фильмы бесплатно