DataLife Engine > Коом жана проблемалар > Абылгазиев тез татым жайындагы өрттүн себебин иликтөөнү тапшырды

Абылгазиев тез татым жайындагы өрттүн себебин иликтөөнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарында кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жарылуунун себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Эске салсак, бүгүн, 8-ноябрда, Бишкектин чок ортосунда -  Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон.

 

Алдын ала маалыматтар боюнча, тез татымдагы жарылуудан 12 адам жабыркаган, алардын ичинде 3 бала бар, жабыркагандардын бири (тез татымдын кызматкери) жеринде каза болду.

Үч бала тез жардам кызматы аркылуу Балдардын шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга коё берилди.

Бишкек  шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна тогуз адам жеткирилди. Алардын абалы боюнча кошумча маалымат берилет.

Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20191108/1046174749/abylgaziev-tez-tatym-ort-iliktoo-zhardam.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад