DataLife Engine > Коом жана проблемалар > Агроөнөр жай секторунда “Мыкты чарбакер” сынагы боюнча 14 наамдын жеңүүчүлөрү аныкталды

Агроөнөр жай секторунда “Мыкты чарбакер” сынагы боюнча 14 наамдын жеңүүчүлөрү аныкталды

Айыл чарба министрлиги КРнын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин жана айыл чарба ишканаларынын арасында "Мыкты чарбакер” наамына конкурс аяктагандыгы жөнүндө жарыялады.

Конкурс КРнын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин жана айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгүн, айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүдөгү, жаңы жумуш орундарын түзүү ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлдү.

Конкурска райондук мамлекеттик администрациялардын сунуштарынын жыйынтыгы боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан арыз берүү жолу менен КРнын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлери жана ишканалары катышты.

"Мыкты чарбакер” наамына сынак боюнча ХIV номинация өткөрүлдү. Конкурстук сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөндөгүлөр аныкталды:
  • КРнын органикалык чарбаны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” номинациясына "Сан Планет Органик” ЖЧК
  • КРдагы балык тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” номинациясына Чүй облусунун Токмок шаарындагы "Аквапром” ЖЧК
  • "Агроөнөр жай комплексиндеги мыкты инновация үчүн” номинациясына "Кант-Сут” ЖЧК
  • "Айыл чарба чөйрөсүндөгү мыкты стартап үчүн” номинациясына "Ат-Башы-Сүт” ЖЧК
  • "Агроөнөр жай комплексиндеги илимий жетишкендиктери үчүн” номинациясына Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун арпанын селекциясы жана баштапкы үрөнчүлүк бөлүмү
  • "Мал чарбасындагы жетишкендиктери үчүн” номинациясына Кадамжай районундагы "Эркин-95” фермердик асыл тукум чарбасы
  • "Үлгүлүү асыл тукум мал чарбасы” номинациясына "Агрофирма Чабрец” ЖЧК
  • "Үлгүлүү үрөнчүлүк чарбасы” номинациясына "Аталык Групп” ЖЧК
  • "Үлгүлүү айыл чарба кооперативи” номинациясына Ош облусунун Чоң-Алай районундагы "Чоң-Алай Агро” кооперативи
  • "Мыкты айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жана өндүрүүчү” номинациясына Талас облусундагы "Эмилия” ЖЧК
  • "Мелиорациядагы жетишкендиктери үчүн” номинациясы КАйыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын Нарын мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын башчысы Анарбек Сокеевге ыйгарылды
  • "Мыкты механизатор” номинациясы Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын трактористи Базарбай Аширбаевге ыйгарылды
  • "Мыкты багбан” номинациясы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын фермери Азамат Мажиковго ыйгарылды
  • "Мыкты ветеринар” номинациясы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун лабораториясынын жетекчиси Медетбек Батыровго ыйгарылды.

https://kg.economist.kg/news/2022/10/21/agro-n-r-zhaj-sektorunda-mykty-charbaker-synagy-bojuncha-14-naamdyn-zhe-ch-l-r-anyktaldy/
скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад