DataLife Engine > Коом жана проблемалар > Нефтетрейдерлер ассоциациясы: февралда күйүүчү май дагы кымбаттайт

Нефтетрейдерлер ассоциациясы: февралда күйүүчү май дагы кымбаттайт

Нефтетрейдерлер ассоциациясы: февралда күйүүчү май дагы кымбаттайт  Баалардын өсүшү январь айында да байкалган

Февраль айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 4-6 пайызга кымбаттай турганын КРдин Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга күйүүчү майга былтыркы жылдын аягынан бери дүң баанын өсүп жатканы себеп болууда.

 


"Мисалы, быйылкы жылдын январь айында дүйнөлүк рынокто майдын баасы акыркы үч жыл ичиндеги эң жогорку чекке жетти (баррели 69 доллардан жогору). Ошондой эле Россияда өндүрүлгөн күйүүчү майларга Өзбекстан менен Казакстан тараптан суроо-талап күчөдү. Акыркы айда Россияда бензиндин дүң баасы 3-5 пайыз, дизель майыныкы жети пайызга өстү. Мындан улам Кыргызстанда февралда да орточо эсеп менен майдын баасы 4-6 пайызга кымбаттайт", — деп айтылат билдирүүдө.

 

Баалардын өсүшү январь айында дагы байкалган. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бензин — 0,8 сомго (2 пайыз), дизель майы 2 сомго (5 пайыз) жогорулаган.

Ошондой эле нефтетрейдерлер баа саясатын жөнгө салып, кескин кымбаттоолорго жол бербөөгө аракет кылынып жатканын кошумчалашты.

Ал эми газдын баасы феврель айына карата сегиз тыйынга арзандады. Калк үчүн бир куб метри 14,34 сом, ишканалар менен бюджеттик уюмдар үчүн 17,59 сом деп аныкталды.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20180206/1037618830/fevralda-kujuuchu-maj-kyjmbattajby.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад