Алгач Япониянын командасы алдыда келе жаткан.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Россиянын Ростов-на-Дону шаарында өткөн Бельгия менен Япония командаларынын оюну 3:2 эсебинде бельгиялыктардын жеңиши менен аяктады.
Алгач Япония атаандаштын дарбазасына эки ирет катары менен гол киргизип, алдыга чыккан. Андан соң Бельгия эсепти теңеп, оюндун 94-мүнөтүндө үчүнчү гол киргизди да жеңишти япониялыктардан жулуп кетти.
Андан мурунку оюнда Бразилия командасы мексикалыктарды утуп, чейрек финалга чыккан.
Дагы: https://sputnik.kg/sport/20180703/1039987685/belgiya-yaponiyany-uttu.html