Словакиянын Трнава шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов коло байгеге ээ болду.
Махмудов алгачкы айлампадагы кармаштарда Иран жана Белоруссиядан барган балбандарды ири эсеп менен жеңип жер караткан.
Белгилей кетсек, ушул эле дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Эрбол Бакиров 63 килограмм салмак категориясында күрөшүп алтын тагынды.
Дагы: https://sputnik.kg/sport/20180918/1041167082/akzhol-mahmudov-dujno-chempionaty-kolo.html