Football-rankings.info Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы февралдагы FIFA рейтингинде төрт сапка артка кетет деп эсептейт. Учурда улуттук команда 91-орунда турат.
Буга чейинки божомолдору туура чыгып келген сайттын серепчилеринин айтымына караганда февралдагы рейтингде Кыргызстан командасы 95-орунда болуп калышы мүмкүн. Топтогон 1250,44 упайдын саны 14кө кыскарат. Аталган рейтинг 7-февралда жарыяланмакчы.
Мурунку рейтинг жаңыланганда (20-декабрь) Кыргызстандын курама командасы биринчи жолу Азия кубогуна катышкан. Тайпалык оюндарда Кытай менен Түштүк Кореянын оюнчуларына утулуп, бирок филиппиндер менен болгон беттеште 3:1 эсебинде жеңишке жеткен. Жыйынтыгында кыргызстандык оюнчулар С тайпасында үчүнчү орунду ээлеп, плей-офф оюндарына чыгууга мүмкүнчүлүк алган.
Жарым чейрек финалда Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчулары менен кездешип, 3:2 эсебинде жеңилген. Бирок оюнга көз салган башкы калыстын пенальти белгилеши бир топ кайчы пикирлерди жараткан.
Татыктуу оюн көргөзгөн футболчуларды мекенине келгенде эл шаан-шөкөт менен тосуп алып, президент мамлекеттик сыйлык ыйгарган.
Кыргызстандын футбол боюнча курма командасы 2018-жылы жазда FIFA рейтингинде рекорддук көрсөткүчкө жетип 75-орунга чейин жеткен.