Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:06
Студент кыз таксиде баратып жаш келинди төрөтүп алды. Казакстандагы окуя
12:10
Мэрия автотыгынды азайтуунун айласын тапты. Багыты өзгөрө турган жол
10:37
Атамбаевдин жактоочусу кылмыш куугунтугун токтотууну өтүндү. Соттун жообу
16:06
520 миң доллар пара менен кармалган Азимкан Жусубалиевдин жазасы жеңилдеди
16:01
Милиция: Бишкекте адашып кеткен эне үйүнө аман-эсен жеткирилди
15:54
ИИМ Фарид Ниязовдун тергөөчүлөргө карата арызына жооп берди
15:07
Иш издегендерге кулак кагыш. Компаниялар кызматкер караштырат
16:53
Милиция жардам сурайт! Адам өмүрүнө забын болгон айдоочу изделүүдө
16:44
Кыргыз-өзбек чек арачылары "душмандарга каршы" машыгуу өткөрдү. Сүрөттөр
11:49
Баңгизат жасоо үчүн 1,5 тонна күкүрт кислотасын ташып бараткандар кармалды
11:41
Жумабеков дүйнө чемпиону Муртазалиевди кабыл алып, сыйлады. Сүрөт
11:11
Табышып койгула! Бишкекте 13 жаштагы кыз жоголуп кетти. Сүрөт
10:55
Кичи-Кеминде Карылар күнү белгиленди
10:43
Үй алууга ниеттенип жаткан 34 жаштагы Чолпон турмушка чыгып, максаты өзгөрдү
15:34
Депутат: жүк ташыган вагон жетпей, атышууга чейин барып жатышат
15:00
Атамбаевдин жан сакчысы Сагымбаевдин камактагы мөөнөтү узартылды
13:43
Бишкектин оңдолуп бүткөн 14 көчөсү жарыктандырылууда. Сүрөттөр
11:13
Кой-Таш окуясында башына таш тийген Самат Курманкулов сүйлөп калды
13:16
Финпол финансы министрин суракка чакырып, ведомствону тинтүүгө алганы айтылды
13:14
Кыргызстанда атайын жолдомолорго электрондук кезек түзүү сунушталып жатат
13:00
Кыдыкстан. БУУда Кыргызстан деген сөздү айта албай кыйналышты
11:20
Бишкекте автобустук жаңы каттам ачылат
11:13
Жогорку соттун төрайымы алдыдагы төрт жылда жасалчу иштерди айтты
13:32
Элдин керексиз "диагностика" менен кантип алданып жаткандыгын адис айтып берди
10:55
Кыргызстандагы үч оорукана бейтаптардан акы ала баштайт
12:51
Прокуратура: Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши менен таанышып бүттү
10:30
Ак-Талаанын үч айылында Калифорния калканчасы катталды
10:14
Нарын районунда жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чара уюштурулду
10:09
Бутубуз сынганына карабай иштеп жүрдүк: Гүлзада айымды айылдагылар «Жаны жок айым» деп аташат (сүрөт)
15:33
Шыкмаматов тажик тараптын "бул биздин жер" дегени кайдан чыкканын айтты
14:56
Быйыл Кыргызстандагы сулуулук сынагына өзгөчө кыз катышат. Видео
14:32
"Эч качан көргөн эмес!" Роналду атасы жөнүндө айтканда ыйлап жиберди. Видео
14:03
Бишкекте жол курууга тоскоол болгон турак үйдүн дарбазасы түрттүрүлдү. Сүрөт
13:01
Чүй: милиция жоголгон өспүрүмдү издеп жатат. Сүрөт
13:21
Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү казуу иштеринен улам 23 күнгө жабылмакчы
13:20
Отко май чачпагыла! УКМК элге эскертүү берди
10:14
Камактагы Алмазбек Атамбаев уулу жана аялы менен жолукту
16:36
"Ала-Тоо" аянтынан чачкын сатуучулар менен оюн жайлары алынууда. Сүрөт
16:11
Ичеги-карын рагы болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистердин жообу
11:09
Суусамырдагы жайлоодо калың карда калган чабандар куткарылууда
09:32
Мугалимдер бир күндө 6000 сом алышабы? Лунара Мамытовага жооп
09:41
Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди
09:33
Депутат: Бишкектеги жеке мектептерде кыргыз тили менен тарыхты окутуу керек
17:12
Суусамыр жайлоосунда карда калган малды алып чыгуу үчүн трактор тартылды
16:25
Бишкекте өтчү марафонго атактуулар да катышат
Бардык кабарлар

Болушу мүмкүнбү? Ысык-Көлдү айлана чуркаган жоокер боюнча жөө күлүктөрдүн пикири

Спорт
112
0

 Улуттук гвардиянын улук сержанты Кайратбек Рапиев Ысык-Көлдү айланып, 374 чакырымды чуркап өттү. Ал 26-июнда саат 19.00дө Балыкчы шаарынан чыгып, Тоң, Караколду аралап өтүп, 43 саат 55 мүнөт 33 секунд дегенде Чолпон-Атага кирип келген. Бул туурасында Улуттук гвардиянын маалымат кызматы кабарлаган.

Ал эми бүгүн КРдин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев Рапиевге "Аскер кызматындагы өзгөчөлүгү үчүн" II даражадагы медаль тапшырды.

 

Деген менен жоокердин 374 чакырымды чуркап өткөнүнө ишенбей, шек санагандар да болууда. Социалдык тармактын колдонуучулары "мындай болушу мүмкүнбү?" деген күмөндүү ойлорун билдиришүүдө. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги тажрыйбалуу спортчулардын пикирин угуп көрдү.

Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынын Чолпон-Ата шаарындагы өкүлү Владимир Дедов мындай рекорд өлкөдө буга чейин катталбаганын айтты.

"Менин оюмча, ал чуркап өтүшү мүмкүн, ишенсек болот. 27 жашта экен, болуп-толуп турган убагы. Ага деле элди алдоонун кажети жок болсо керек. Анын кандай даярданганын, эмнеге жөндөмдүү экенин көрүшүбүз керек. Ошондон кийин көбүртүп жибердиби же жокпу билинет. Мындай жыйынтыкты көрсөтүү үчүн бир жыл такай машыгуу зарыл. Кыргызстанда мындай рекордду уга элек болчумун. Бирок Белоруссияда досторубуз бир суткада 291 чакырымга чуркачу. 500 чакырымга чуркагандар да болгон. Алар эреже менен канча бир аралыктан кийин жарым саат эс алат. Артынан бирөө жүрүп, азыктандырып турат", — деген пикирин билдирди Дедов.

Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону Дарья Маслова чет өлкөдө эки-үч сутка чуркагандар болорун билдирди.

"Болушу мүмкүн. Кыргызстанда мындай учурду уккан эмесмин. Бирок башка өлкөлөрдө эки-үч сутка чуркагандар болот. Ал жоокер экен, демек, даярдыгы жакшы чыгар. Ал эми меники башкача система, профессионалдык спорт менен машыгам, узак аралыкка чыккан эмесмин", — деди Маслова.

 

2018-жылы Кытайда Шанхай кызматташтык уюму тарабынан уюштурулган марафондо жана быйыл ШКУга мүчө мамлекеттердин эл аралык турниринде (41,1 чакырым) биринчи орунду алган Адилет Кыштакбеков мындай болушу мүмкүн эмес деп эсептейт.

"44 саатта 374 чакырымды чуркап өтө албайт го... Кыйналып калса керек, чуркаш кыйын. Менин оюмча мүмкүн эмес. Биздин машыгуудагы бир айда чуркаган аралыкты кошкондо 600-700 чакырым чыгат", — деди Кыштакбеков.

Кайратбек Рапиев мурда дагы Балыкчыдан Бишкекке чейин чуркап, 22 саатта 190 чакырым аралыкты артта калтырган. Эми америкалык Дин Карнасистин рекордун жаңылоону пландап жатат. Карнасис 2005-жылы 560 чакырымды 80 саат 44 мүнөттө уктабай чуркап өткөн.

Дагы: https://sputnik.kg/sport/20190701/1044907248/ysyk-koldu-aylanyp-churkagan-serzhant-pikir.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно