Бүгүн:

Акыркы кабарлар

09:55
Мүлктөр итбекер сатылган. Прокуратура профсоюздар боюнча маалымат берди
14:48
Күн жылый баштайт. Бир жумага карата аба ырайы
14:33
Аламүдүн айылы эл ташыган 8 автобустуу болду.
12:56
"Ак-Жол" бекети жаңы тартип менен иштей баштады
12:54
"Кант" базасынын авиациясы Жеңиштин урматына арналган аскер парадына катышат
12:51
УКМК 50 миң сом пара алып жаткан "Ошэлектр" ишканасынын эки кызматкерин кармады
12:33
Бишкектен канча сомго үйлүү боло аласыз? Шарты, төлөө мөөнөтү жана дареги
14:08
Шайлоо системасын жакшы билет. Мамкаттоонун жаңы төрагасы тууралуу 5 факты
12:30
Мамэкотехинспекцияга жаңы жетекчи дайындалды
12:21
Элчи кореялык компанияга Кыргызстанда логистикалык борбор курууну сунуштады
12:17
Кыргызстандыктар 24-февралда эс алабы?
11:33
Кыргызстанга акча которуулар 280 млн. долларга кыскарды
14:34
Кумтөр кенинде кызматкер кырсыктап, көлгө түшүп кеткени айтылууда
14:01
Быйыл дыйкандар эмнелерди эксе болот? Айыл чарба министрлигинин кеңеши
13:53
Россия КРге аба чабуулунан коргонуу каражаттарын эмнеге жайгаштырууда. Саресеп
13:52
Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова иштен кетти
13:47
Россиядагы мигранттар үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт
13:37
Россиядагы мигранттар үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт
13:12
"Тегин" сөзүн фамилияга кошууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталды
12:53
Депутат: Сокулукта адамдын өлгөнү тууралуу маалым кат бербей акча жасап жатышат
17:07
Шайлоону утурлай. Ош шаарына каттоого тургандардын саны 34 миңге көбөйдү
10:50
Согуш ардагерлеринин жөлөк пулун көбөйтүү сунушталууда
15:26
Бир күндө 4 миңдей казакстандык Кыргызстандын аймагына өттү
11:45
БШКнын төрайымы Россиядагы мекендештерге парламенттик шайлоо боюнча маалымат берди
14:31
Токаев: КР менен чектешкен аймактагы башаламандыкта каза болгондор бар
14:29
Тизилген долларлар... Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды
13:25
Бишкек: жер тилкелеринин берилиши түз эфирден көрсөтүлмөй болду
12:48
Кыргызстандагы бажы органдарынын 26 кызматкери жазаланды
12:26
Нарын облусу үчүн даярдалган жаңы логотип катуу сынга кабылды
17:18
Министрлик Румыния жана Латвияда акысыз билим алчуларга сынак жарыялады
17:09
Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берери айтылды
11:37
Толук жаңылаш керек! Үч-Коргон ГЭСин оңдоого 145 млн. доллар алынат
11:25
Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт
11:00
Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт
10:37
Министрлик: мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат
13:12
Кытайдагы кыргызстандык айрым студенттерге азык-түлүк жеткирилди
13:01
Кытайда коронавируска каршы чыгарылган россиялык препарат сыналууда
12:36
КР аэропортторун тышкы башкарууга кандай шарт-талап менен берери айтылды
11:59
Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгына биринчи жолу аял жетекчи дайындалды
11:28
Министрлик Индонезияда акысыз билим алуу үчүн сынак жарыялады. Шарт-талабы
11:11
Аликбек Жекшенкулов КРдин Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды
16:51
Ирандын борбору Тегеранга Бишкектен самолёттор түз уча баштады
16:48
Токтогул, Москва райондору менен Таш-Көмүрдүн билим берүү башчыларына сөгүш берилди
16:37
Токтогул, Москва райондору менен Таш-Көмүрдүн билим берүү башчыларына сөгүш берилди
16:36
Прокуратура өлкөдө 3000ден ашуун жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин аныктады
Бардык кабарлар

Тыныбекованы таптаган Изабековдун эмгеги бааланабы? Спорт агенттигинин жообу

Спорт
56
0

Ал арада интернет колдонуучулар спортчуну бийиктикке жеткирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков бааланбай калды деген пикирлерин жазышууда.

Күрөш боюнча чоңдор арасындагы дүйнө чемпионаты 16-22-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өттү. Аялдар күрөшү боюнча мелдеште 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын медаль уткан. Муну менен ал Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпиону болгон биринчи балбан болуп калды.

Спортчу мекенине кайтып келген соң өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков ага үч бөлмөлүү үй тапшырган. Ал эми машыктыруучусуна 200 миң сом акчалай сыйлык берген.

 

Мындан тышкары, Тыныбекованын мамлекет агенттиги берип келген 60 миң сом стипендиясы 75 миң сомго чейин көтөрүлгөн. Бул кыргызстандык спортчуларга берген стипендиянын эң жогоркусу болуп эсептелинет.

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары Айсулуунун жеңишине ыраазычылык билдирүүдө. Ошол эле учурда балбанды дүйнө чемпиону кылган машыктыруучу Нурбек Изабеков бааланбай жатат деген пикирлерин жазып жатышат.

Талант Өмүралиев аттуу колдонуучу балбан кыздын машыктыруучусуна деле батир берип коюшса болмок деген пикирин билдирди.

Назира Айтбекова Нурбек Изабеков тарыхта из калтырганын белгилеп, ал даңкталышы керектигин жазган.

Дагы бир интернет катталуучу Бактыгүл Байдиева Айсулууну дүйнө чемпиону кылган машыктыруучусу экендигин билдирип, өкмөттүн үй берип койгону туура деген.

Мындан улам Кыргызстан маалымат агенттиги Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине кайрылып, күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго мамлекет тарабынан дагы сыйлык берилеби деген суроо берген.

 

Аталган агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурпери Садырбекованын айтымында, жакында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова менен Нурбек Изабековду кабыл алып, сыйлык тапшырары күтүлүүдө.

"Азырынча кандай сыйлык берилери белгисиз. Өкмөт башчы алар менен жакынкы күндөрү жолугат. Спорт агенттиги Тыныбекованын машыктыруучусуна жакшы шарттарды түзүп бергенге аракет кылып келебиз. Жакшы айлыгы бар. Мындан тышкары, балбан кыздар ири мелдеште ийгилик жаратып, премия алса, ал сумманын 25 пайызы жеке машыктыруучусуна берилет. Бирок бул спортчунун акчасынан алат дегенди билдирбейт. Маселен, Айсулуу Азия оюндарынан кийин 1 миллион сом алса, ал өзүндө эле калат. Мамлекет ошол миллион сомдун 25 пайызын машыктыруучуга эсептеп өзүнчө берет", — деди Садырбекова.

Ал мындан тышкары Нурбек Изабековго мамлекет тарабынан КРдин дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер, эмгек сиңирген машыктыруучу наамдары берилгенин кошумчалады.

Изабеков Айсулуу Тыныбекованы он жылдан бери машыктырып келет. Натыйжада ал Кыргызстандын тарыхында Олимпиада (Лондон) оюндарына катышкан биринчи кыз болгон. Ошондой эле алгач ирет чоңдор арасындагы Азия чемпионатын үч жолу жеңип, бир жолу Азия оюндарынын, бир жолу дүйнө чемпионатынын алтын байгесин ала алган

Нурбек Изабеков 1970-жылы 15-февралда Талас районунун Жерге-Тал айылында төрөлгөн. Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. 1988-1989-жылдары СССРдин спорт интернаттары арасындагы чемпионатта алтын медаль уткан, Бүткүл союздук жаштар оюндарында үчүнчү орунду, СССРдин чемпионатында эки ирет коло медаль тагынган. 1995-жылы Филиппиндеги, 1999-жылы Ташкенттеги Азия чемпионатында вице-чемпион болгон.  2000-2007-жылдары күрөш жана бокс боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде методист, машыктыруучу болуп эмгектенген. 2007-2009-жылдары  Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу. 2010-жылдан тарта Кыргызстандын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу.

Дагы: https://sputnik.kg/sport/20191002/1045862848/ajsuluu-tynybekova-nurbek-izabekov-mashyktyruuchu-syjlyk.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно