Ал 67 килограммга чейинки салмак категориясында беттешкен.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Авазбек Аманбеков кикбокстун WAKO версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына башкы машыктыруучу Тахир Марасулов билдирди.
Аманбеков 57 килограммга чейинки салмак категориясында беттешти. Ал финалдык мелдеште түркиялык спортчуну 3:0 эсебинде жеңип алды.
Андан сырткары, кыргызстандык Аброр Хакимов коло медаль утту. Ал 67 килограммга чейинки салмак категориясында беттешкен.