Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:03
Тажик басылмалары КР менен жер алмашуу болгонун жазды. Кыргыз өкмөтүнүн жообу
09:55
Мүлктөр итбекер сатылган. Прокуратура профсоюздар боюнча маалымат берди
14:48
Күн жылый баштайт. Бир жумага карата аба ырайы
14:33
Аламүдүн айылы эл ташыган 8 автобустуу болду.
12:56
"Ак-Жол" бекети жаңы тартип менен иштей баштады
12:54
"Кант" базасынын авиациясы Жеңиштин урматына арналган аскер парадына катышат
12:51
УКМК 50 миң сом пара алып жаткан "Ошэлектр" ишканасынын эки кызматкерин кармады
12:33
Бишкектен канча сомго үйлүү боло аласыз? Шарты, төлөө мөөнөтү жана дареги
14:08
Шайлоо системасын жакшы билет. Мамкаттоонун жаңы төрагасы тууралуу 5 факты
12:30
Мамэкотехинспекцияга жаңы жетекчи дайындалды
12:21
Элчи кореялык компанияга Кыргызстанда логистикалык борбор курууну сунуштады
12:17
Кыргызстандыктар 24-февралда эс алабы?
11:33
Кыргызстанга акча которуулар 280 млн. долларга кыскарды
14:34
Кумтөр кенинде кызматкер кырсыктап, көлгө түшүп кеткени айтылууда
14:01
Быйыл дыйкандар эмнелерди эксе болот? Айыл чарба министрлигинин кеңеши
13:53
Россия КРге аба чабуулунан коргонуу каражаттарын эмнеге жайгаштырууда. Саресеп
13:52
Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова иштен кетти
13:47
Россиядагы мигранттар үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт
13:37
Россиядагы мигранттар үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт
13:12
"Тегин" сөзүн фамилияга кошууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталды
12:53
Депутат: Сокулукта адамдын өлгөнү тууралуу маалым кат бербей акча жасап жатышат
17:07
Шайлоону утурлай. Ош шаарына каттоого тургандардын саны 34 миңге көбөйдү
10:50
Согуш ардагерлеринин жөлөк пулун көбөйтүү сунушталууда
15:26
Бир күндө 4 миңдей казакстандык Кыргызстандын аймагына өттү
11:45
БШКнын төрайымы Россиядагы мекендештерге парламенттик шайлоо боюнча маалымат берди
14:31
Токаев: КР менен чектешкен аймактагы башаламандыкта каза болгондор бар
14:29
Тизилген долларлар... Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды
13:25
Бишкек: жер тилкелеринин берилиши түз эфирден көрсөтүлмөй болду
12:48
Кыргызстандагы бажы органдарынын 26 кызматкери жазаланды
12:26
Нарын облусу үчүн даярдалган жаңы логотип катуу сынга кабылды
17:18
Министрлик Румыния жана Латвияда акысыз билим алчуларга сынак жарыялады
17:09
Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берери айтылды
11:37
Толук жаңылаш керек! Үч-Коргон ГЭСин оңдоого 145 млн. доллар алынат
11:25
Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт
11:00
Электрик, кароолчу, курьер. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы көбөйөт
10:37
Министрлик: мугалимдердин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат
13:12
Кытайдагы кыргызстандык айрым студенттерге азык-түлүк жеткирилди
13:01
Кытайда коронавируска каршы чыгарылган россиялык препарат сыналууда
12:36
КР аэропортторун тышкы башкарууга кандай шарт-талап менен берери айтылды
11:59
Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгына биринчи жолу аял жетекчи дайындалды
11:28
Министрлик Индонезияда акысыз билим алуу үчүн сынак жарыялады. Шарт-талабы
11:11
Аликбек Жекшенкулов КРдин Греция жана Черногориядагы элчиси болуп дайындалды
16:51
Ирандын борбору Тегеранга Бишкектен самолёттор түз уча баштады
16:48
Токтогул, Москва райондору менен Таш-Көмүрдүн билим берүү башчыларына сөгүш берилди
16:37
Токтогул, Москва райондору менен Таш-Көмүрдүн билим берүү башчыларына сөгүш берилди
Бардык кабарлар

Валентина Шевченко беттештерден жарым жылга четтетилди

Спорт
10
0

Ал эми кеченин башкы беттешинде беш раунд бою кармашкан Жонс менен Рейес бир айга чейин эле тыным алган.

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко 2020-жылдын 7-августуна чейин беттештерге катышуудан четтетилди. Мындай чечимди Техастын мелдештерге уруксат берүү жана жөнгө салуу департаменти Хьюстондо өткөн UFC 247 турниринен кийин кабыл алган.

Аталган турнирде кыргызстандык мушкер америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңген. Ал үчүнчү раундда атаандашынын бир колун буттары менен бекитип, муштум, чыканактары менен башка ургулап баштаган. Мындан улам рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон. Натыйжада 31 жаштагы спортчу чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргоп калды.

АКШнын Атлетикалык комиссиясынын эрежеси боюнча, дарыгерлердин комиссиясы турнирлерден кийин мушкерлерди "медициналык себептерге байланыштуу" белгилүү бир убакытка четтетет. Анын убактысы денедеги жаракаттарга байланыштуу аныкталат. Спортчунун жаракаты канчалык олуттуу болсо, ошончолук көп убакыт мелдешке чыкпайт.

 

Департамент жарыялаган документке ылайык, Шевченко беттештерден жарым жылга четтетилди. Ал эми Чукагяндын тыным алуу убактысы жарым айга (25-март) чейин гана созулат. Дарыгерлердин комиссиясы мындай чечимди ийне-жибине чейин түшүндүргөн эмес.

Алдыңкы спорттук басылмалардын жазганына караганда, мындай узак убакытка созулган тыным олуттуу ойлорду жаратат.

UFC 247 турнирине катышкан үч мушкер, анын ичинде Шевченко көпкө чейин беттешке чыкпайт. Ал эми кеченин башкы беттешинде беш раунд бою кармашкан Жон Жонс менен Доминик Рейес бир айга чейин эле тыным алган.

"Балким Шевченко ойлогондон да көп жаракат алды же беттешке чейин эле машыгуу убагында бир жерин оорутуп алган", — деп болжолдогон Heavy спорттук порталы.

Кээ бир ЖМКлар Шевченко менен беттешип нокаутка түшкөн Жессика Айдын деле тынымы төрт айга созулганын жазышты. Анда кыргызстандык мушкер Айды башка тээп кулатып, наамын биринчи ирет коргогон.

​Шевченко менен Чукагяндын беттешин видеодон көрсөңүз болот.

Дагы: https://sputnik.kg/sport/20200213/1047056574/ufc-shevchenko-betteshten-zharym-zhylga-chettedi.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно