Бүгүн:

Акыркы кабарлар

12:52
КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
10:19
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
10:18
Саламаттык сактоо министри менен орун басарынын абалы айтылды
13:38
Кыргызстанда дыйкандар быйыл эмне өстүрүү менен алек.
13:37
ЖК депутаттары 200 миң сом өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алганбы? Түшүндүрмө
13:33
COVID: муфтият бейтаптар үчүн 1500гө жакын орун даярдады
13:07
Жамгыр, добул жана кар жаайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
13:05
600 орундуу “Гансиде” 5 эле кычкылтек концентратору барбы? Министрликтин жообу
13:01
Жээнбеков Бишкектеги күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту.
12:57
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
12:55
Пандемия университетте окууга бөгөт эмес. Билимдин изи менен Россияга карай
12:53
Элге акысыз кеңеш берген психологдордун борбору түзүлдү. Телефон номерлери
16:13
Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү
16:05
Кыргызстанга дагы 200 мобилдик кычкылтек концентратору алып келинди
15:44
Облустар ооруну ооздуктоого кандай даярдык көрүүдө. Ачылган стационарлар
16:18
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар
16:17
Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды
16:15
"Унаа" ишканасынын аймактагы бөлүмдөрү карантинге жабылды
16:05
Жээнбеков бир нече судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту
16:02
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди.
15:56
25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт
15:34
Соль-Илецкиден жол тарткан мекендештердин экинчи тобу келди
15:33
Бишкекте ишкерлер менен ЖК депутаттары 5 күндүзгү стационар ачат
15:32
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
15:29
ӨКМ обсервациядагылар кандай тамактанып жатканын көрсөттү.
14:19
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты
14:18
Жээнбеков облустар аралык каттамды токтотууну сунуштады
14:15
Соль-Илецкиден 963 кыргызстандык Бишкекке алып келинди, дагы 12 автобус жолдо
14:04
"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды
14:04
Россиядан келген кыргыз дарыгерлери кайсы ооруканада иштей турганы айтылды
14:03
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
11:06
Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү
11:01
Жардам бергиле! Сабырбек Жумабеков олигархтарга кайрылды
10:51
Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты
15:26
Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси
15:17
Росавиация 1-августка чейин эл аралык каттамдарга тыюу салды
15:16
Новосибирскиден 186 кыргызстандык атайын каттам менен алып келинди
12:49
Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты
11:54
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жана коңшу өлкөнүн жарандары келди
11:48
Бишкекке Түркиядан 232 кыргызстандык кайтып келди. Арасында балдар бар
15:09
Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду
14:28
Кыргызстанда РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү кандай өттү
11:28
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды.
11:20
Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!
11:19
Мэр Азиз Суракматов COVID-19дан айыгып, ишке чыкты
Бардык кабарлар

Күчүн пайдалана албай койгонбуз... Олимпиада чемпиону Мелентьев жөнүндө 6 факты

Спорт / Интересное
9
0

Ааламды багындырган спортчунун көзү тирүү болгондо быйыл 66 жашка толмок.

Кыргызстан агенттиги дүйнөнүн, Европанын жана Советтер Союзунун бир нече жолку чемпионун кызыктуу фактылар менен эскерет. Анын спорттук жолун, ийгиликтерин жана тагдырын айтып беребиз. 

Өжөр өспүрүм. Белгилүү спортчу Александр Мелентьев 1954-жылы 27-июнда Россиянын Пенза шаарында жарык дүйнөгө келген. Кийин жакындары менен Фрунзеге келип жашап калган. Ата-энеси курулушта иштегендиктен, ал да жаштайынан түйшүкчүл, эмгекчил болуп өскөн. Болочоктогу чемпион мектепте окуп жүргөн кезинде ок атууга кызыга баштаган. 15 жашында анын бул спортко умтулуусун, өжөрлүгүн, чыдамкайлыгын байкаган машыктыруучу шакирт кылып алган. 

Победитель соревнований Дружба-84 в стрельбе из малокалиберного пистолета Мелентьев
© SPUTNIK / ПРОСТЯКОВ
Александр Мелентьев 1954-жылы 27-июнда Россиянын Пенза шаарында жарык дүйнөгө келген. Кийин жакындары менен Фрунзеге келип жашап калган.

Алгачкы ийгиликтер. Мектепти бүткөн соң борбор калаадагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырып, профессионалдык спортко бел байлаган. 18 жашында эле эл аралык даражадагы спорт чебери наамын алып, 25 жашында ок атуу боюнча Кыргыз ССРинин атынан СССРдин курама командасына кирген.

Москвада 1980-жылы олимпиада кандай өткөн?

Олимпиада жана дүйнөлүк рекорд. Спортчу 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарына катышып, бүткүл Советтер Союзун кубанычка бөлөгөн. Ал аталган эл аралык мелдештин алгачкы күнүндө миңдеген спортчулардын ичинен суурулуп чыгып, алтын медалды багындырган. Анда Мелентьев 33 атаандаш менен күч сынашып, 50 метр аралыктан тапанчадан 60 ирет ок аткан. Жалпысынан 581 упай топтоп, дүйнөлүк рекордду жаңылаганга жетишкен. Мелдеште кыргызстандык спортчунун жылдызы жанып, аны куттуктоо үчүн  Советтер Союзунун алты баатыры келген. 

Александр Мелентьев победил в стрельбе из малокалиберного пистолета на 50 метров. Международные соревнования Дружба-84.
© SPUTNIK / ЮРИЙ ПРОСТЯКОВ
1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарына Мелентьев 33 атаандаш менен күч сынашып, 50 метр аралыктан тапанчадан 60 ирет ок аткан. Жалпысынан 581 упай топтоп, дүйнөлүк рекордду жаңылаганга жетишкен.

Дүйнөнү багынткан Александр. Тажрыйбалуу спортчу он жылдай түрдүү мелдештерге катышып, эл аралык аренада өлкөнүн желегин татыктуу желбиреткен. Көзгө атар мерген командасы менен сегиз жолу дүйнөнүн, жети жолу Европанын, 13 жолу СССРдин чемпиону болуп, эки жолу Европа биринчилигинде күмүш медаль тагынып, бир топ мамлекеттерде кадыры зор эле. Рекордчунун 1980-жылдагы жетишкендигин 34 жылдан кийин гана кореялык Чин Чжон О жаңылай алган.

Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?

Чет элдиктердин устаты. Эл аралык класстагы спорттун чебери Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин чет мамлекетке машыктыруучу болуп иштеп кеткен. Бирок аны 1970-жылдардын соңунда эле украиналык аткаминерлер чакырып алууга аракет жасаган. Ал эми 1990-жылдары Мелентьев Жаңы Зеландия, Кувейт, Малайзия, Катар курама командаларын даярдап, кийин АКШда эмгектенген. Он жылдан ашык убакыт ичинде бир топ күчтүү спортчуларды тарбиялаган. 

Золотой призер Московской Олимпиады по стрельбе из произвольного пистолета Александр Мелентьев
© SPUTNIK / ЮРИЙ СОМОВ
Дүйнө жүзүнө белгилүү машыктыруучу 2015-жылы февраль айында Бишкекте 62 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Кыргызстанды кыя албай... Андан соң 2006-жылы Кыргызстанга кайтып келген. Себеби анын бул жакта баласы болгон. Кесиптештери Мелентьев АКШдагы жумушун таштап келгендигине карабастан, анын тажрыйбасын кыргызстандыктар колдоно албай калгандыгын айтып, арман кылышат.

Адамгерчиликтүү, өтө жөнөкөй, кичипейил спортчу биринчи никедеги келинчеги менен бир уулду тарбиялап өстүргөн. Вячеслав Мелентьев атасындай тапанча менен ок атууга ыктап, спорттун чебери болгон.

Учурда экинчи жубайы уулу менен АКШда жашап келет. Дүйнө жүзүнө белгилүү машыктыруучу 2015-жылы февраль айында Бишкекте 62 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон

Дагы: https://sputnik.kg/sport/20200627/1048827381/chempion-aleksandr-melentev-fakty.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик