Чемпионат олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында турат.
Бишкекте бүгүн старт ала турган дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында күч сынаша турчу өлкө спортчуларынын тизмеси белгилүү болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Ага 32 мамлекеттин спортчулары катышат.
Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтмөкчү. Чемпионат олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында турат.
Турнирге катышчу дзюдочу балдар:
- Айбек Кубанычбек — 60 кг;
- Отар Бестаев — 60 кг;
- Артур Те — 66 кг;
- Байбол Саламат уулу — 66 кг;
- Бексултан Султанов — 73 кг;
- Владимир Золоев — 81 кг;
- Эрлан Шеров — 90 кг;
- Юрий Краковецкий — 100 килограммдан жогору;
- Бекболот Токтогонов — 100 килограммдан жогору.
Мелдеште күч сынашчу дзюдочу кыздар:
- Айсулуу Мусакунова — 48 кг;
- Жанар Жолдошева — 48 кг;
- Сауле Алмазова — 52 кг;
- Адина Кочконбаева — 57 кг;
- Ксения Бельдягина — 57 кг;
- Ажар Исаева — 63 кг;
- Айжан Кадырбекова — 63 кг;
- Нагира Сарбашова — 78 килограммдан жогору.
Белгилей кетсек, чемпионатта медалдын 15 топтому ойнотулат. Спорт агенттиги мелдеш көрүүчүсү жок өтөрүн, бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталарын билдирди.
Дагы: https://sputnik.kg/sport/20210406/1052017146/bishkekte-aziya-zhana-okeaniya-chempionaty-bashtalat.html