Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жай менен биргеликте Таяк тартыш федерациясы тарабынан таяк тартыш боюнча Ош облусунун 1-ачык чемпионаты өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Иш-чарага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев, Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри Венера Рыскулова, Ош облусунун жетекчисинин орун басары Данияр Имангазыев жана Таяк тартыш федерациясынын президенти Искендер Алымбеков катышты.
«Билеги күчтүүлөрдүн күчүн сынаган бул мелдеш окуу жайдын чоң жыйындар залында жогорку деңгээлде өттү. Аталган чемпионат Ош шаарында биринчи ирет өткөрүлүп жатат. Ага Бишкек шаары, Баткен облусу жана Ош облусунун райондорунан келген спортчулар жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, кызуу мелдеш көрсөтүштү.
Иш-чаранын башкы максаты спорт чөйрөсүн кеңейтүү, облустар аралык ынтымакты бекемдөө жана жаш спортчуларды шыктандыруу болуп саналат. Спорттун таяк тартыш түрүн жайылтууга да багытталат», - деп айтылат маалыматта.
Мелдеште жалпы кыздар жана балдардан куралган 8 команда ат салышып, жыйынтыгында 3-орунду Ош мамлекеттик университети, 2-орунду ОшМПнун колледжи ээледи. Ал эми 1-орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасы багындырып, жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Республикалык деңгээлде таяк тартыш боюнча ачык чемпионат жыл сайын 3 ирет өткөрүлүп турат. Учурда таяк-тартыш өлкөдө популярдуу спорттун түрүн толуктап, жаштар арасында кенен жайылууда. Чемпионаттын кийинки туру Бишкек шаарында өткөрүлөт.
https://osh.turmush.kg/news:451157