Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандары Монголиядагы Азия чемпионатында жалпы үч алтын жана үч коло медаль жеңди.

Мелдештин алгачкы күнүндө 63 кг салмакта Тынар Шаршенбеков килем үстүнө чыкты. Ал алгачкы индиялык, кийин өзбекстандык, финалда казакстандык балбандын далын жерге басуу менен алтын медалды камсыздады. Шаршенбеков Кыргызстандын курамасынын ичинен азырынча үч атаандашынын далысын жерге тийгизип жеңген жалгыз спортчу болду.

Ошол эле күнү Токио Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов дагы күрөшкө чыкты. Башында ирандык спортчуну оңой-олтой утканы менен жарым финалда Олимпиада оюндарынын чемпиону Ким Хён Уга кез келди. Бул беттеште тескерисинче, кореялык балбан кыргызстандык спортчунун далын жерге басып жеңип алганга аз калды. Бирок Махмудов тырышчаактыгын көрсөтүп, далын бастырган жок. Жыйынтыгында 4:1 эсебинде кыргыз балбаны финалга чыкты. Финалда Акжол казакстандык балбанды эки упайлык көтөрүп чапканы, жеңишти алып келген ыкмасы болду. Эсеп 3:1, Акжол Махмудов Азиянын чемпиону болду.

Эске салсак, Акжол Махмудов 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында дагы алтын алган. Мындан улам ал Азиянын эки жолку чемпиону болду.

Кийинки Кыргызстандын куржунуна коло медалды Роман Ким алып келди. Ал 130 кг салмакта турнирдин чейрек финалынан баштап катышты. Алгачкы атаандашы казакстандык Алимхан Сыздыковго жеңилип калды. Бирок Сыздыков финалга чыккандыгы үчүн коло байгеге күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло үчүн кармашууда Роман Кимдин япониялык атаандашы Арата Сонода белгисиз себептерден улам килем үстүнө чыккан жок. Мындан улам жеңиш кыргызстандык спортчуга берилди.

Мелдештин экинчи күнүндө Жоламан Шаршенбеков күчүн сынады. Ал 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, монголиялык, анан казакстандык спортчуну артта калтырды. Финалда Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехри Мохсен менен күрөштү. Кармаш кызуу башталып, кыргызстандык балбан партерде Мехри Мохсендин белин бекем кучактап, оодарып жибергенде ирандык балбан кабыргасынан жаракат алды. Ирандык балбан күрөшө албай турганын билдиргенде жеңиш Шаршенбековго берилди.

Кыргызстандын курамасынын дагы бир спортчусу Адилхан Нурланбеков 72 кг салмакта турнирдин башында ирандык балбанга жеңилүү ызасын тартты. Бирок ирандык балбан финалга чыккандыгы үчүн Нурланбеков коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анда өзбекстандык Мирзабек Рахматовго каршы чыкты. Күрөштүн биринчи бөлүгүндө өзбекстандык балбан үч упай алып, алдыда келе жаткан. Экинчи бөлүктө Нурланбеков дагы үч упай алып, эсепте 3:3кө өзгөрттү. Акыркы упайды кыргыз балбаны алгандыгы үчүн жеңиш Адилхан Нурланбековго берилди.

Дагы бир балбан Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынды.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө. Эртең, 21-апрелден баштап Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы килем үстүнө чыга баштайт.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

http://kg.kabar.kg/news/aziia-chempionatynda-grek-rim-k-r-sh-boiuncha-balbandar-zhalpy-3-altyn-3-kolo-zhe-di/