
Турнирдин биринчи күнүндө алдын ала раунддар, ошондой эле чейрек финал жана жарым финалдын баскычтары болду.
Реклама
Калы Сулайманов 63 кг чейинки салмактагылар арасында күч сынашып, жарым финалда ирандык спортчу Мохаммади Нурбакшини 3:0 эсебинде утуп алды.
Кыргызстандык балбан чечүүчү кармашта казакстандык Кудайберген Турсунов менен күрөшүп, 7:2 эсебинде жеңишке жетишти. Ушул эле салмак даражада Урмат Аматов коло байге багындырды.
К.Сулаймановдун байгеси аталган турнирде Кыргызстан үчүн экинчи алдын медаль болду. Буга чейин 60 кг чейинки салмактагылар арасында Каныбек Жолчубеков алтын медаль тагынган болчу.
http://www.turmush.kg/news:339224