Биринчиликтин тандоо туру Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өттү.
Оюндун экинчи мүнөтүндө эле Ислам Шамшиев гол киргизди. Ал эми үч мүнөт өткөндөн кийин Антон Землянухин топту дарбазага киргизип, биринчи тайм 2:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктады.
Экинчи тайм башталганда Землянухин дагы бир гол киргизип, ата мекендик курама команда 3:0 эсебинде алдыга чыкты. Кийин мьянмалыктар бир топ киргизүүгө жетишсе, кыргызстандыктар жооп катары дагы эки гол салып 5:1 эсебинде жеңишке жетишти.
Бул жеңиш Кыргызстан курама командасын 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алууга шарт түздү. Кыргызстан ал чемпионатка биринчи жолу катышмакчы.
Ата мекендик курама топ 27-мартта Индия менен ойнойт. Улуттук команда жеңилип калган учурда да жолдомо жокко чыгарылбайт.
Дагы: https://sputnik.kg/sport/20180322/1038290533/kyrgyzstan-futbol-myanma.html