Бүгүн:

Акыркы кабарлар

10:29
Эки күндүк майрам! Ошто эл аралык жарманке өтөт
10:28
Салтанат Саматованын сөөгү кайда коюлары айтылды
10:27
Аарылар адамдарды жүзүнөн тааный алары аныкталды
10:26
Теле алып баруучу Салтанат Саматова каза болду
10:25
Ага-ини Муртазалиевдер Азия оюндарына барат. Жиу-житсучулардын тизмеси
10:24
Стресс аялдарга караганда эркектердин өмүрүн көп алат. Себеби
10:23
Чүй облустук театры "Тоолор кулаганда" романын сахнага алып чыгат
14:53
Сулайманов: бийликтегилер "жигит" бойдон кала алабы?
14:49
Алайда сел жүрүп тажик жарандары бара жаткан жол тандабас агып кетти. Видео
14:46
"Америка, кайыр кош! Бизди чөгөлөтө албайсың!". Эрдогандын билдирүүсү
14:45
Жээнбеков Кыргызстан алакасын жакшырта турган өлкөлөрдү атады
14:44
Азаматтар! КР кикбоксчулары Борбор Азия чемпионатынан алтын кур тагынышты
14:43
ЖК төрагасы депутаттардын кол тийбестигин калтырууну өтүндү. Жээнбековдун жообу
14:42
Оңолбек Каныбек уулу туу көтөрөт. Азия оюндарында ат салышчу волейболчулар
14:41
Бостериде көлгө чөгүп каза болгон 25 жаштагы кыздын сөөгү табылды
14:41
WhatsApp атайын кызматка колдонуучулардын маалыматын берүүгө мажбур болду
14:40
Жээнбеков жаңы стратегиянын Атамбаевдикинен эмне артыкчылыгы бар экенин айтты
14:39
КРде браконьерчилик, зыяндуу курт-кумурска менен күрөшкөн 8 дрон пайда болот
14:38
Жүрөк "шуу" дейт экен! Мотоциклчен киши аз жерден калган видео
09:32
Кыргыз режиссерлорунун жакында тартуулай турган тасмалары.
14:26
Бишкекте унаа мамыны сүзүп, эки каттамдын троллейбустары ишин токтотту
14:22
Чүйдө ГЭС-5 суусуна чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды
14:10
Бишкекте күйгөн эт комбинатын кантип өчүрүп жатышат.
09:38
Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп жатат
09:13
Окумуштуулар: узак уктоо ден соолукка зыян
15:04
Амансызбы, бурадар? Өлкөдө: 10.15. "Балам, кымыз ичип кет". Билем анын кандай экенин
15:01
Балыкчыда топтошкон балдар милицияга карата ок атышты
15:00
Арманым аттын башындай! Прокуратуранын WhatsApp номерине үч миң киши арызданды
14:55
Юстиция министри кызматынан бошотулду
14:51
Чүй облусунда жоголгон таксисттин сөөгү талаадан табылды
14:49
Чемпион болуп келгиле! Жээнбеков Азия оюндарына жол тарткан спортчуларды узатты.
16:29
Кызыл-Кыяда туруктуу турак жайы жок үй-бүлөлөргө 25 батирлүү үй курулуп жатат
16:24
Жаштардын демилгеси: Кара-Кечүү айылында 600 орундуу мечит жана волейбол аянтчасы курулууда
14:24
Өзбекстан эми той-аштарга ылайыктуу ырлардын тизмесин түзмөй болду © Sputnik / Евгений Одиноков АЗИЯ
14:20
Ташкентте Кайгуул-күзөт кызматынын башчысын иш бөлмөсүнөн бычактап кетишти
14:17
Таластын Казактан менен чектешкен тоосунда кайрадан өрт тутанып кетти
14:15
Аламүдүн РИИБин жетектей турган Талантбек Асаналиев деген ким?
14:09
Ысык-Көлдө эс алып жаткан Казакстандын жараны жүрөгү кармап каза болду
14:04
Карегин агыза сайган күйөөсүн кечирген аял. Июлдагы 8 криминалдык окуя
14:02
Миграция кызматы: РФтеги мигранттарга 36 млн. рублден ашык акчасын өндүрүп бердик
11:15
Кадамжайдын Миң-Чынар айылында тигүү цехи ачылып, 8 адам жумуш менен камсыз болду
11:11
Баткенде эне сүтүн даңазалаган акция флешмоб жана жөө жүрүш менен коштолду
11:07
Баткен районунда жарым жылда сүйүнчү пул алууга 993 адам катталды, - ЖААК
11:00
Баткендин Бужум айылында заманбап спорт зал курулуп жатат
10:54
Баткендин Көк-Таш айылында курулуп жаткан насостук станция 70 гектар жерди суу менен камсыздайт
Бардык кабарлар

Манас Ниязов: аябай ызаланып калгам, бул мелдешти сөзсүз утуш керек болду

Спорт
237
0

Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жогорку лигасынын финалында Ош облусунун "Достук" командасы Талас дубанынын "Ынтымак" командасын жеңип, көптөн күткөн өлкө чемпиону титулуна ээ болду. Анда командага жеңиш алып келген үч улактын баарын тайказанга Манас Ниязов таштады. Ошондой эле ал "Мыкты оюнчу" наамын да утуп алган.

Көк бөрүчү менен мелдештен кийин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков маектешти.

— Жеңиш кут болсун, Манас мырза! Оюнда жеңишти камсыздаган үч улактын баарын сиз таштадыңыз, буга таң калгандар көп болууда.

— Соңку кырдаалдарга аябай ызаланып калгандыктан, бул мелдешти сөзсүз утуш керек болду. "Ынтымак" күчтүү команда, оюнчулары да катуу ойношту. Негизинен кыл чайнашкан беттеш болду десем жаңылбайм.

Кээде бир улакчынын колу жибип кетет да, эңсең илешпей, ыргытканың тайказанга түшпөй колуң жүрбөй калат. Кечээ менин колум жибип, оомат келген экен. Улак колго тийип, ыргытканда эле түшүп турду. Албетте, бул командалык оюн болгондуктан мында баарынын эмгеги бар. Айбек Темирбаев жекеме-жекеде өзгөчө чеберчилик менен улакты алып чыгып мага ашырып жатты.

Игрок национальной сборной по кок-бору Манас Ниязов
© ФОТО / ФЕДЕРАЦИЯ КОК-БОРУ КР
Игрок национальной сборной по кок-бору Манас Ниязов

— Бул мелдешке "Достук" комадасы канча убакыт даярданды?

— Негизи команда бир айдан ашык даярданды. Мен оюндан бир күн мурун гана келип кошулдум. Ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам ушундай болуп калды.

— Көк бөрүдө аргымак негизги ролду ойнойт эмеспи. Сиз минген "Бойканын" мүнөзү кандай, аны башка адамдар мине алабы?


— Ноорузда "Бойканы" кичине семизирээк чыгарып алып бир аз кыйналгам. Мында эт таштап табына келип калгандыктан жакшы оюн көргөздү. Анын мүнөзү катаал, оозу абдан катуу, оңой менен баш бербейт. Адамды алып качмай жайы бар. Былтыр Астанадагы көк бөрү чемпионатына мен барбай калып, атымды алып кетишкен. Ал жакта беш-алты бала минип көрүп, анча эптей албай коюшкан. Анын тилин мен гана таптым көрүнөт, экөөбүз бири-бирибизге көнүп калганбыз. "Бойка" мен үчүн жаралган окшойт деп ойлоп кетем. Учурда алты жашта, аны үч жылдан бери чаап жүрөм. Биринчи мингенде эле мыкты ат болорун сезгем.

 

— Кечээ тайказанга улак таштаган сайын өзүңүз ыргып түшүп жаттыңыз. Жаракат алган жоксузбу?

— Бул чечүүчү оюн болгондуктан, жаныңды берип ойношуң керек. Болгон күч-аракетимди жумшап жаттым. Ден соолугума зыян келген жок. Кудай сактасын, аламан улакта да, көк бөрүдө да буга чейин оор жаракат алган учур болгон эмес.

— Сиз катышкан кайсы мелдештер менен сыймыктанасыз?

— 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстандын курама командасы менен болгон беттеш өзгөчө эсимде калды. Анда финалда төрт жолу улак таштап мелдештин жалпы жыйынтыгы менен "Мыкты чабуулчу" наамына ээ болгом. Эми III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдана баштайбыз.

— Кыргызстандан башка өлкөгө да барып турасызбы?

— Агаларым менен Өзбекстан, Тажикстанга чейин барып аламан улак чаап келебиз. Ал жакта да көп досторубуз бар. Кыш түшөрү менен күн кур эмес, ар жакта аламан улак өтүп үйгө турбай калабыз. Анда өзүмдүн атымды бир күн чапсам, кайра 10 күндөй эс алдырып, башка бирөөлөрдүн аты менен чыгам. Ал эми "Бойка" команданын аты болгондуктан, көк бөрүгө гана минем.

— Көк бөрүдөн сырткары башка жумуш менен алектенесизби?

— Өзгөндө айылдык кеңештин депутатымын.

Игрок команды Достук Манас Ниязов во время игры на турнире по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке

— Башка дагы кайсы спорттун түрүнө кызыгасыз?

— Кээде футбол ойноп турам.

— Мелдештерге даярдыктарды кантип өткөрөсүздөр?

— Улак тартуудан сырткары машыгуу залдарына барабыз, тоого чыгып чуркайбыз. Ушундай жолдор менен булчуңдарды, дене мүчөнү бир калыпта сактайбыз.

— Сизге Кыргызстандын башка командаларынан же Казакстандан чакыруу түшкөн эмеспи?

— Казакстандан сунуш түшкөн эмес, бирок биздин башка командалар чакырышкан. Баарынан баш тартып келем. Намыс керек да.

— Кыргызстандагы көк бөрүчүлөрдүн арасындан кимди өзүңүзгө негизги атаандаш деп эсептейсиз?

— Азыр күчтүү оюнчулар көп, бирөө-экөөнү бөлүп айтуу кыйын. Оюн талаасында менин позициям чабуулчу, бул жолдо көбүнчө "Ынтымактын" Сейитбек Анарбек уулу, Нуржан Мелисбек уулу деген чабуулчулары менен кармашып калам.

Игрок команды Достук Манас Ниязов во время игры на турнире по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке

— Бир тууган агаларыңыз да улак чабат. Алар эң кичүү инисинин күчтүү чыгышына кандай баа беришет?

— Чынын айтканда агаларым менден күчтүү. Байыш агам мага аябай жакшы жардам берип, көп нерселерди үйрөтүп турат. Анан, албетте, ар бир жетишкен ийгиликтериме кубанып алкап турушат.

— Улак чаап баштагандан тарта аламан улактан, көк бөрүдөн уткан байгелериңизди эсептеп көрдүңүз беле?

— Анысы белгисиз. Орто эсеп менен алганда бир жылда аламан улактан эле төрт-беш машина, 20 тай, 10 төө, 10 торпок жана башка акчалай сыйлыктарды утам.

— Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз.

— Атам 64, апам 63 жашта. Алар айылда дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенип келишкен. Ата журт тараптан да, тага журт жактан да көп улакчылар чыккан. Атам өзү да улак чабат. Демек бул менин канымда бар десем болот.

— Социалдык тармактарда сизге кат жазгандар көп болсо керек. Алар сизден көбүнчө эмне жөнүндө сурашат? Жооп берип сүйлөшүп турасызбы?

— Ооба. Жазгандар аябай эле көп. Казакстандык кыздар да жазып калышат. Мен тууралуу билгенге кызыгып көп суроо беришет. Айрым учурда сүйлөшүп коём, бирок баарына тегиз жооп бере албай калам.

Игрок команды Достук Манас Ниязов во время игры на турнире по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке

— Күйөрман кыздарыңыздын көп экени байкалып турат. Учурда сүйлөшкөн кызыңыз барбы, дегели үй-бүлө курууну качанкыга пландадыңыз?

— Азыр жеке жашоо жөнөндө айтпай эле койгонум туура болот го. Негизи быйыл күздө үйлөнөйүн деп жатам.

— Күйөрмандарыңызга кеңеш катары айтып кетсеңиз, мыкты улакчы болуу үчүн эмне кылыш керек?

— Улакчы болуу үчүн адегенде улак чаап гана машыгуу керек. Анан атты көп миниш керек. Калганы акырындык менен жолго түшөт.



Дагы: https://sputnik.kg/sport/20180511/1039101549/ulakchy-manas-niyazov-menen-maek.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно