DataLife Engine > Спорт > Иззат Артыков баштаган оор атлетчилер Таиландда күчүн сынайт

Иззат Артыков баштаган оор атлетчилер Таиландда күчүн сынайт

Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасы Чиангмайда (Таиланд) өтө турчу эл аралык Egat Cup мелдешине барат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, 7-9-февраль күндөрү өтө турчу Egat Cup турнири Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо ала турчу бирден-бир мелдеш болуп эсептелет.

"Олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн спортчу ар бир олимпиадалык циклда алты эл аралык мелдешке катышып, лицензияга упайларды чогултуусу керек. Дүйнөлүк рейтинг боюнча ар бир салмактык категориянын алдыңкы 14 орунун ээлеген спортчуга Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берилет", — деп айтылат маалыматта.

Ага өлкө атынан Иззат Артыков (67 килограмм) менен Бакдөөлөт Расулбеков (96 килограмм) катышат. Спортчуларды ага машыктыруучу Өмүржан Молдодосов коштоп барат.

Мелдешке катышуу үчүн улуттук курамага Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан 452 миң сом бөлүнгөн.

Дагы: https://sputnik.kg/sport/20190207/1043221275/oor-atletchi-tailand-meldesh-katyshat.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад