DataLife Engine > Спорт > Азамат! Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева Олимпиадага жолдомо алды

Азамат! Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева Олимпиадага жолдомо алды

 Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева (Архипова) 2020-жылы өтчү Токио Олимпиадасына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстанга спортчунун машыктыруучусу Татьяна Борисова билдирди.

Андреева бүгүн, 8-сентябрда, Нур-Султан шаарында өткөн Astana Marathon 2019 эл аралык марафонуна катышып, биринчи орунду ээлеген. Ага байгеге бир миллион теңге (500 миң сом) берилгени айтылат.

"Юлия 42 чакырым аралыкты 2 саат 28 мүнөт 42 секундада чуркап өттү. Олимпиадага жолдомо алуу үчүн 2 саат 29 мүнөт 30 секундалык норматив коюлган", — деди машыктыруучу.

Муну менен Андреева Токио Олимпиадасына жолдомо алган экинчи спортчу болду. Буга чейин сууда сүзүү боюнча 19 жаштагы Денис Петрашов лицензия утуп алган.


Дагы: https://sputnik.kg/sport/20190908/1045651052/yuliya-andreeva-olimpiadaga-zholdomo-aldy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад