DataLife Engine > Спорт > Олимпиадага упай топтолот. Бишкекте спорттун беш түрү боюнча мелдеш өтөт

Олимпиадага упай топтолот. Бишкекте спорттун беш түрү боюнча мелдеш өтөт

Бишкекте заманбап спорттун беш түрү (пятиборье — ред.) боюнча эл аралык мелдеш өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Турнир эл аралык класстагы спорт чебери, дүйнө чемпиону Юрий Хоришкого арналып, 27-29-сентябрь күндөрү болот.

"Мелдеш Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн упай топтоо максатында өткөрүлөт. Ошондой эле аталган спорттун түрүн өнүктүрүүнү жана жайылтууну көздөйт", — деп айтылат маалыматта

Турнирге 18 мамлекеттин спортчулары келиши күтүлүүдө. Алар Россия, Испания, Түркия, Латвия, Бразилия, Казакстан, Болгария, Италия, АКШ, Украина, Венгрия, Грузия, Япония, Финляндия, Гватемала, Жаңы Зеландия жана Таиланд.

 

Өлкө намысын алты кыз жана алты бала коргомокчу. Турнир жеке жана командалык эсеп боюнча жүргүзүлөт.

Мелдештин түрлөрүнө фехтование, сууда сүзүү, эркектер арасында ат чабыш, чуркап баратып ок атуу жана ат минүү кирет. Андан тышкары, жаштар жана чоңдор арасында эстафета каралган.

Дагы: https://sputnik.kg/sport/20190926/1045803093/bishkek-zamanbap-sporttun-besh-turu-meldesh.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад