DataLife Engine > Спорт > Ксения Палкинанын энеси теннисчи кыздын Францияда кармалышы тууралуу айтты

Ксения Палкинанын энеси теннисчи кыздын Францияда кармалышы тууралуу айтты

 Теннисчи Ксения Палкинанын апасы жана машыктыруучусу Марина Палкина Sputnik Кыргызстан агенттигине кызынын Франциядагы турнир учурунда кармалышынын чоо-жайын айтып берди.

Буга чейин Франциянын бир катар ЖМКларында кыргызстандык Ксения Палкина менен өзбекстандык Альбина Хабибулинанын кармалганын жазып чыгышкан. Теннисчи кыздар байге фондусу 25 миң долларды түзгөн ITF Gonesse турниринде алдын ала сүйлөшүлгөн оюн өткөрүштү деп шектелүүдө. Маалыматта спортчуларды 23-24-сентябрь күндөрү Клермон-Ферран шаарында өткөн ITF турниринен алып кетишкен. Мында кыздар жуптук оюнда күч сынашмак.

 

Ксениянын энеси кызын 24 саатка камалганын тастыктап, шектелип жаткан иш башка экенин айтып берди.

"Бүгүн кызым менен сүйлөштүм. Чын эле бир суткага камалып чыгыптыр. Маселе Ксения менен оюн талаасына чыга турган өзбекстандык кыздын паспорту боюнча жаралыптыр. Ал спортчу кызды корттон эле кармап кетишкен экен. Ксения аны менен бир номерде жашачу, мындан улам менин кызымды да алып кетип, 24 сааттан кийин кое беришиптир. Ксенияга эч кандай шектенүү же айыптоо болгон жок", — деди Марина Палкина.

Спортчунун энеси Ксения ушул ишемби күнү Кыргызстанга кайтарын, келери менен расмий билдирүү жасай турганын белгиледи.

Дагы: https://sputnik.kg/sport/20190927/1045817962/kyrgyzstandyk-tennischi-kyzdyn-franciyada-karmalyshy.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад