DataLife Engine > Спорт > Өзбекстан менен беттешке Кыргызстандан капитан баш болуп мыкты 3 футболчу катышпайт

Өзбекстан менен беттешке Кыргызстандан капитан баш болуп мыкты 3 футболчу катышпайт

Өзбекстандын курама командасы менен болгон жолдоштук беттешүүдө кыргызстандык командадан жарым коргоочу Алимардон Шукуров, коргоочу Виктор Майер жана капитан Валерий Кичин футбол талаасына чыкпайт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Мелдеш эртең, 9-ноябрь күнү, Ташкент шаарында 2022-жылкы дүйнө чемпионатына даярдануунун алкагында өтөт. Эске салсак, кыргыз футболчулары 14-ноябрь күнү япониялык, 19-ноябрда тажикстандык атаандаштары менен беттешет. Эки оюн тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда болот.

"Валерий Кичин, Алимардон Шукуров жана Виктор Майер Ташкенттеги оюнга катышпайт. Алар Бишкекке кийинчерээк Япония жана Тажикстан футболчулары менен беттешүүгө келет", — деп айтылат билдирүүдө.

Футбол федерациясы матчты түз алып Кыргызстанга көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Дагы: https://sputnik.kg/sport/20191108/1046174907/kyrgyzstan-uzbekstan-futbol.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно



Вернуться назад